Абитуриентке
Окууга тапшыруу үчүн эмне керек?
Бюджеттик орундарга биздин адистиктерге кабыл алуу үчүн негизги тесттен (ОРТ) ийгиликтүү өтүп, негизги тест боюнча 110 упайдан ашуун балл топтоо зарыл, ал эми кошумча предметтик тест (физика же математика) боюнча 60 баллдан ашык болушу керек.
Контракттык орундарга биздин адистиктерге кабыл алуу үчүн негизги тесттен (ОРТ) ийгиликтүү өтүп, негизги тест боюнча 110 упайдан ашык балл топтоо талап кылынат.
Университетке кабыл алуу үчүн төмөнкү документтер керек:
- ОРТнын жыйынтыктары
- Орто билим тууралуу документ (аттестат), диплом
- 6 даана 3*4 см көлөмүндөгү сүрөт
- Паспорт, аскердик күбөлүк же аскер билет
Кафедра бакалаврларды, магистранттарды, докторлорду жана аспиранттарды күндүзгү (бюджеттик жана контракттык) жана дистанциялык окуу формалары боюнча даярдайт, багыттары жана профилдери:
650200 «Металлургия»
— Түстүү металлдардын металлургиясы, бакалавр;
— «Бакыр, жез жана түстүү металлдардын өндүрүшүндө заманбап энергияны үнөмдөөчү технологиялар» программасы – магистратура;
650001 «Түстүү металлдардын металлургиясы»
— «Түстүү металлдардын металлургиясы» – инженер металлург;
— «Пайдалуу кендерди байытуу» – инженер-байытуучу.
Бүтүрүүчүлөр үчүн жумуш орундары:
- Тоо-кен өндүрүш ишканалары (ЗИФ, ОФ ж.б.)
- Өндүрүштүк ишканалардын башкаруу структуралары
- Изилдөө институттары (Илимдер академиясы, ЖОЖдор, колледждер)
- Жеке ишкерлик
Бүтүрүүчүнүн анкета (жаш адис үчүн)
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Тоо-металлургиялык институтунун академик У. Асаналиев атындагы «Пайдалуу кендерди байытуу жана металлургиялык процесстер» кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү!
2024-жылы мамлекеттик аккредитациядан өтүүгө даярдык алкагында, Сиздерден анкетадагы суроолорго жооп берүүнү суранабыз. Бул Сиздердин окуу учурунда алынган кесиптик сапаттардын Сиздин кесиптик ишмердүүлүгүңүз үчүн маанилүүлүгүн баалоого жардам берет. Кызматташканыңыз үчүн рахмат!

