АБИТУРИЕНТ-2025! И. Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балтадагы филиалына кош келиңиз!
Биздин филиал – булсуракка ээ кесипке алып баруучу жол! Биз техникалык адистерди заманбап программалар аркылуу окутуп, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна жардам беребиз.
Эмне үчүн бизди тандаш керек?
Заманбап окутуу технологиялары жана практикага багытталган программалар. Техникалык, инженерия жана IT тармагында келечектүү адистиктер. КМТУнун диплому – Кыргызстандын алдыңкы техникалык университетинен. Студенттер үчүн ыңгайлуу билим берүү чөйрөсү жана колдоо.
Окуу формалары
Бакалавриат – техникалык адистикте профессионал болууну каалагандар үчүн. Орто кесиптик билим берүү – 9-класс жана 11-класстан кийин окууга мүмкүнчүлүк.
Өз адистигиңизди тандап, келечекке кадам таштаңыз!
Филиал тууралуу видео
Жогорку кесиптик билим алууга талапкерлер үчүн маалымат
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта ш. Филиалы орто кесиптик билим берүү адистерин даярдоо программасын ишке ашырат (2019-жылдын 26-июлундагы № С2019-0076 / 02 лицензиясы):
Шифр
Багыты
Окуу мөөнөтү (базасында)
9-кл.
11-кл.
280105
Өзгөчө кырдаалдарда коргоо (Күндүзгү / Сырттан)
2 жыл 10 ай (күндүзгү) Сырттан – жок
1 г. 10 м(күндүзгү) 2 г. 10 м.(cырттан)
080302
Коммерция (тармактар боюнча) (Күндүзгү)
2 жыл 10 ай (күндүзгү)
1 г. 10 м. (күндүзгү)
190701
Транспортту уюштуруу жана башкаруу (транспорттун бардык түрлөрү, аба транспорту тышкары) (Күндүзгү)
2 жыл 10 ай (күндүзгү)
1 г. 10 м. (күндүзгү)
230111
Компьютердик системаларда программалоо (Күндүзгү)
2 жыл 10 ай (күндүзгү)
1 г. 10 м. (күндүзгү)
-
STEM билим берүү менен башталгыч класстарда окутуу (Күндүзгү)
2 жыл 10 ай (күндүзгү)
1 г. 10 м. (күндүзгү)
130502
Газ жана мунай түтүктөрүн жана кампаларын куруу жана эксплуатациялоо (Күндүзгү)
2 жыл 10 ай (күндүзгү)
1 г. 10 м. (күндүзгү)
270103
Имараттарды жана курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо (Күндүзгү / Сырттан)
2 жыл 10 ай (күндүзгү) Сырттан – жок
1 г. 10 м(күндүзгү) 2 г. 10 м.(cырттан)
280201
Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо (Күндүзгү)
2 жыл 10 ай (күндүзгү)
1 г. 10 м. (күндүзгү)
080403
Товар таануу жана керектөөчү товарлардын сапатын экспертизалоо (Күндүзгү)
2 жыл 10 ай (күндүзгү)
1 г. 10 м. (күндүзгү)
140212
Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) (Күндүзгү)
2 жыл 10 ай (күндүзгү)
1 г. 10 м. (күндүзгү)
140206
Электр станциялары, тармактар жана системалар (Күндүзгү)
2 жыл 10 ай (күндүзгү)
1 г. 10 м. (күндүзгү)
Күндүзгү окуу үчүн окуу акысы – 24 000 сом.
Орто кесиптик билим берүү (ОКБ) алуу үчүн 9- жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү, мектепти дистанттык түрдө аяктаган учурда, экзаменсиз кабыл алынат.
Жогорку кесиптик билим алууга талапкерлер үчүн маалымат
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы Филиалы төмөнкү багыттар боюнча бакалавр даражасын ыйгаруу менен абитуриенттерди кабыл алат (2019-жылдын 26-июлундагы № D2019-0038 / 05 лицензиясы):
Шифр
Багыты
Окуу мөөнөтү
580300
Коммерция (Күндүзгү)
4 жыл (күндүзгү)
630400
Мунай-газ иши (Күндүзгү / Сырттан)
4 жыл (күндүзгү)
5 жыл (сырттан)
550800
Кесиптик билим берүү (Күндүзгү)
4 жыл (күндүзгү)
700200
Техникалык системаларды башкаруу (Күндүзгү)
4 жыл (күндүзгү)
670200
Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (Күндүзгү / Сырттан)
4 жыл (күндүзгү)
5 жыл (сырттан)
640200
Электроэнергетика жана электротехника (Күндүзгү / Сырттан)
Жогорку окуу жайларына тапшырган мектеп бүтүрүүчүлөрү Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
Маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча университеттердин, колледждердин (техникумдардын) бүтүрүүчүлөрү, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары кабыл алынат.
Орто кесиптик билим алуу үчүн, 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү мектепти дистанциялык жол менен бүтүрүшсө, сынаксыз кабыл алынышат.
Кыргыз Республикасынын жалпы республикалык тестирлөө сертификаты (ЖРТ).
3x4 өлчөмүндөгү алты сүрөт;
Абитуриенттин паспорту же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтер (аскердик кызмат өтөгөндөр үчүн - каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк же аскердик билет);
Талапкерди толук мүнөздөгөн башка документтер (олимпиадалардын дипломдору, спорттук мелдештер, сертификаттар).
Чет элдик жарандар үчүн
1. Тиешелүү билим жөнүндө документ;
2. Арыз ээсинин паспорту же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтер;
3. Аскер күбөлүгүнүн көчүрмөсү (аскердик кызмат өтөгөндөр үчүн);
4. 3x4 - 6 даана сүрөттөр.
5. Справка №086.
Студенттер жатакана менен камсыз болушат!
Социалдык жардам
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта ш. Филиалы студенттерин социалдык колдоо жөнүндө жобого ылайык, айрым категориядагы адамдарга, жетим балдарга, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн студенттерине контрактты төлөөдө олуттуу жеңилдиктерди берет.