Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кыргыз-Герман техникалык институту


Кыргыз-Герман техникалык институту

 

Кыргыз-Герман техникалык институту (КГТИ) И. Раззакова атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университетинин (КМТУ) бирден-бир перспективдүү жаңы түзүлгөн институттарынын бири болуп саналат.

КГТИнин тарыхы Кыргыз Республикасынын жана Германия Федеративдүү республикасынын президенттеринин ортосунда түзүлгөн келишимге кол коюу менен Кыргыз-Герман техникалык факультетинен (КГТФ) башталган. КГТИнин негиздөөчүлөрү болуп И.Раззаков атындагы КМТУ жана Бойт атындагы Берлин техникалык институту саналат.

КГТИге биринчи кабыл алуу «Электроэнергетика», «Машине куруу өндүрүшүнүн технологиясы, жабдуулары» багыттары боюнча бюджеттик негизде 50 студентти түзгөн. 2007-жылдан тартып «Телематика», «Логистика» багыттары боюнча бакалаврларды даярдоо башталган.

2013-жылы КГТФ КГТИ статусуна ээ болуп, көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду. 2014-жылдан тартып  КГТИни андан ары өнүктүрүү жолу өлкөнүн өндүрүшүн өнүктүрүүгө керектүү багыттарды жана кесиптерди ачуу менен башталган. Бүгүнкү күнү КГТИнин курамына «Телематика», «Механика жана өндүрүштүк инженерия», «Чет тилдер», «Логистика» кафедраларын жана «Немец тил», «Praxispartnerschaft» жана «КГТИнин  координациялык» борборлорун камтыйт. Аталаган кафедралар өнөр-жай өндүрүштөрүнө керектүү кесипкер бакалаврларды, магистрлерди даярдап келишет.

КГТИ-бүгүн 800 гө жакын студенттер, 80 ден ашуун профессор, доцент, ага окутуучулар. Учурда КГТИ де Германиянын, Австриянын, Швейцариянын, Америка кошмо штаттарынын, Канаданын профессор, доценттери окуу сабактарын өткөрүп келүүдө. Институтта Казакстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Түркменистандын, Таджикистандын, Ирандын жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн жарандары билим алып келишет. Бүгүнкү күндө КГТИ де «Электроэнергетика жана электротехника» («Электр зардечилик системдериндеги релелик коргоо жана автоматташтыруу», «Энергиянын калыптанма булактары», «Гидроэнергетика» «Энергиянын альтернативдүү булактары»), «Логистика» («Транспорт логистикасы», «Ишкердик логистикасы»),  «Машине куруу», «Колдонмо механика» (Техникада компьтердик үлгүлөө), «Телематика» («Телематика кызматтары»), «Тамак-аш инженериясы», «Биотехникалык системалар жана технологиялар» («Биомедициналык инженерия»), «Колдонмоматематика», «Тамак-аш технологиясы», «Материал таануу жана материалдардын технологиясы»,  «Текстиль жана теринин технологиясы» жана  «Полиграфия» багыттары боюнча бакалаврларды, магистрлерди даярдоо ишке ашырылып келүүдө.

КГТИнин өнүгүшүнө институттун өнүгүү тарыхынынын ар кайсы мезгилинде жетектеп келген декандар: Апышев Ж.А. (2004-2006 ж.ж.), Омуралиев У.К. (2006-2008 ж.ж.), Рыспаев Т.А. (2011-2013 ж.ж.), Чыныбаев М.К. (2009-2010 ж.ж.), Усупкожоева А.А. (2009-2011 ж.ж.) чон салымын кошуп келишкен. 2014-жылдан тартып КГТИнин директору болуп т.и.к., профессордун м.а. Усупкожоева А.А. саналат.

Кыргызстанда Европалык жогорку билим берүү зонасын түзүү максатында институтта окутуу билим берүүнүн Болон системасы боюнча жүргүзүлөт. Болон процессинин принциптерине ылайык КГТИ де эки баскычтуу билим берүү: бакалавриат жана магистратура киргизилген. Институтта түзүлгөн кадрларды даярдоо бүтүрүүчүлөрдүн практикалык ишмердүүлүгүнүн талаптарына тез айкалышына жана машине куруу, энергетика, тамак-аш, логистика, медицина жана башка ушул сыяктуу тармактарда алдынкы орундарга жетишүүсүнө шарт түзүлөт.

Институт түзүлгөндөн тартып, жогорку квалификациядагы кесипкөйлөрдү даярдоо максатында эл аралык байланышты өнүктүрулүүдө. Жакшы окуган студенттер үчүн Герман академиялык алмашуу уюмунун (ДААД), Евро биримдигинин колдоосунун алкагында Германиянын алдынкы техникалык университеттеринде бакалавриатта, магистратурада семестр ичинде окуу, белгилүү ишканаларда практика өтүү, жайкы мектептерге катышуу каралган. Окууда эң жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн студенттер Германиянын окуу жайларында бакалавр, магистр иштерин жазуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ боло алышат. КГТИ түзүлгөндөн тартып 400 дөн ашуун студенттер жогоруда аталган мүмкүнчүлүктөргө ээ болушуп, Германиядан билим алып келишүүдө.

Бүгүнкү күнү КГТИнин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда гана эмес, Германиянын, Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Казакстанда, Өзбекстанда, Россияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө иштеп келишүүдө.

КГТИге абитуренттерди тартуу максатында жайкы мектептер Германияда гана эмес, Кыргызстанда да өткөрүлүп келүүдө. 2015-жылдан тартып «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду менен биргеликте СТЕМ долбоору ишке ашырылып келүүдө. Бул долбоордун алкагында кышкы, жазгы мектептер кыздарды инженердик кесипке тартуу максатында өткөрүлүп келет. Бишкек шаарынын окуучуларына кышкы мектеп, жазгы мектепти өткөрүү 2015-жылдан тартып өзүнүн жакшы көрсөткүчтөрүн берип келет. Бул мектептерди өткөрүүнүн негизги максаты болуп КГТИ де болгон багыттар менен кененирээк тааныштыруу саналат. Мектептерди өткөрүү программасы немец тил сабагын, ОРТга даярдануу курсун, багыттар боюнча мастер класстарды камтыйт. Мындан сырткары окуучулар үчүн Кыргызстандын белгилүү ишканалары боюнча экскурсия уюштурулуп берилет.

2013-жылдан тартып Германиянын студенттери үчүн ДААДнын колдоосу менен жайкы мектептер уюштурулуп келет. Бул мектептин алкагында Токтогул, Камбар-Ата ГЭСтеринде окуу-тааныштыруу практикалары жана Ысык-Көлдө ар кандай программалар уюштурлуп келет. Мындай интернационалдык жайкы мектептерди уюштуруу менен кыргыз немец студентеринин ортосунда маданият байланыштары бекемделип, саясий абалга карабастан мамлекет ортолук достуктун андан ары улануусуна шарт түзүлөт.

Бүтүрүүчүлөрдү сапаттуу даярдоо максатында окуу процессине Кыргызстандын жана Германиянын белгилүү окумуштуулары тартылып келет. Институттун негизделгенинен тартып Германиянын белгилүү университеттеринде 70тен ашуун окутуучу-профессордук курам өзүнүн квалификацияларын жогорулатып келүүдө. Жыл сайын 30 дан ашуун Германиянын профессорлору өзүнүн лекция, практикалык сабактарын КГТИнин студенттери үчүн уюштуруп келишет. Мындан сырткары И.Раззаков атындагы КМТУнун окутуучулары үчүн ар кандай тематика боюнча семинарлар уюштурулат. КГТИде «ДААДнын сендич моделинин» алкагында немец жана кыргыз студенттери менен биргеликте дипломдук иштерди жазуу адатка айланган. Жыйынтыгында Германиянын профессорлорунун жетекчилиги астында лаборатордук стенддер иштелип чыгат.

Студенттер менен академиялык алмашуу жана КГТИнин окутуучулар курамынын квалификациясын жогорулатуу ДААД грантынын алкагында жүргүзүлүп, мамлекет ортолук кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзүлөт. ДААД грантынын алкагында КГТИнин көптөгөн лаборатордук базалары керектүү жабдуулар менен камсыздалып келүүдө. Мындан тышкары аталган гранттын алкагында окуу процесс 400 дөн ашык немец тилиндеги окуу куралдары менен камсыздалган.

КГТИ нин өнүгүүсүнө эң чон салым кошкон профессорлор болуп: экс вице президент Герлитц Г, эл аралык бөлүмдүн башчысы Борхерт К., бүгүнкү күндө жетектеген президент Гросс М., вице президент Крамп М., профессорлор: Клайшродт К., Пааш К., Бонгардс М., Хюнс Т., Фойхофф Л., Хамбрехт К., Шюринг И., Кирхбергер Р., Саляйн М., Хорниг Й., Боде К., Пашедак А. Ульманн В., Каммаш Г., Граубаум Д. жана башкалар. Ошондой эле Кыргызстанда ДААД борборунун жетекчилери: Циммерман Г., Дюммлер Я. жана КГТИ деги ДААД лекторлор: Динтера Х., Книспель Э. КГТИнин өнүгүүсүнө алгылыктуу салымдарын кошуп келишкен.

КГТИ келечекте өзүнүн билим берүү спектрин андан ары өнүктүрүүгө, Кыргыз республикасынын өндүрүшүнө керектүү, жогорку профессионалдуу кесипкерлерди даярдоого багыт алып келет. Институттун жетекчилиги жана окутуучу-профессордук курам окуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында окуу процессине жаны инновациялык технологияларын киргизүү менен көптөгөн арактеттерди жасап келишет.  Жеке эле окуу процессине көңүл бурулбастан, илимий иштерди эл аралык денгээлде жүргүзүү дагы институттун негизги максаттарына кирет. Бул жаатта окутуучу-профессордук курам гана илимге тартылбастан, студенттер дагы илимий-техникалык конференцияларга активдүү катышып келишет.