B2B Жолугушуулар
«Өнүгүү үчүн өнөктөштүк» эл аралык тоо форумунун алкагында бизнес өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, тармактык эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ортосунда түз байланыштарды орнотууга багытталган B2B-жолугушуулар өткөрүлөт.
B2B-жолугушуулардын максаты — натыйжалуу диалог түзүү, өнөктөштөрдү табуу, тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн платформа түзүү болуп саналат. Катышуучулар өз долбоорлорун жеке тааныштырып, биргелешкен иштин келечегин талкуулап жана өз ара аракеттенүүнүн так кадамдары боюнча макулдаша алышат.
B2B-жолугушуулар төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:
• потенциалдуу өнөктөштөр менен ишкерлик байланыштарды түзүүгө;
• инвестициялык жана өндүрүштүк долбоорлорду талкуулоого;
• тиешелүү тармактардын өкүлдөрү менен байланыштарды орнотууга;
• инновациялык чечимдерди жана иштеп чыгууларды сунуштоого;
• биргелешкен демилгелерди жана макулдашууларды баштоого.
B2B-переговорлордун форматы форумду жөн гана талкуу аянтчасы эмес, катышуучулардын ортосундагы реалдуу кызматташтыкты өнүктүрүүчү натыйжалуу инструментке айлантат.
