Профессор Ж. Апышев ат. Электр энергетика кафедрасы
Профессор Ж. Апышев ат. Электр энергетика кафедрасы
Профессор Ж. Апышев ат. Электр энергетика
кафедрасынын башчысы:
Айна Бакасовна Бакасова,
техникалык илимдеринин доктору, профессор
БӨЛҮМ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Профессор Ж. Апышев атындагы Электр энергетика кафедрасы
Дареги: 720044, Кыргызстан, Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 66, 5-корпус, 102-каб.
Телефон: +996 (312) 54-51-49
Факс: +996 (312) 54-51-62
E-mail: bakasovaaina@kstu.kg
Сайт: www.kstu.kg
БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Бакалаврларды даярдоо
- 640200 «Электр энергетика жана электр техника» багыты боюнча:
- «Электр станциялары»
- «Электр энергетикалык системдер жана тармактар»
- «Электр энергетикалык системдерди релелик коргоо жана автоматташтыруу»
- «Электр техника жана маалыматтык технологиялар» багыты боюнча:
- «Электр энергетика жана автоматташтыруу технологиялары»
Магистранттарды даярдоо
- 640200 «Электр энергетика жана электр техника» багыты боюнча:
- «Электр станциялары»
- «Электр энергетикалык системдер жана тармактар»
- «Электр энергетикалык системдерди релелик коргоо жана автоматташтыруу»
- «Электр техника жана маалыматтык технологиялар» багыты боюнча:
- «Электр энергетика»
Аспирантура
05.14.02 – Электр станциялары жана электр энергетикалык системалар илимий адистиги боюнча жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо.
КАФЕДРАНЫН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ
Кыргыз ССРинде инженердик-техникалык кадрларга муктаждык курч болуп, Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) техникалык факультетине биринчи кабыл алуу 1952-жылы болгон. Бул факультеттин базасында 1954-жылы Фрунзе политехникалык институту (ФПИ) уюштурулуп, ал көп жылдар бою СССРдин мыкты он техникалык жогорку окуу жайларынын катарына кирген. 1957-жылы Фрунзе политехникалык институтунда (ФПИ) "Электр станциялары, тармактары жана системдери" кафедрасы уюштурулган. Кафедранын негиздөөчүсү жана биринчи башчысы - т.и.к., доцент В. А. Андреев, ошол эле учурда ФПИнин окуу жана илимий иштери боюнча проректору болгон. Өлкөнүн эл чарбасы үчүн электр инженерлеринин биринчи бүтүрүүчүлөрү 1959-жылы окуу жайды аякташкан.
1962-1969-жылдары «Советтик энергетиканын отличниги» ардактуу наамынын ээси Е.В. Шонин кафедра башчысы жана энергетика факультетинин деканы болгон. 1969-1975-жылдары кафедраны т.и.к., доцент К. Р. Рахимов жетектеген. 1972-жылы «Электр станциялары, тармактары жана системдери» кафедрасынан «Өнөр жай ишканаларын, шаарларды жана айыл чарбасын электр менен камсыздоо» кафедрасы бөлүнүп чыккан жана кафедра «Электр станциялары» деп аталды.
«Электр станциялары» кафедрасын жетектегендер:
- 1975-жылдан 1978-жылга чейин т.и.к., доцент и. Н. Василенко;
- 1978-жылдан 1984-жылга чейин т.и.к., доцент К. Р. Рахимов;
- 1984-жылдан 1988-жылга чейин т.и.к., доцент Ю. П. Симаков;
- 1988-жылдан 2008-жылга чейин т.и.д., профессор Дж.А. Апышев.
1994-жылы кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу «Электр станциялары» кафедрасы «Электр энергетика» кафедрасы болуп аталып калган жана студенттерди үч профиль боюнча даярдоо башталган: «Электр станциялары», «Электр энергетикалык системдер жана тармактар», «Электр энергетикалык системдерди релелик коргоо жана автоматташтыруу».
Кафедранын иштеген жылдарында, анын материалдык-техникалык базасы кыйла кеңейди жана илимий потенциалы өстү. Техника илимдеринин доктору, профессор Дж.А. Апышевдин жетекчилиги алдында кафедрада алты кандидаттык диссертация аткарылып жана ийгиликтүү жакталды, 2004 – жылы Кыргыз-Герман техникалык факультети түзүлөөрү менен «Электр энергетикалык системдерди релелик коргоо жана автоматташтыруу» адистиги боюнча бакалаврларды даярдоо башталган.
2008–2020 жылдары профессор Дж. Апышев атындагы «Электр энергетика» кафедрасын техника илимдеринин доктору, профессор Т.А. Джунуев жетектеген. Бул мезгилде кафедранын лабораториялык базасы жаңыланып, жаны лабораториялык стендтер алынып, кафедранын окуу полигонунда кичи-энергосистеманын линиясынын физикалык модели курулган.
2020-жылдан баштап бул кафедраны техника илимдеринин доктору, профессор А. Б. Бакасова жетектейт, анын ишмердүүлүгү окуу процессин андан ары өркүндөтүүгө жана кафедранын илимий-изилдөө иштерин ийгиликтүү жүргүзүүгө багытталган.
2004 – жылдан азыркы учурга чейин кафедра 640200 «Электр энергетика жана электр техника» багытындагы бакалаврларды – «Электр станциялары», «Электр энергетикалык системдер жана тармактар», «Электр энергетикалык системдерди релелик коргоо жана автоматташтыруу» багыттары боюнча кабыл алууну жана даярдоону жүргүзөт, ал эми 2024-жылдан тартып Кыргыз-Герман техникалык институтунун базасында (КГТИ) «Электр энергетикасы жана автоматташтыруу технологиялары» адистиги боюнча «Электр техника жана маалыматтык технологиялар» багытындагы бакалаврларды даярдоо ачылган.
2003 – жылдан азыркы учурга чейин кафедра 640200 «Электроэнергетика жана электротехника» багытындагы магистрлерди – «Электр станциялары», "Электр энергетикалык системдер жана тармактар», «Электр энергетикалык системдерди релелик коргоо жана автоматташтыруу» магистрдик программалар боюнча кабыл алууну жана даярдоону жүргүзөт, ал эми 2024-жылдан тартып КГТИнин базасында «Электр энергетика» магистрдик программасы боюнча «Электр техника жана маалыматтык технологиялар» багыты боюнча магистрлерди даярдоо ачылган.
2000-жылдан баштап кафедра жогорку квалификациялуу кадрларды – аспиранттарды жана докторанттарды даярдоо менен алектенет, алар артыкчылыктуу 05.14.02 - Электр станциялары жана электр энергетикалык системдери илимий адистиги боюнча илимдин кандидаты жана доктору даражасын алышат. Бүгүнкү күндө 14 изденүүчү диссертациялык изилдөөлөрүн ийгиликтүү аткарып жатышат.
Кафедранын окутуучулук курамы: 2 профессор, илимдин доктору; 1 КМТУнун профессору, илимдин кандидаты; 6 доцент, илимдин кандидаты; 1 КМТУнун доценти; 6 улук окутуучу; 2 окутуучу.
Кафедранын жамаатына эки лабораториянын башчысы, бир методист, бир лаборант кирет.
Кафедранын профессорлору жана окутуучулары Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин тапшырмасы боюнча илимий-изилдөө иштерин аткарышат.
КАФЕДРАНЫН МАКСАТЫ
- Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн электр энергетика тармагын Электр энергетикасы (анын ичинде санариптик электр энергетикасы) жаатында теориялык жана прикладдык билимдерге ээ, тез өзгөрүп туруучу маалыматтык процесстин шарттарында заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен кесиптик иштин тандалган чөйрөсүндө техникалык, аналитикалык, илимий маселелерди чече алган сапаттуу квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу;
- электр энергетика, электр техника жана алар менен байланышкан башка тармактарда фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү, тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүү.
ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮК
Кафедранын кызматкерлери тарабынан акыркы 5 жылда изилденип жаткан Кыргызстандын электр энергетикасынын көйгөйлүү жана актуалдуу маселелери:
- Кыргызстандын шартында тоо электр чубалгысынын концепциясын иштеп чыгуу;
- 220–500 кВ жогорку чыңалуудагы тоо электр чубалгыларынын диагностикасы;
- 220-500 кВ тоо электр чубалгыларында короналык разряддан болгон электр энергиясынын жоготууларын азайтуу ыкмаларын изилдөө;
- Изоляциядагы жарым-жартылай разряддарды аныктоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу;
- 6 кВ жана андан жогорку тармактардагы кыска туташуу токторунда шар чагылган кубулушун изилдөө;
- Автономдуу (бир нече) чакан электр станцияларынын, стохастикалык мыйзам менен өзгөрүлүүчү, жүктөмгө параллель иштешинин туруктуулугуна изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн, алардын математикалык жана физикалык моделдерин иштеп чыгуу;
- Электр энергетикалык системалардагы электр магниттик коопсуздукту камсыз кылуу максатында электр магниттик кырдаалды башкаруу.
- 2035 - жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын электр тармактарын келечектүү өнүктүрүүнүн схемасын иштеп чыгуу;
- Чакан ГЭСтерди энергосистемага кошуу схемалары (өзүн-өзү ойготуучу генераторлор менен жана энергосистеманын колдонуудагы тармактарынан дүүлүктүрүү менен) жана алардын коромжулуктардын жалпы көлөмүнө, көлөмүнө жана аларды азайтуу жолдоруна таасири. Калк үчүн учурдагы социалдык тарифтештирүүдө ЭКБ иштеп чыгуучу электр энергиясынын тарифтеринин энергия системасынын жалпы экономикалык абалына тийгизген таасири;
- Тоо магистралдык, системалар аралык жана мамлекеттер аралык электр берүү линияларынын иштөө өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана учурдагы жана келечектүү линиялардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча илимий негизделген сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын электр энергетикасынын көйгөйлөрүн стандарттуу эмес техникалык чечимдер менен жеңүү;
- Бөлүштүрүлгөн электр энергетикасынын объектилеринин абалына оперативдүү мониторинг жүргүзүү үчүн интеллектуалдык көчмө техникалык комплекстерди колдонуу.
Бөлүштүрүлгөн электр энергетикасынын объектилеринин абалына оперативдүү мониторинг жүргүзүү үчүн интеллектуалдык көчмө техникалык комплекстерди колдонуу.
ЖЕТЕКЧИЛИК БАЙЛАНЫШТАРЫ
Кафедра башчысы – Айна Бакасовна Бакасова, д.т.н., профессор
Телефон: (+996) 550-773-633, (+996) (312) 54-51-49, Email: bakasovaaina@kstu.kg
Кафедра байланыштары:
телефон: (+996) (312) 54-51-49, (+996) 703-767-111
Email: g.adilova@kstu.kg
Моб.: (+996) 702-791-703
Профессор Ж. Апышев атындагы «Электр энергетикасы» кафедрасынын 2025–2030-жылдарга карата ӨНҮКТҮРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНЫ
Профессор Ж. Апышев атындагы «Электроэнергетика» кафедрасынын түзүлгөн күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы
XX кылымдын 50-жылдарында Кыргыз ССРинин бай гидроэнергетикалык ресурстарын интенсивдүү өздөштүрүү, электр станцияларын жана жогорку чыңалуудагы узун аралыктагы электр берүү линияларын кеңири куруу программасын ишке ашыруу, эл чарбасынын бардык тармактарын электрлештирүү деңгээлин жогорулатуу электроэнергетика тармагы үчүн инженердик кадрларды даярдоого болгон курч муктаждыкты жараткан.
«Электр станциялары, тармактары жана системалары» адистиги боюнча студенттердин биринчи кабыл алуусу 1952-жылы республикалык Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) техникалык факультетинде жүргүзүлгөн.
1954-жылы ушул факультеттин базасында Фрунзе политехникалык институту (ФПИ) уюштурулуп, ал көп жылдар бою СССРдеги алдыңкы он техникалык жогорку окуу жайдын катарына кирген. 1957-жылы ФПИде «Электр станциялары, тармактары жана системалары» кафедрасы түзүлгөн.
Кафедранын негиздөөчүсү жана биринчи башчысы болуп 1957-жылы Москвадан жиберилген техника илимдеринин кандидаты, доцент В.А. Андреев дайындалган. Ал мыкты педагог жана уюштуруучу болуп, бир эле мезгилде ФПИнин окуу жана илимий иштер боюнча проректору кызматын аркалап, релелик коргоо жана өтмө процесстер боюнча лекцияларды окуган. Анын жетекчилиги астында кыска мөөнөттө релелик коргоо жана автоматика, станциялардын электр бөлүгү, электр тармактары, электр-техникалык материалдар, жогорку чыңалуулар техникасы боюнча лабораториялар түзүлгөн. В.А. Андреевдин тапшырмасы менен долбоорлонуп, энергетикалык корпус (азыркы 5-корпус) 18×18×14 метрлик жогорку чыңалуу залы, мини-ЖЭС жана энергетикалык курстар үчүн атайын лабораториялар менен курулган.
60-жылдардын ортосунда «Электр системаларындагы өтмө процесстер» лабораториясы түзүлүп, 70-жылдары модернизацияланган. Бул иштерге В.А. Богданов, В.Х. Георгиади, А.Н. Чуркин, А.У. Уметалиева, Т.А. Джунуев, Т.И. Попова сыяктуу окутуучулар катышкан.
Кафедранын алгачкы окутуучуларынын катарында техника илимдеринин кандидаты, доцент В.Н. Ружичко, И.Г. Герценштейн жана улук окутуучу Е.В. Шонин болгон.
1959-жылы өлкөнүн эл чарбасы үчүн инженер-электриктердин биринчи бүтүрүүчүлөрү даярдалган. «Электр станциялары, тармактары жана системалары» жана «Өнөр жай ишканаларынын электро жабдуулары» адистиктери боюнча 23 бүтүрүүчү окууну аяктаган. Алардын арасында Эркин Авгамбаев, М.И. Комаров, Люция Торокуловна Айтматова (улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы), Медер Байтиков жана башка көптөгөн адистер бар.
1962-жылы В.А. Андреев Ульяновск шаарына көчүп, ал жакта 1969-жылга чейин Ульяновск политехникалык институтунун проректору, андан кийин 1981-жылга чейин ректор болуп иштеген. Ал «Өнөр жай ишканаларын электр менен камсыздоо» кафедрасын 20 жылдан ашык жетектеген. Анын илимий эмгектери, анын ичинде «Башкарылуучу эритме сактагычтар» аттуу монографиясы, релелик коргоо боюнча окуу китептери жана окуу куралдары кеңири белгилүү. Эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик ордендер жана медалдар менен сыйланган, «Ульяновск облусунун ардактуу жараны» наамына татыган.
В.А. Андреев кеткенден кийин, 1962-жылы кафедраны улук окутуучу Е.В. Шонин жетектеп, ошол эле жылы энергетика факультетинин деканы болуп дайындалган. 1969-жылы анын пенсияга чыгуусуна байланыштуу кафедра башчылыгына техника илимдеринин кандидаты, доцент К.Р. Рахимов келген.
Электроэнергетика тармагынын өнүгүүсүнө жараша окуу пландары, илимий изилдөөлөрдүн багыттары жана кафедранын аталышы өзгөрүп турган. 1972-жылы «Электр станциялары, тармактары жана системалары» кафедрасынан «Өнөр жай ишканаларын, шаарларды жана айыл чарбасын электр менен камсыздоо» кафедрасы бөлүнүп чыгып, негизги кафедра «Электр станциялары» деп атала баштаган. 1975-жылы К.Р. Рахимов энергетика факультетинин деканы болуп шайлангандан кийин кафедраны И.Н. Василенко жетектеген.
Кийинки жылдары окуу процессинин сапатын жогорулатуу максатында лабораториялык жабдуулар, өлчөө каражаттары жана башкаруу аппаратурасы дайыма жаңыланып турган. Бул ишке кафедранын көптөгөн окутуучулары активдүү катышкан.
1988-жылдан 2008-жылга чейин кафедраны техника илимдеринин кандидаты, кийин профессор, доктор Дж.А. Апышев жетектеген. Анын жетекчилиги астында кафедранын материалдык-техникалык базасы бекемделип, илимий потенциалы өскөн. 1994-жылы «Электр станциялары» жана «Электроснабжение» кафедралары биригип, «Электроэнергетика» кафедрасы түзүлгөн. 2008-жылдын 1-декабрында профессор Дж.А. Апышевдин зор эмгегин эске алуу менен кафедрага анын ысымы ыйгарылган.
2008-жылдан 2020-жылга чейин кафедраны профессор Т.А. Джунуев жетектеп, бул мезгилде лабораториялар толугу менен жаңыланып, жаңы окуу-илимий базалар түзүлгөн. Көптөгөн доктордук жана кандидаттык диссертациялар корголгон.
2020-жылдан бери кафедраны техника илимдеринин доктору, профессор А.Б. Бакасова жетектеп келет. Анын ишмердүүлүгү окуу процессин мындан ары өркүндөтүүгө жана илимий изилдөөлөрдү активдештирүүгө багытталган. Ал 140тан ашык илимий жана окуу-усулдук эмгектердин автору болуп, Кыргызстанда электроэнергетика тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон.
Бүгүнкү күндө профессор Ж. Апышев атындагы «Электроэнергетика» кафедрасы инженердик билим берүүнүн салттарын заманбап технологиялар менен айкалыштырган күчтүү билим берүү жана илимий-изилдөө борбору болуп саналат. Кафедра энергетика тармагынын алдыңкы уюмдары менен тыгыз кызматташып, Кыргызстанда жана андан тышкары аймактарда талап кылынган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону улантууда.
Проф., т.и.д. Ж.А. Апышев кафедранын жамааты менен
Проф., т.и.д. Т.Т. Жунуев кафедранын жамааты менен
т.и.д., проф. А.Б. Бакасова кафедранын жамааты менен
Кафедрада иштеген көрүнүктүү окумуштуулар жана адистер
Уметалиева Айымкан Уметалиевна
1972-жылы МЭИде (Москва энергетикалык институтунда) кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин, 1972–1991-жылдары «Электр системаларындагы өтмө процесстер» дисциплинасы боюнча сабак берген. 1991–1993-жылдары Ош технологиялык университетинин «Айыл чарбасын автоматташтыруу жана электрлештирүү» кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 1993–1995-жылдары Кара-Көл инженердик факультетинин «Электр энергетикасы» кафедрасынын башчысы болгон.
Шеленберг Виктор Рудольфович
1970-жылы ФПИни аяктагандан кийин кафедрада иштеп калган, «Жогорку чыңалуу техникасы» дисциплинасынан сабак берип, илимий-изилдөө иштери менен активдүү алектенген. 1996-жылдан баштап Москва шаарындагы «Электросетьизоляция» өндүрүштүк бирикмесинин изоляция бөлүмүнүн начальниги.
Aleksandr Nikolaevich Kozlov
He graduated from the Frunze Polytechnic Institute (FPI) in 1973. From 1979 to 1992, he worked at the Department of Electric Power Plants, teaching courses on "Electric Power Plants" and "Electric Power Systems and Networks." From 1988 to 1991, he served as the Dean of the Faculty of Energy.

