Эл аралык кызматташтыгы
И.Раззаков атн. КМТУ
Институттар
Энергетикалык институт
Электроэнергетика
Эл аралык кызматташтыгы
«Электронергетика» минбарынын эл аралык кызматташтыгы
«Электроэнергетика» минбары КМШ өлкөлөрүндөгү ЖОЖ менен жана Германиядагы Бойт атындагы Берлин техникалаык университети менен окуу процессинде кызматташып иш алып барат. Москва энергетикалык институту менен биргеликте «Электроэергетикалык системдер жана тармактар » профили боюнча бакалаврларды чыгарат. Андан сырткары кафедранын 2-курстту бүткөн студенттери Россиянын Томск, Казан техникалык университеттеринде жана Москванын энергетикалык институтунда окууларын уланта алышат.
Кафедра Бойт атындагы Берлин техникалык университети менен активдүү кызматташат. Минбардын 5 бүтүрүүчүлорү ушул университетте магистратурада окушуп, Германияда иштеп жатышат. Азыркы учурда 2 бүтүүрүчү окууларын улантууда.
Жыл сайын Германиянын профессорлору «Релелик коргоо жана электрэнергетикалык системдерди автоматташтыруу » профили боюнча окуган студенттерге сабак өтүшүп, долбоорлорду жетектешет. 2012 жылдан бери биздин минбарда ушул университеттин профессорлору менен биргеликте лабораториялык стенддер боюнча төмөнкү 3 долбоор аткарылды:
1. «Мотор - Генератор» долбоору. Долбоордун катышучулары : проф. А.Хамбрехт (Германия), долбоордун координатору улук окутуучу Жолдошова Б.М. студент Ниязов Б. ( КМТУ)
2. «Жогорку гармоникалардын фильтрлери». Долбоордун катышуучулары : проф. А.Хамбрехт (Германия), улук окутуучу Жолдошова Б.М. студент Авазов А ( КМТУ)
3. «Компенсациялоочу түзүлмөлөр». Долбоордун катышуучулары проф. А. Хамбрехт, проф.И. Шюринг, проф. Кирхбергер (Германия), улук окутуучу Жолдошова Б.М. студент ДЖолдошев Н.(КМТУ)
Биздин минбардын студенттери жогорку долбоорлордон сырткары «Германиядагы жайкы мектеп» , «Германиянын университтерине окуу саякаты» сыяктуу долбоорлордо дагы катышышат.
«Электроэнергетика» минбары Россиянын ЖОЖлары менен активндүү кызматташат. Биздин минбардын бүтүрүүчүлөрү магистратура боюнча окууларын Москва энергетикалык институтунда , Томск политехникалык институтунда уланта алышат. 40тан ашык биздин минбардын бүтүрүүчүлөрү Томск политехникалык институтунда, 10го жакын студент Москва энергетикалык институтунда магистратура боюнча аякташты. Азыркы учурда да бүтүрүүчүлөр окууларын ушул институттарда улантышууда.
«Электроэнергетика» минбары Москва энергетикалык институту (МЭИ) менен биргеликте бакалаврларды гана даярдабастан , илим боюнча дагы тыгыз байланышта. 2009 – жылдан бери минбардын бардык мугалимдери ушул институтта кваликацияны жогорулатуу боюнча курстарды өтүп турушат.
Студенттердин бүтүрүчү иштерин жактоодо- комиссиянын мүчөлөрү :
МЭИнин профессорлору С.И. Шульженко и О.Н. Тульский жана минбардын мугалимдери Т.И. Попова, Б.М. Жолдошова
2019-жылы МЭИ унда доц. Ж.С. Иманакунова жана Мамакеева А. кваликацияны жогорулатуу боюнча курстарды өтүп келишти.
Минбардын профессордук окутуучулар курамы эл аралык конференцияларга активдүү катышышат.
2020-жылдын 21- майында И.Раззаков атындагы КМТУ жана «МЭИ» илимий изилдөө институту менен биргеликте өткөн « Илимий –техникалык жана билим берүү мейкиндиктериндеги интеграциялык процесстер» аттуу алтынчы эл аралык илимий- тажрыйбалык коференциясындагы « Энергетиканын актуалдуу көйгөйлөрү» секциясынын отурумунда доц. Иманакунова Ж.С модератор болуп жана доклад жасады.
2019-жылы Россиянын илимдер академиясынын бүткүл россиялык жолугушуусуна . д.т.н. А Бакасова жана минбардын окутуучусу Калматов У катышып келишти.
2019-жылдын 15-октябрында И.Раззаков атындагы КМТУнун энергетикалык факультетинин студенттери үчүн «Петербург энергетикалык квалификацияны жогорулатуу институтунун» «Энергетикалык жабдуулардын техникалык абалын диагностикалоо жана башкаруу» кафедрасынын башчысы Таджибаев Алексей Ибрагимовичтин меймандык лекциясына минбардын мугалимдери жана студенттер катышышты.
Таджибаев Алексей Ибрагимович – Техника илимдеринин доктору, профессор, Россия Федерациясынын электр техникалык илимдер академиясынын мүчөсү (АЭН РФ).
Россия Федерациясынын эмгек сиңирген энергетиги. Россиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунун эмгек сиңирген кызматкери.
300дөн ашуун илимий эмгектердин автору, анын ичинде 35 китептин, илимий-методикалык куралдардын, монографиялардын, 37 автордук күбөлүк жана патенттердин ээси.
Меймандык лекция «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК менен И.Раззаков атындагы КМТУнун энергетикалык факультети ортосундагы жаш кадрларды даярдоо кызматташтыгы программасынын алкагында уюштурулду.
2019-жылдын 6-декабрында И. Раззаков атындагы КМТУте МЭИ тун к.т.н. доценти Г.Н. Шведовдун « Электр тармактарындагы электр энергиясынын жана кубаттулуктун коромжулары » деген темадагы меймандык лекциясына минбардын окутуучулары жана студенттери катышышты.
И.Раззаков атн. КМТУ Институттар Энергетикалык институт Электроэнергетика Эл аралык кызматташтыгы