Кафедранын тарыхы. Кафедранын рейтинги
ПРОФЕССОР Дж. АПЫШЕВ АТЫНДАГЫ
«ЭЛЕКТРОЭНЕРГЕТИКА» КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ
Эң бай гидроэлектр ресурстарды интенсивдүү өздөштүрүүнүн башталышы, электр станцияларын жана жогорку чыңалуудагы узун линияларды куруунун кеңири программасын ишке ашыруу, 1950-жылдардагы Кыргыз ССРинин эл чарбасынын бардык тармактарын электрлештирүүнүн деңгээлинин жогорулашы электр энергетикасы үчүн мыкты инженердик кадрларды даярдоонун кечиктирилгис зарылдыгын аныктады.
1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) техникалык факультетинде биринчи жолу «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистиги боюнча студенттер кабыл алынды. 1954-жылы ушул факультеттин негизинде Фрунзе политехникалык институту (ФПИ) түзүлүп, ал СССРдин ондогон эң мыкты техникалык жогорку окуу жайларынын катарына кирди. 1957-жылы Фрунзе политехникалык институтунда «Электр станциялары, тармактары жана системалары» кафедрасы ачылды.
Кафедранын негиздөөчүсү жана биринчи кафедра башчысы 1957 - жылы Москвадан командировкага жиберилген т.и.к., доцент В.А. Андреев, мыкты педагог жана уюштуруучу, ошол эле учурда ФПИнин окуу жана илимий иштери боюнча проректору болгон, релелик коргоо жана өткөөл процесстер боюнча лекцияларды окуган. Анын жетекчилиги астында кыска мөөнөттүн ичинде төмөнкү дисциплиналар боюнча лабораториялар түзүлгөн: Релелик коргоо жана автоматика; Станциялардын электрдик бөлүгү; Электр тармактары; Электр техникалык материалдар; Жогорку чыңалуудагы техника. В.А. Андреевдин долбоорун негизиндеги тапшырык боюнча 18х18х14 метрлик жогорку чыңалуудагы залы, миниЖЭСи жана энергетикалык курстарды окутуу үчүн атайын лабораториялары менен энергетикалык корпус курулган (азыркы 5-корпус).
60-жылдардын ортосунда дагы бир «Электр системалардагы өткөөл процесстер» лабораториясы түзүлүп, 70-жылдары т.и.к., доцент В.А. Богданов; В. Х. Георгиади; А.Н. Чуркин; т.и.к., доцент А.У. Уметалиева; т.и.к., доцент Т.А. Джунуев жана окутуучу Т.И. Попова сыяктуу адистер аркылуу модернизацияланды.
Кафедранын алгачкы окутуучулары: т.и.к., доцент В.Н. Ружичко, И.Г. Герценштейн жана улук окутуучу Е.В. Шонин болушкан.
1959-жылы өлкөнүн эл чарбасы үчүн «Электр станциялары, тармактары жана системалары» жана «Өнөр жай ишканаларынын электр жабдуулары» адистиктери боюнча инженер-электриктердин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн катары 23 студенттен турду, алар: Эркин Авгамбаев, Е.К. Яков, Михаил Иванович Комаров, Люция Торокуловна Айтматова (улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун бир тууган карындашы), Медер Байтиков, Абдылда Байтуголов, Виталий Иванович Васильченко, Салморбек Жакыпов, Дүйшөнбек Джумалиев, Болотбек Иманалиев, Тегиз Кообашев, Козе Муратов, Павел Федорович Романюк, Людмила Ивановна Секачева, Василий Васильевич Сурин, Асанкан Султанмуратов, Геннадий Ефремович Селиванов, Джапаркул Токтоналиев, Георгий Прокофьевич Федоров, Тамара Ивановна Чернышева, Айдаркан Чурсуков, Людмила Филипповна Чудинова, Эркин Эшимбеков.
1962-жылы В.А. Андреев Россиянын Ульяновск шаарына көчүп барып, Ульяновск политехникалык институтунун проректору болуп 1969 жылга чейин иштеди, андан соң 1981-жылга чейин ректорлукту аркалап, 20 жылдан ашык убакытта «Өндүрүштүк ишканалардын электр жабдуулары» кафедрасынын жетекчиси болду. Анын предохранителдерди жакшыртууга арналган көп жылдык изилдөөлөрүнүн натыйжалары “Управляемые плавкие предохранители” монографиясында чагылдырылган. Ошондой эле релелик коргоо боюнча бир катар китептери жана окуу куралдары жазылган, 1965-жылы В.Л. Фабрикант менен биргеликте «Бөлүштүрүүчү электр тармактарынын релелик коргоосу», 1971 жылы «Релелик коргоо боюнча эсептер жыйнагы»; 1975 жылы «Электр менен камсыздоо системаларындагы релелик коргоо, автоматика жана телемеханика» аттуу эмгектери жарык көргөн. Илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн Кызыл жылдыз, Эмгек Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана башка медалдар менен сыйланган. Ошондой эле «Ульяновск областынын ардактуу атуулу» наамын алган.
1962-жылы В.А.Андреевдин командировкасы аяктап, РСФСРге кеткендигине байланыштуу кафедра башчысы болуп улук окутуучу Е.В.Шонин дайындалган. Ошол эле жылы энергетика факультетинин деканы болуп дайындалып, «Советтик энергетиканын отличниги» деген ардактуу наам ыйгарылган.
1969-жылы Е.В.Шониндин пенсияга чыккандыгына байланыштуу ордуна доцент, т.и.к. К.Р.Рахимов кафедра башчысы болуп дайындалат. Ал, 1971-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын энергетика жана суу чарба институтунун аспирантурасын аяктагандан кийин кандидаттык диссертациясын жактаган.
Өлкөнүн электр энергетика ондүрүшүнүн алдыга койгон милдеттерине ылайык окуу пландары, илимий изилдөөлөрдүн багыттары өзгөрүп жатты, ошого жараша кафедралардын аталыштары да өзгөрүлдү. 1972-жылы «Өнөр жай ишканаларын, шаарларды жана айыл чарбасын электр менен камсыздоо» кафедрасы «Электр станциялары, тармактары жана системалары» кафедрасынан бөлүнүп чыгып, башкы кафедра ошол кезде кабыл алынган инженердик даярдоо багыттарынын классификациясына ылайык «Электр станциялары» деп аталып калды. 1975-жылы К.Р. Рахимовдун Энергетика факультетинин деканы болуп шайлангандыгына байланыштуу «Электр станциялары» кафедрасынын башчысы болуп т.и.к., доцент И.Н. Василенко дайындалды.
Келечекте окуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн лабораториялык стендтер, өлчөөчү жабдуулар, башкаруу жана коммутациялоочу жабдуулар үзгүлтүксүз жаңыртылып турду. Бул процесске кафедранын төмөнкү окутуучулары активдүү катышышты: К.Р.Рахимов, Ю. П. Беляков, Х.А. Томаев, В.Р. Шеленберг, В.Х, Георгиади, В.П. Кавтарадзе, А.У. Уметалиева, К.А. Сатаркулов, Р.С. Гельм, А.Г. Кириллова, А.Ж. Турдубаев, И.Н. Василенко, Ю.Н. Волчков, А.Н. Козлов, Т.А. Джунуев, И.С. Сариев, Т.И. Попова ж.б.
Кафедранын калыптанышына жана өнүгүшүнө республикадагы илимий мекемелердин жана өнөр жай ишканаларынын алдыңкы адистери: т.и.д., профессор, Кыргыз ССР ИАнын академиги Ю.Б. Неболюбов; т.и.к., доцент КирНИОЭ башчысы И.С. Колосов; т.и.к., доцент, КирНИОЭ башчысы Б.А. Ботбаев; "Кыргызглавэнерго" башкы инженеринин орун басары, Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты В.А. Солощанский; "Кыргызглавэнергонун" релелик коргоо жана автоматика кызматынын башчысы Г.А. Ливерко ж.б. басымдуу салымдарды көрсөтүшкөн.
Ар кайсы окуу жылдарында Москва энергетика институтунун (МЭИ) алдыңкы окутуучулары кафедранын студенттерине лекция окуу үчүн чакырылып турушкан, мисалы: т.и.д. проф., илим жана техникага эмгек сиңирген ишмер, МЭИдеги "Электр станциялары" кафедрасынын башчысы Б.Н. Неклепаев; т.и.д., проф. Н.И. Соколов; т.и.д., проф. М.Н. Розанов; т.и.к., доц. М.Н. Околович; т.и.к., доц. И.П. Крючков. 1970-1980-жылдар аралыгында студенттер Кыргыз Республикасынын ИАнын Президенти, Кыргыз Республикасынын биринчи президенти болгон академик А.А. Акаевдин, ошондой эле т.и.д., проф. А.С. Джаманбаевдин жана Кыргыз Республикасы ИАнын корр.- мүчөсү, т.и.д., проф. Ж.Ш. Шаршеналиевдин лекцияларын угушкан.
И.Н. Василенко МЭИнин аспирантурасын аяктап, 1973-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган. Кафедранын илимий иштерин активдүү өнүктүрүп, ойлоп табууларга СССРдин 4 автордук күбөлүгүн алган, 40тан ашык илимий эмгектин автору, "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги" наамынын кавалери. 2014-жылга чейин (пенсияга чыкканга чейин) кафедранын доценти болуп иштеген. Учурда РФнын Калининград шаарында жашайт.
"Электр станциялары" кафедрасын жетектеген башчылар:
- 1975-жылдан 1978-жылга чейин т.и.к., доцент И.Н. Василенко;
- 1978-жылдан 1984-жылга чейин т.и.к., доцент К.Р. Рахимов;
- 1984-жылдан 1988-жылга чейин т.и.к., доцент Ю.П. Симаков;
- 1988-жылдан 2008-жылга чейин т.и.д., профессор Дж.А. Апышев.
К.Р. Рахимов лабораторияларды модернизациялоого, окуу куралдарын, колдонмолорду басып чыгарууга көп көңүл бурган. Бул мезгилде "Электр тармактар" лабораториясы үчүн өзгөрүлмө токтун 5 столу; "Өтмө процесстер" лабораториясы үчүн - Киев политехникалык институтунан заказ боюнча жасалган туруктуу токтун столу; "Жогорку чыңалуудагы техника" лабораториясы үчүн ГИН – 300Кв жабдыгы кафедрага алынган. Кафедранын жогорку вольттуу залын түзүү боюнча чоң иштер жүргүзүлгөн жана бул максатта: 2400кВ импульстук чыңалуу генератору, 500кВга ИОМ - 500 бир фазалуу трансформатор, индукциялык жөнгө салгыч жана башкалар алынды. Бирок илимий кадрларды даярдоо маселеси ал үчүн артыкчылыктуу болуп, МЭИнин аспирантурасына 13 жаш адистер жөнөтүлгөн: А.У. Уметалиева, И.Н. Василенко, Ю.Н. Волчков, Ю.П. Симаков, А.Н. Козлов, В.И. Толстунов, В.Р. Шеленберг, Дж.А. Апышев, И.С. Сариев, С.С. Тохтамов, Т.А. Токтогулов, Т.А. Джунуев, М.А. Суеркулов, К.А. Сатаркулов.
К.Р. Рахимовдун жетекчилиги астында кафедранын "Кыргызстандын электр системаларын эксплуатациялоонун спецификалык шарттарын изилдөө жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу" аттуу илимий-изилдөө иши СССРдин Энергетика министрлигинин башкы техникалык башкармалыгынын Кыргызстандагы изоляция (обочолоо) деңгээлинин картасын түзүү боюнча тапшырмасын аткаруу үчүн негиз болуп калды, тоо шарттарын эске алып жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү схемаларын эске алуу менен, 500кВ аба чубалгыларынын иштөө режимдерин эсептөө методдору жана программалары иштелип чыкты. Ошол кездеги мамлекеттик бюджет менен катар көптөгөн чарбалык келишимдердин негизинде илимий изилдөө иштери (ИИИ) аткарылган. Аткарылган ИИИнин материалдары боюнча илимий жыйнактарда жана журналдарда көптөгөн макалалар жарыяланган, изилдөөлөрдүн материалдары республикалык жана Бүткүл союздук конференцияларда окулуп, талкууланган. Изилдөөнүн жыйынтыктарынын айрым бөлүктөрү өлкөнүн эл чарбасына жана окуу процессине киргизилген.
1984-жылдан 1988-жылга чейин кафедраны т.и.к., доцент Ю.П. Симаков жетектеген, ал 1971-жылы ФПИнин "Электр станциялары" адистигин артыкчылык менен аяктаган, ал эми 1977-жылы МЭИ аспирантурасын аяктап, кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин өз кафедрасына кайтып келип, окуу-методикалык иштердин деңгээлин активдүү өнүктүрүп баштаган. Ю.П. Симаков 1988-2001-жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинде (Б.Н. Ельцин атындагы КРСУ) доцент, ал эми 2001-жылдан бери НВИЭ кафедрасынын жана "Энергия" КИТБнын лаборатория башчысы болуп иштеди. Ал 70тен ашык илимий макалалардын жана усулдук иштердин автору.
1988-жылдан 2008-жылга чейин кафедраны т.и.к., доцент Дж.А. Апышев (2000-жылдан КМТУнун профессору, техника илимдеринин доктору, 2006-жылдан профессор) жетектеген. Дж.А. Апышев 1971-жылы ФПИни "Электр станциялары"адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун ФПИде окутуучу болуп иштөөдөн баштаган. 1976-жылы МЭИнин аспирантурасын аяктап, кандидаттык диссертациясын жактаган. ФПИге кайтып келип, Дж.А. Апышев мугалимдик ишин улантып, "Электр станциялары" кафедрасынын башчысы болуп шайланган.
1994-жылы "Электр станциялары" жана "Өнөр жай ишканаларын, шаарларды жана айыл чарбасын электр менен жабдуу" эки кафедрасынын биригишине байланыштуу "Электр энергетикасы" кафедрасы түзүлүп, ал үч профиль боюнча адистерди окута баштаган: "Электр станциялары", "Электр энергетикалык системалар жана тармактар", "Электр энергетикалык системаларды релелик коргоо жана автоматташтыруу". 2001-жылы кеңейтүү максатында кайра түзүүлөргө байланыштуу "Электр энергетика" кафедрасынан "Электр менен жабдуу" жана "Энергиянын кайра жаралуучу булактары" кафедралары бөлүнүп түзүлгөн.
Дж.А. Апышев жетектеп турган жылдары өзүн таланттуу педагог, окуу жана илимий процесстердин чебер уюштуруучусу катары көрсөттү: кафедранын материалдык-техникалык базасы кыйла өстү жана илимий потенциалы жогорулады. Кафедрада окутуунун салттуу формаларын жана методдорун ийгиликтүү өркүндөтүү менен катар, келечектүү жаңылары изделип, эксперименталдык түрдө текшерилди. 1991-1993 - жылдары адистерди уюштурулган максаттуу интенсивдүү даярдоо (ЦИПС) "Электр станциялары" кафедрасы менен "Кыргызэнерго" менен түзүлгөн келишим боюнча кафедранын материалдык-техникалык жана окуу-лабораториялык базасын бир кыйла бекемдеген.
Дж.А. Апышев илимий-педагогикалык кадрлык окутууга өзгөчө көңүл бурган: анын жетекчилиги астында алты кандидаттык диссертация аткарылып, ийгиликтүү жакталган. Жаңы билим берүү стандарттары боюнча адистерди даярдоо максатында Дж.А. Апышевдин катышуусу менен, Кыргыз техникалык университетинин ректорунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Ж. Шаршеналиевдин демилгелери менен, Берлиндеги техникалык прикладдык илимдер университети жана бир катар ири Герман фирмалары менен биргеликте Кыргыз-Герман техникалык факультети уюштурулуп ачылган. Анын декандык кызматын кафедра башчылыгы менен бирге айкалыштырып Дж.А. Апышев жетектеген. Жаңы факультеттин жаралышына жана өнүгүшүнө салым кошуп, эки адистик боюнча адистерди даярдоо багытында иштеген – "Энергетикалык системалардагы релелик коргоо жана автоматика" жана "Машина куруу өндүрүшүндөгү технология жана менеджмент". Анын жетекчилиги астында немис тараптын билим берүү стандартынын негизинде окуу пландары жана жумушчу программалары иштелип чыккан, эки жогорку окуу жайдын студенттери жана окутуучулары менен алмашуу, Берлин техникалык университетинде окууну улантуу жана Германиянын ири компанияларында практика өтүү жөнүндө келишимдер түзүлгөн. Ошондой эле, 2004-жылы энергетика факультетинде жана биргелешкен билим берүү программалар институтунда үч профиль боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо башталган.
Ал коомдук ишмер: КР Билим берүү министрлигинин Электр энергетикасы боюнча окуу-методикалык бөлүмүнүн төрагасы, Республикалык Терминологиялык комиссиянын мүчөсү болгон, КР Билим берүү жөнүндө Мыйзамын иштеп чыгууга түздөн-түз катышкан.
Дж.А. Апышев 1997-1998-жылдары КМТУнун алдындагы физика-техникалык проблемалар илимий-изилдөө институтун жетектеген жана өлкөнүн электр энергетика тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча чоң илимий иштерди жүргүзгөн, анын натыйжалары олуттуу экономикалык натыйжа менен практикага киргизилген. 2006-жылы энергетика факультетинин деканы болуп шайланып, ошол эле учурда "Электр энергетика" кафедрасын жетектөөнү уланткан.
Ал, 2003- жылы жарык көргөн "Электр энергетикасындагы сызыксыздык (нелинейность)" монографиясынын соавтору жана 100дөн ашык илимий макалалардын жана окуу-усулдук колдонмолордун автору. Дж. А. Апышев 1999-жылы инженердик кадрларды даярдоого жана республиканын электр энергетика тармагын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн отличниги" төш белгисине татыктуу болуп, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Сиңирген эмгеги үчүн 1-декабрь 2008 - жылы профессор Дж.А. Апышевдин ысымы "Электр энергетикасы" кафедрасына ыйгарылган.
2008-2020-жылдары профессор Дж. Апышев атындагы "Электр энергетикасы" кафедрасын т.и.д., профессор Т.А. Джунуев жетектеген. Бул мезгилдерде кафедранын окутуучуларынын (т.и.к., проф. К.Р. Рахимов; т.и.к., доцент И.Н. Василенко; доцент Т.И. Попова; улук окутуучу Т.Н. Бочко; улук окутуучу Б.М. Жолдошова; т.и.к., доцент Ж.С. Иманакунова; т.и.к., доцент Р.Б. Тентиев; т.и.к., доцент Н.Д. Таабалдиева; улук окутуучу Т.Р. Молдобаева; т.и.к. Т.Т. Джунуев; т.и.к. У.А. Калматов; улук окутуучу Р.А. Мырзаканова; улук окутуучу А. Төлөмүшова; улук окутуучу Г.Ш. Эралиева; улук окутуучу Ч.М. Бузурманкулова; улук окутуучу А.К. Абдымомунова; окутуучу Д.Т. Конушбаева; окутуучу А.К. Мамакеева; окутуучу М.Т. Абдылдаева ж.б.) жана УВСтин (лаб. башчысы И. Шаршеев; инженер С.В. Миндруль; улук лаборант Т.К. Кабаев; лаборант Асан уулу Аскат ж.б.) күчү менен кафедранын окуу төмөнкү лабораторияларында: Микропроцессордук түзүлүштөрдү колдонуу менен релелик коргоо жана автоматташтыруу; изоляция жана ашыкча чыңалуу; Электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү, Электр системалары жана тармактары, ондоп-түзөө жана модернизациялоо иштери жүргүзүлгөн. "Энергетикалык электроника" жана "Электр жабдууларын монтаждоо, жөндөө жана сыноо" дисциплиналары боюнча жаңы лабораториялар түзүлүп, пайдаланууга берилди. "Электр энергиясын өндүрүү", "Станциялардын жана көмөкчордондордун электр бөлүгү" жана "Электр системаларынын элеметтерин математикалык моделдөө" дисциплиналары боюнча жаңы лабораториялык стендтер сатылып алынды; 35/10 кВ "Политех" окуу полигону түзүлдү жана реалдуу аракеттеги стендте мини-энергосистеманын физикалык модели курулду.
Аспиранттардын жана докторанттардын илимий изилдөөлөрүнүн тематикасында чагылдырылган өндүрүштүк процесс менен тыгыз байланышкан кафедранын илимий ишинин натыйжасы төрт илимий монографияны жана көптөгөн илимий басылмаларды Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө басып чыгаруу болду. Кафедранын кызматкерлери тарабынан доктордук диссертациясын Т.А. Джунуев, кандидаттык диссертацияларды Р.Б. Тентиев, Ж.С. Иманакунова, А.А. Омокеева, Н.Д. Таабалдиева, Т.Т. Джунуев, У.А. Калматов жакташкан.
Т.А. Джунуев 1974 - жылы МЭИни "Электр станциялары" адистиги боюнча аяктаган (2013 – ж. техника илимдеринин доктору, 2017-ж. профессор). Эмгек жолун "Кыргызглавэнергонун" Быстровка энергокомбинатында ПТСтин инженери болуп баштаган. 1979-жылы МЭИнин аспирантурасын аяктап, кандидаттык диссертациясын жактаган. Т.А. Джунуев ФПИге кайтып келип "Өнөр жай ишканаларын, шаарларды жана айыл чарбасын электр менен камсыздоо" кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, доценти болуп иштеген. 2001-2006-жылдары Аламүдүн районунун энергосбытынын башчысы болуп иштеген. Бишкек электр тармагында 2006-жылдан тарта электр энергиясын эсепке алуу боюнча долбоордун инженери, ал эми 2008-жылдан тартып профессор Дж. Апышев атындагы "Электр энергетика" кафедрасынын башчысы болуп шайланган. Анын жетекчилиги астында техника илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн эки диссертация жакталган. Ал монографиянын автору, 80ге жакын илимий макалалары бар, анын редакциясында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министирлигинин грифи коюлган алты окуу куралы жана 20дан ашык окуу-усулдук колдонмолору жарык көргөн.
Инженердик кадрларды, бакалаврларды жана магистрлерди даярдоодогу, кафедранын окуу – лабораториялык базасын өркүндөтүүдөгү кошкон салымы үчүн 2003-жылы Т.А. Джунуев БИМдин "Билим берүүнүн отличниги" төш белгисине татыктуу болгон, 2009-жылы ага "КР энергетикасынын отличниги" наамы ыйгарылган, ал эми 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.
2020-жылдан азыркы мезгилге чейин профессор Дж. Апышев атындагы "Электр энергетика" кафедрасын т.и.д., доцент, КМТУнун профессору А.Б. Бакасова жетектейт, анын ишмердүүлүгү окуу процессин андан ары өркүндөтүүгө жана кафедранын илимий-изилдөө иштерин ийгиликтүү жүргүзүүгө багытталган. Ал И. Раззаков атындагы КМТУнун окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде, конкурстук шайлоонун жыйынтыгы боюнча шайланган (ректордун буйругу 3/228, 30-октябрь, 2020-жыл).
А.Б. Бакасова 1981-жылы ФПИнин энергетика факультетин "Өнөр жай ишканаларын, шаарларды жана айыл чарбасын электр менен камсыздоо" адистиги боюнча аяктаган. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан Кара-Көл шаарына Токтогул ГЭСинин алдындагы ФПИнин жалпы техникалык факультетине (ОТФ) "Электр техниканын теориялык негиздери"дисциплинасы боюнча окутуучу катары жиберилген. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАГУ) түзүлгөндүгүнө байланыштуу, 1993-жылы ОТФ ФПИ ЖАГУнун курамына базалык факультет катары берилген жана "Электр менен жабдуу" адистиги боюнча өтмө окутуу башталган. 1994-жылы ЖАГУнун Кара-Көл инженердик факультетинин (КИФ) "Электр энергетикасы" кафедрасы түзүлүп, ага 1995-жылдан баштап жетекчи болуп дайындалган. 2007-жылы КИФ И.Раззаков атындагы КМТУнун курамына кайтып келген. 2007-жылдан 2014-жылга чейин КМТУнун Кара-Көл технологиялык институтунун "Электр энергетикасы" кафедрасынын башчысы болуп иштеди. 2014-жылдан 2020-жылга чейин КР УИАнын автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунда (ИАИТ), “Сызыктуу эмес динамика жана башкаруу системасынын өзүн-өзү уюштуруу” лабораториясынын башчысы болгон. 2020-жылдан азыркы кезге чейин КР УИАнын Машина таануу, автоматика жана Геомеханика институтунун (ИМАГ) “Оптималдуу жана санариптик башкаруу системалары” лабораториясынын башчысы.
Бакасова А.Б. 140тан ашык жарыяланган эмгектердин автору, алардын ичинен: 85 илимий макалалар жана докладдар КМШнын жана Кыргызстандын мезгилдүү журналдарында жарык көргөн (ичинен 3 макала Scopus базасында индекстелет); 3 монография жана ойлоп табууларга КР 6 патенти; 48 окуу-методикалык жана окуу куралдары (Билим берүү жана илим Министирлигинин грифи менен 5 окуу китеби). А. Б. Бакасованын илимий эмгектери түз сызыктуу эмес динамикалуу жана өзүн-өзү уюштурууга ээ татаал энергообъектилерди башкаруунун көйгөйлөрүнө, келечегине жана маселелерин чечүүгө арналган; иштерде алынган натыйжалар жаңы жана актуалдуу болуп саналат, алардын натыйжалуулугун, туруктуулугун жогорулатуу жана бул системалардын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн электр тармагы үчүн олуттуу мааниге ээ.
А.Б. Бакасова Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын энергетикасынын отличниги жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин "Каарман" белгисинин ээси болуп эсептелет, көп жылдык ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодогу жетишкен ийгиликтери үчүн "Даңк"медалы менен сыйланган. Ошондой эле ФПИ, ЖАГУ, Токтогул ГЭСтер каскадынын, КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Кыргызпатенттин, КР УИАнын, КМШ электр энергетика Кеңешинин, Россия Федерациясынын МЭИ илим-изилдөө университетинин (ИИИ) Ардак грамоталары менен сыйланган.
Учурда (2025-жыл) Дж. Апышев атындагы "Электр энергетикасы" кафедрасында 2 профессор, илимдин доктору; 1 КМТУнун профессору, илимдин кандидаты; 6 доцент, илимдин кандидаты; 1 КМТУнун доценти; 6 улук окутуучу жана 2 окутуучу эмгектенет. Кафедранын жамаатына эки лабораториянын башчысы, бир методист, бир инженер жана эки лаборант кирет.
Өнүгүүнүн соңку этабы. Акыркы жылдары кафедра республиканын жана чет өлкөлөрдүн энергетика секторунун алдыңкы уюмдары, ишканалары менен өнөктөштүк байланыштарды пайдалануу жана кафедранын илимий изилдөөчүлөрүнүн демилгесин колдоо менен өзүнүн лабораториялык – практикалык базасын активдүү өнүктүрүп жатат. Бир нече негизги лабораториялар түзүлүп, модернизацияланды:
1) Т.и. д., проф. А. Б. Бакасованын жана т. и. к., доц. Б.К. Такырбашовдун демилгелери менен "110кв жана андан жогору линияларды коргоо" адистештирилген лабораториясы уюштурулду жана түзүлдү, ал ТОР-300-ДФЗ-220 заманбап түзүлүшүн колдонууга негизделген. Бул заманбап түзүлүшү окуу максатында Россия Федерациясынын Чебоксары шаарында орун алган "Релематика" ЖЧКсы тарабынан кафедрага белек катары бекер берилген. Лабораторияда жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын реалдуу иштөө шарттарын окшоштуруп-моделдөөчү негизги лабораториялык иштер аткарылат, атап айтканда:
- дифференциалдык фазаны коргоо;
- алыстан коргоо;
- нөл ырааттуулугун багытталган токтук коргоо;
- максималдык токтук кесүү (МТО) жана максималдык Токтук коргоо.
Бул лаборатория студенттерге заманбап релелик коргоо жана автоматика шаймандары менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет, бул бүтүрүүчүлөрдүн билимин кыйла жогорулатат.
2) "Электр энергиясын өндүрүү" дисциплинасы боюнча окуу лабораториясы т.и. к., доцент Ж. С. Иманакунованын жетекчилиги астында жана "Электросила" ЖЧКсынын башкы директору, И. Раззакова атындагы КМТУнун Ардактуу профессору А. Р. Водяновдун колдоосу менен түзүлдү. Лаборатория бүгүнкү күндө иштеп жаткан электр объектилеринде колдонулганга окшош жабдуулар менен жабдылган:
- 10 кВ уяча (шкаф);
- элегаз жана вакуумдук өчүргүчтөр;
- токтун жана чыңалуунун трансформаторлору;
- башка көмөкчү электр энергетикалык жабдуулар.
Аталган лаборатория "Электр энергетикасы жана электр техникасы" багыты боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн арналган.
3) 300кВ жогорку чыңалуудагы лаборатория. И.Раззаков атындагы КМТУ менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Кыргыз энергетика илим-изилдөө институтунун (КННИЭ) ортосунда биргелешкен окуу-өндүрүштүк жана илимий-изилдөө лабораториясын түзүү жөнүндө келишимдин негизинде 2022-жылы кафедрага Советтер Союзунун убагынан бери сакталып калган 300 кВ уникалдуу жогорку вольттуу лаборатория берилген. Лаборатория башчысы Т.Кабаевдин жетекчилиги астында жана т. и. к., доцент У. А. Калматовдун көмөгү менен, ошондой эле энергетикалык компаниялардын демөөрчүлүгүнүн жардамы менен графикке ылайык лабораторияны оңдоо - калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Лаборатория өзгөчө баалуулукка ээ, анткени ал Кыргызстанда аналогу жок уникалдуу жогорку чыңалуудагы жабдуулар менен жабдылган. “Электр энергетикасы жана электр техникасы" багыты боюнча билим алып жаткан студенттердин кесиптик ишмердүүлүгү үчүн чоң мааниге ээ – жогорку чыңалуудагы жабдуулардын иштешинин негизги принциптерин түшүнүүгө, сыноолорду жана өлчөөлөрдү коопсуз жүргүзүүнү үйрөнүүгө, электр орнотууларын эксплуатациялоо жана тейлөө үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берет. Лаборатория төмөндөгүдөй иштерди аткарууга ылайыкталган:
- студенттер, магистранттар жана аспиранттар тарабынан лабораториялык, практикалык жана илимий-изилдөө иштеринин аткаруу;
- профилдик практикаларды жүргүзүү;
- 110-220 кВ жогорку чыңалуудагы электр жабдууларын сыноо;
- энергетикалык компаниялардын инженердик-техникалык кызматкерлери (ИТР) үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу.
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча, Кытай Эл республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында 2024-жылдын 26 – октябрында И.Раззаков атындагы КМТУда "Лу-Бань" устаканасынын расмий ачылышы болуп өттү. Долбоор Чжэцзян суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин жана Чжэцзян биринчи гидроэнергетикалык курулуш тобунун (Zhejiang First Hydropower Construction Group) колдоосу менен ишке ашты."Лу-Бань" устаканасында КМТУнун "Энергия" окуу-практикалык борбору (ОПБ) түзүлгөн.
Кафедранын кызматкерлери т. и. к., доцент Р. Б. Тентиевдин жана улук окутуучу Т. Р. Молдобаеванын күчү менен бул долбоордун алкагында алынган лабораториялык стенддерди ишке киргизүү боюнча электр монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө " Электр энергетикалык системаларды релелик коргоо жана автоматташтыруу", " Электр энергетика системаларын релелик коргоонун жана автоматиканы долбоорлоонун негиздери"дисциплиналары боюнча окутуунун ар кандай формаларындагы студенттер үчүн окуу-лабораториялык сабактар өткөрүлүп жатат.
Бул дисциплиналарды окуп, лабораторияда тажрыйба иштерин жүргүзүү студенттерге электр энергетикалык системалардын ишенимдүү жана коопсуз эксплуатациясын камсыз кылуу жаатында терең билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү берет. Студенттер аварияны болтурбоо, жабдуулардын туруктуу иштешин камсыз кылуу жана энергетика системасындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу үчүн негизи болгон релелик коргоо жана автоматташтыруу системаларын долбоорлоону, конфигурациялоону жана иштетүүнү үйрөнүшөт.
Учурда профессор Дж. Апышев атындагы "Электр энергетикасы" кафедрасы инженердик мектептин салтын алдыңкы технологиялар менен айкалыштырган күчтүү билим берүү жана илимий изилдөө борбору болуп эсептелет. Кафедра өнөр жай өнөктөштөрү менен кызматташууну активдүү өнүктүрүп, окутуунун заманбап формаларын киргизип, Кыргызстандын энергетика тармагында жана анын чегинен сырткары талап кылынган адистерди сапаттуу даярдоону камсыз кылууда.