Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Исхак Раззаков


Кыргыз элинин көп жылдык тарыхы көрүнүктүү, чыгаан инсандарга бай. Алардын арасында – таланттуу, өзгөчө инсан Исхак Раззаков.

Исхак Раззаков – мамлекеттик ишмер, совет доорунда Кыргызстандын саясат тарыхында өчпөс из калтырды.

Советтик жана партиялык ишмер Раззаков Исхак Раззакович 1910-жылы 25-октябрда Түркестандын Хожент уездинин Бокса-Исфана волосунун Көрөсөн айылында (азыркы Лейлек району, Ош областы) шахтердун үй-бүлөөсүндө туулган, улутуу – кыргыз.

Бала чагы аябай оор турмушта өттүү. Үч жашында энесинен, беш жашында атасынан айрылып, чоочун адамдардын арасында жалгыз калган.

1925-жылга чейин Хоженттеги балдар үйүндө тарбияланган.

Исхак Раззаков кичинесинен эле аябай акыл-эстүү болгон. 1923-жылы Ташкенттеги Намун атындагы 2-чи баскычтагы интернат-мектебине которулган.

1925-жылдан 1929-жылга Ташкент шаарындагы Өзбек агартуу институтунда (педтехникум) билим алып, 1929-1931-жж. коомтаануу боюнча мугалим болгон.

Мектепте, педтехникумда мыкты окуп, курдаштарынан айырмаланып турчу. 1931-жылы Кржижанов атындагы Москвадагы Мампландоо институтуна окууга жиберилген. Ал жакта да мыкты окуп, коомдук иштерде активдүү катышкан. Институтту экономист-пландоо адистиги боюнча аяктагап, отун ресурстарын рационалдуу пайдалануу темасы боюнча дипломун жактаган. Бүтүрүүчү ишинин теориялык тереңдиги менен практикалык маанилүүлүгүн мамлекеттик комиссия өзгөчө баалаган.

Жаш кезинде эле жогорку билимдүүлүгү жана ички маданияттулугу байкалган.

1936-1941-жж. - Өзбек ССРинин Мампланынын отун бөлүмүнүн башчысы, Ферган областынын облпланын төрагасы, Өзбек ССРинин Мампланынын төрагасы. Өзбекстандагы он жылдык эмгеги И. Раззаковдун сейрек учурай турган уюштуручулук жөндөмдүүлүгүн көрсөттүү. Улуу Ата Мекендик согушта жамааттын башын кошуп, элди башкаруу жөндөмүн көрсөтө алды. Жоро-жолдоштору менен тил табып, алардын көйгөйлөрүн чече билчү. Ал өзүмчүлдүк жана пайдакечтикти жек көрчү. Элдин кызыкчылыгы менен жашоо, алардын кызыкчылыктары менен өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан жогору коюу сапаты жогорку мамлекеттик жана партиялык ишмердүүлүгүндө үлгү болгон.

1945-жылы, жаш курагына карабай, ал болгону 35 жашта болчу, ЦК КПСС Политбюросунун чечими негизинде Исхак Раззаков Кыргызстандын Министрлер Кеңешинин төрагасы кызматына дайындалган. Согуштан кийин Кыргызстан экономиканын бардык чөйрөсүндө оор көйгөйлөргө дуушар болду.

Пландоо-экономикалык билими жана Мампландагы көп жылдык иши экономикалык маселелерди терең жана конкреттүү түрдө чечүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

И. Раззаковдун келиши менен Кыргызстандын Министрлер Кеңешинин иши жакшырды. Тийиштүү тартип орноп, эмгек тартиби да жогорулады.

1950-жылы лидерлик сапаты республиканы жетектөөгө жардам берди. Ал жетектеген жылдары (1950-1961-жж.) жаңы заводдор, фабрикалар, шахталар, электростанциялар, ирригациялык системдер, мектептер, турак үйлөр курулуп, ишке берилди. И. Раззаковдун жетекчилиги алдындагы элдин чымыркануу менен иштеген иши өзүнүн натыйжасын берди. Фрунзе атындагы айыл чарба машинелерин куруу заводу, жогорку тоолу Фрунзе-Ош автожолу курулду. 1946-1950-жж. эл чарбасынын 20 чоң өнөр-жай объектилери курулуп, ишке берилди. Алардын ичинен Лебединовка, Аламүдүн, Пржевал ГЭСтери, “Кыргызавтомаш” заводу, Оштогу электромеханикалык завод, бут кийимдер фабрикасы жана башкалар. ЧЧК курулуп бүттү, Орто-Токой суу сактагычы аркылуу үч миң гектар жаңы өздөштүрүлгөн жерлер сугарылып, миңдеген адамдар көчүрүлүп, жайгашышты.

1956-жылы айыл чарбасында зор жеңиштерге жетишип, республика биринчи Ленин ордени менен сыйланды.

И. Раззаковго эл абдан ишенич артчуу, өзүнүн иши, журум-туруму, Ата-Мекенге кызмат кылуусу менен көпчүлүккө таанылып, улуттун сыймыгына арзыган.

И. Раззаков аябай билимдүү адам болгон. Илим жана жогорку билим берүүгө чоң маани берген. Эл чарбасынын бардык чөйрөсү үчүн квалификациялуу илимий кадрларды, ЖОЖдордун профессордук-окутуучулар курамын, квалификациялуу инженер жана жумушчу кадрларды дярдоого көнүл бүрган. Жаш мекендештер Москва, Ленинград жана СССРдин башка шаарларындагы илимий жана билим берүү борборлорго жиберилишкен.

Исхак Раззакович Кыргыз ССРинин илимдер Академиясын, мамлекеттик университетин, азыркы кезде анан атын алып жүргөн Фрунзедеги политехникалык институтун, областтык педагогикалык институттарын уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккан.

Исхак Раззаков — Кыргызстандын улуу инсаны. Анын аты – мамлекеттик жана саясат ишмер, жалпыга таанылган улуттун лидери катары биздин мамлекетибиздин тарыхында алтын тамгалар менен жазылган.