Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Автоматтык башкаруу


Автоматтык башкаруу кафедрасынын башчысы
 техника илимдеринин доктору, профессор Батырканов Жениш Исакунович
 

"Автоматтык башкаруу" кафедрасы 1961-жылы түзүлгөн. Биринчилерден болуп академик Шумиловский А.Н. жетектеген, азыркы учурда кафедраны техника илимдеринин доктору, профессор Батырканов Ж.И. жетектей.

1988-жылга чейин кафедра "Автоматика жана телемеханика" адистиги боюнча, 1988-жылдан кийин "Техникалык системаларды автоматизация жана башкаруу" адистиги боюнча инженерлерди даярдаган. 1992-жылдан бери кафедра "Автоматика жана башкаруу" адистиги боюнча адистерди, "Техникалык системаларды башкаруу жана автоматика" адистиги боюнча инженерлерди даярдап, 2000-жылдан бери "Техникалык жана информатика системаларды башкаруу" адистиги боюнча даярдоого өткөн. Кредиттик технология билим берүү системасына өткөндүгүнө байланыштуу, 2012-жылдан баштап кафедра "Техникалык системадарды башкаруу" жана "Интернет технологиялар жана башкаруу" багыттары боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдай баштады. 1988-жылы бүтүрүүчү адистиктердеги өзгөрүүлөргө байланыштуу кафедра "Автоматтык башкаруу" деп өзгөртүлдү.

Кафедра өзүнүн иш алып барган мезгилинде 400дөн ашуун адистерди даярдап чыгарды, 20дан ашуун кандидаттык диссертациялар даярдалып, ийгиликтүү корголду. Кафедраны көптөгөн бүтүрүүчүлөрү ар кандай жогорку кызматтарды ээлешип, чон ишканаларды жетектешет.

Учурда кафедрада 15 окутуучу эмгектенет. Анын ичинен: 3 илимдин доктору, 4 илимдин кандидаты, 6 улуу окутуучу жана 2 окутуучу.

Кыргыз Республикасынын Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин пландары боюнча, ошондой эле айрым уюмдардын буйруктары боюнча бир катар илимий иштерди жүргүзөт. Кафедра  аспирантура жаатынды да ийгиликтүү иш алып барат. Учурда 3 аспирант билим алууда. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары жыл сайын ар кандай илимий журналдарга жарыяланып, эл аралык конференцияларда жана семинарларга сунушталат.

Байланыш маалыматы - Ч.Айтматов пр., 66, ауд. 2/410, тел: 0312-545173.

Кафедра төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:

  •  700200 - "Техникалык системаларды башкаруу" багыты боюнча (аралыкты колдонуу менен күндүзгү жана сырттан окуу), квалификациясы - бакалавр, магистр;
  •  710500 - "Интернет технологиялар жана башкаруу" багыты боюнча (күндүзгү билим берүү), квалификация - бакалавр.