Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


Автоматтык башкаруу кафедрасынын тарыхы

"Автоматтык башкаруу" кафедрасы 1961-жылы негизделген. Негизделген кундон тартып кафедраны төмөнкү жетекчилер башкарган:

  • Академик А.Н.Шумиловский (1961-1963жж.)
  • Академик Ю.Е.Неболюбов (1963-1964жж.)
  • Доцент В.М.Бусаргин (1964-1968жж.)
  • Доцент В.В.Образцов (1968-1971жж.)
  • Профессор Ж.Ш.Шаршеналиев (1971-1982жж.)
  • Профессор В.М.Журавлев (1982-1990жж.)
  • Доцент Р.А.Акматбеков (1990-1997жж.)
  • Профессор Ж.И.Батырканов (1997-2012жж.)
  • Профессор Б.О.Джолдошов (2012-2018жж.)

 2018-жылдан азыркы убакытка чейин т.и.д., профессор Батырканов Ж.И. жетектеп келет. Кафедрада Н.Е. Шумиловский, Ю.Е. Неболюбов, Ж.И. Шаршеналиев, В.П. Живоглядов сыяктуу корунуктуу окумуштуулар жана академиктер эмгектенишкен.

 

1998-жылга чейин 06060 – «Автоматика жана телематика» багытында инженерлерди, 1988-жылдан тартып  21.01 – « Автоматизациялоо жана техникалык системдерди башкаруу» багытында, 1992-жылдан  Т.02 – «Автоматизация жана башкаруу» (бакалавриат) жана Т.02.301 – «Техникалык системдерде башкаруу жана автоматика» багытындагы инженерлерди даярдап келген. 2000-жылдан баштап кафедра «Техникалык системдердеги башкаруу жана информатика» адистиги боюнча инженерлерди даярдоого өттү. Кафедра даярдап келген кесиптердин негизинде 1998-жылы «Автоматтык башкаруу» кафедрасы болуп озгортулгон.

Кафедра негизделген күндөн тартып 3000ден ашык кесиптин ээлерин чыгарып, 20га жакын кандидаттык диссертациялар ийгиликтүү корголгон жана кафедрада 5 илимдин доктору эмгектенет. Акыркы 3 жылда т.и.д., профессор Ж.И.Батыркановдун жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация корголду.

Бөлүм заманбап лабораториялык маалымат базасы менен жабдылган, интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар компьютердик класс.Кафедрада 15тен ашык окутуучулар иштешет, анын ичинде бир илимдин доктору жана үч илимдин кандидаты бар. Бүтүрүүчүлөр каалаган тармакта иштей алышат: машина куруу, тоо-кен металлургиясы, банк иши, энергетика.

Кафедранын көпчүлүк бүтүрүүчүлөрү ар кандай ишканаларды жетектейт жана жогорку мамлекеттик кызмат орундарын ээлешет: т.и.к. Абдрсаев Б. –  Кыргызстандын АКШдагы экс-элчиси, т.и.д. Оморов Р.О. – Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттигинин директору, Оморов Т.Т. – Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, Маматбеков Б.Д. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик энергетикалык агенттигинин директорунун орун басары ж.б.

Жыл сайын кафедра Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу илимий долбоорду ишке ашырат.