Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кыргыз тили кафедрасы


Кыргыз тили жана адабияты

Кыргыз тили кафедрасы КМТУнун өзүнчө түзүмдүк бөлүмү катары 2006-жылдын 6-апрелинен бери иштеп келе жатат. Кафедра күндүзгү жана дистанттык окуунун бардык факультеттеринин жана багыттарынын 1-курсунун студенттерине кыргыз тилин үйрөтөт.

Кафедранын окуу-материалдык базасын заманбап технологиялар менен камсыздалган. Кафедранын кызматкерлери билим берүү тармагына инновациялык технологияларды киргизүүдө. Мисалы; компьютерлер, лингофон, проектор, флипчарт ж.б. Студенттер үчүн заманбап билим берүү колго алынган.

Кафедранын негизги илимий иши кыргыз тилин эне тил катары окутуунун методикасын өркүндөтүүгө багытталган. Кыргыз тили кафедрасынын ишинин негизинде чыгармачылык жатат.

Кыргыз тили боюнча мультимедиялык кабинет да ачылган. Кафедранын окутуучулары кыргыз тилин үйрɵтүүдɵ чыгармачылык менен эмгектенишет. Тилди окутуунун жана үйрɵтүүнүн заманбап технологияларын жана окутуунун усулдук ыкмаларын колдонушат.

Кафедранын окутуучуларынын баары жогорку билимдүү жана жыл сайын квалификацияларын жогорулатып турушат.

2023-2024-окуу жылында кафедрада 16 окутуучу эмгектенет, анын ичинен 5 «Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун отличниги». Алардын ичинен: 4 – доцент, 11 – улук окутуучулар, 1-окутуучу