Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы. Кафедранын рейтинги


Кафедранын тарыхы

          «Кыргыз тили» кафедрасынын тарыхы 1989-жылдан башталат, анткени ошол жылы кыргыз тилинин мамлекеттик статус алышы менен ФПИде кыргыз тили сабагы окутула баштаган жана “Кыргыз тили” кафедрасы ачылып, алгачкы жолу аны п.и.к., доцент Молдогазиев Т.М. жетектеген. 1994-жылы “Кыргыз тили” кафедрасы менен “Орус тили “ кафедрасы биригип, “Кыргыз жана орус тилдери” кафедрасы деп аталган жана аны п.и.к., доцент Бостонова П.З. 1998-жылга чейин башкарган. 

          1998-жылы кафедра кайрадан эки түзүмгө бөлүнүп, “Кыргыз тили” кафедрасына ф.и.к., доцент Абдыракунов Т.А. кафедра башчысы болуп келген. 2001-жылы окуу жайдагы түзүмдүк өзгөртүүлөргө байланыштуу бул эки кафедра кайрадан бириктирилип, “Кыргыз жана орус тилдери” кафедрасын улук окутуучу Исмаилов А.У. 2005-жылга чейин жетектеген. 2005-жылдан баштап кафедраны ф.и.к., доцент Айтбаева Н.Б. жетекчиликке алган. 2006-жылы кафедра кайрадан экиге бөлүнүп, “Мамлекеттик тил”  жана “Орус тили” кафедралары деп аталган.

         2012-жылы КМТУдагы түзүмдүк өзгөртүүлөргө байланыштуу кафедра “Кыргыз тили” кафедрасы деп өзгөртүлүп, 2019-жылга чейин кафедра башчысынын милдетин децент А. У. Исмаилов жетектеп келген.

         2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кафедраны ф.и.к., доцент Жумагул кызы Айнура жетектеп келет.

         Азыркы учурда кафедра  КМТУнун 1- курсунун  бардык багыттагы адистиктери боюнча “Кыргыз тили жана адабияты ”  сабагын өткөрүп  келишет.

         Кафедрада жалпысынан алып караганда 16 окутуучу жана 1 улук адис:  алардын ичинен илимдин кандидаты , доцент - 4,  улук  окутуучу - 11 жана  1 окутуучу эмгектенишет.