Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалынын тарыхы


И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы Филиалынын тарыхы

   Кара-Балта жалпы техникалык факультети (КОФ) 2000-жылдын 30-май айында И.Раззаков атындагы КТУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз техникалык университетинин жалпы техникалык факультети катары катталып, Чүй облусунун батыш аймагында жана Казакстан республикасы менен чектеш аймактарында жашаган жери боюнча жаштарга берүү билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү жана билим берүү кызматтарынын тармагын кеңейтүү максатында түзүлгөн.

   2005-жылы Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына толуктоолор киргизилгенден кийин жана жогорку, орто кесиптик билим берүү жаатында билим берүү ишин жүргүзүү укугуна АЛ №621 лицензиясын алгандыгына байланыштуу, И.Раззаков атындагы КМТУнун Окумуштуулар кеңеши 03.02.2010-ж. N7 протоколу менен И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Карабалта технологиялык институтуна өзгөртүлгөн, андан соң 2010-жылы И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун 2015-жылдын 1-сентябрь айындагы N115 буйругу менен Карабалта технологиялык институту И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы Филиалы болуп кайра түзүлгөн. И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы Филиалы - стандарттарга жооп берген көп баскычтуу билим берүү мекемеси.

Юридикалык дареги: 711030, Кыргыз Республикасы, Чүй областы, Жайыл району, Кара-Балта шаары,

                                       Ковровщиков кварталы, 27.

Идентификациялык код: 02006200010096.

Уюштуруу-укуктук формасы: Мекеме.

Менчик укугу: Мамлекет.

Максаты жана милдеттери. И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалы Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы, Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык жана эмгек кодекстери жана башка мыйзамдары, КР Билим берүү министрлигинин жана КМТУнун Жоболору менен иштоо регламенти жөнгө салынат.

   Филиалдын курамын «Техника жана маалыматтык технологиялар» кафедрасын жана орто кесиптик билим берүү бөлүмү түзөт. «Техника жана маалыматтык технологиялар» кафедрасы бүтүрүүчү болуп саналат.

   И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалы толугу менен өзүн-өзү каржылайт жана өзүнүн күндөлүк эсеби, көз карандысыз бухгалтерия бөлүмү бар.

  И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалы коомдун адеп-ахлактык, маданий жана илимий баалуулуктарын сактоо жана жогорулатуу, заманбап технологияларды колдонуу менен техникалык кадрларды - бакалаврларды, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо көйгөйлөрүн чечүү максатында Чүй облусунун батыш аймагыда түзүлгөн билим берүү мекемеси.

  Филиалдын материалдык-техникалык базасы тиешелүү жабдуулар жана заманбап окуу лабораториялары, лекциялар, практикалык жана лабораториялык сабактарды өткөрүү үчүн шаймандар, заманбап компьютерлер менен жабдылган компьютердик класс жана ири китеп фондусу бар китепкана менен жабдылган.

    Филиалда билим берүү кредиттик технологияны колдонуу менен жүргүзүлөт, бул жаңы формациянын адистерин даярдоого жана студенттердин өз алдынча иштөө көндүмдөрүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.