Экономика жана ишкананын башкарылышы

«Биздин кафедрадагы окуу процесси - улуттук экономиканы санариптештирүү багытында ийгиликтүү өнүгүүдө!»

Кафедранын максаттары жана милдеттери

Экономика тармагында изденүүчү жана жогорку квалификациялуу, фундаменталдык билимдерге жана кесиптик компетенцияларга ээ жана аларды атайын дисциплиналарды үйрөнүүдө жана кесиптик ишмердүүлүктө натыйжалуу колдонууга жөндөмдүү, өлкөнүн экономикасынын бардык тармактарында коюлган милдеттерди чечүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо    

Кафедранын миссиясы

Экономиканын, башкаруунун, логистиканын, бухгалтердик эсептин жана уюмдун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнүн бардык негизги аспектилерин камтыган өнөр жай, курулуш жана тоо-кен секторлору үчүн кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоону камсыздоо       

Билим берүү программаларынын тизмеси

Бакалавриат

Багыт 580100 "Экономика"

Профиль "Экономика жана ишкананын башкарылышы"

Багыт 580100 "Экономика"

Профиль "Экономика жана ишкананын башкарылышы (курулушта)"

Багыт 580100 "Экономика"

Профиль "Экономикадагы математикалык методтор" (англис тилинде)

Багыт 750500 "Курулуш"

Профиль "Курулуштагы логистика"

Магистратура

Багыт 580100 "Экономика"

"Экономикалык инжиниринг" программасы

Аспирантура

080500 "«Экономика, пландаштыруу, эл чарбасын башкарууну уюштуруу (тармактар ​​боюнча)"

Кафедранын тарыхы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы No 243 “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлеринин 2022-жылдын 29-июлундагы № 414 «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Токтомун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 19-августундагы No 1605 «Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин кайра уюштуруу жөнүндө» буйругун аткарууда, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ага Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жана академик У. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү университетин кошуу жолу менен, кайра уюштурулган. Буга байланыштуу И. Раззаков атындагы КМТУнун «Өнөр жай экономикасы» кафедрасынын базасында Н. Исанов атындагы КМКТАУнун «Экономика жана ишканаларды башкаруу» кафедрасынын жана академик У. Асаналиев атындагы КМГУнун “Экономика жана тоо-кен өндүрүшүн уюштуруу” кафедрасынын  кошулуусу менен «Экономика жана ишкананын башкарылышы» кафедрасы түзүлгөн.  

Кафедранын тарыхы 1954-жылы, Фрунзедеги Политехникалык институт уюштурулуп, «Коомдук дисциплиналар» кафедрасы түзүлгөн мезгилден башталат. Кафедранын биринчи жетекчиси т.и.к. Липович В.Н. болгон. 1962-жылы бул кафедранын базасында «Өндуруштун экономикасы» кафедрасы уюштурулган. Жаңыдан тузулген кафедраны Кыргыз ССРнин финансы министринин мурдагы орун басары, э.и.к., проф. Косивцов Н.Н. жетектеген. Кафедраны төмөнкүлөр жетектеген: э.и.к., доцент. Гущин А.Ф.; э.и.к., доцент Наабер Ю.Р.; э.и.к., проф. Орозбаев К.О.; э.и.к., доцент Парфенова Т.Ф., э.и.к., доцент Боголюбова О.И., э.и.к., доцент Жума кызы Раиза, э.и.к., доцент. Букараева В.М., э.и.д., проф. Касымова В.М., э.и.к., доцент Орозалиев Т.С.

1969-жылдын февраль айында «Курулуштагы экономика жана пландаштыруу» кафедрасы уюштурулган. Кафедра башчылары: э.и.к., доцент Закржевский П.Д., э.и.к., доцент Исаков К.И., т.и.д., проф. Меренков В.З., э.и.к., доцент Нарынбаев Т.К., э.и.к., доцент Сыдыков К.С. болушкан. Кийинчерээк кафедра « Ишканадагы экономика жана башкаруу» болуп өзгөртүлгөн. 2012-2023-жылдары «ЭИБ» кафедрасын т.и.к., доцент Саткыналиев Т.Т. жетектеген.

«Жер казынасын пайдалануу экономикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо» кафедрасы академик У. Асаналиев атындагы КМГУнун геологиялык чалгындоо факультетинин курамына кирген. Кафедраны төмөнкүлөр жетектеген: б.и.д., проф. Бекболотова А.К., т.и.к., доцент Бейшенкулова Д.А., э.и.к., доцент Шаршебаев А.А.

Кафедралардын пайда болушу экономиканы жана өнөр жай өндүрүшүн, тоо-кен ишканаларын жана курулушту уюштурууну терең түшүнгөн адистерге коомдун муктаждыгынын өсүшү менен байланышкан. Узак убакыт бою алар инженердик-техникалык кадрларды экономикалык, уюштуруучулук жана башкаруучулук жактан даярдаган бирден-бир окуу структурасы болгон.

Учурда 3 профессор, 14 доцент, 16 улук окутуучудан турган кафедранын кадрдык потенциалы бакалаврларды жана магистрлерди жогорку кесиптик денгээлде даярдоого мүмкүндүк берет.

2023-жылдын март айынан баштап «Ишкананын экономикасы жана башкарылышы» кафедрасын экономика илимдеринин доктору, профессор Бактыгүл Жеңишевна Сулайманова жетектеп келет.

 

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар