Абитуриенттерге
УРМАТТУУ 2026 Абитуриенттер!
Сиздерди И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Экономика жана ишканаларды башкаруу кафедрасынын сайтына тосуп алууга кубанычтабыз!
Сиз азыр жашооңуздагы жаңы этаптын босогосунда турасыз — бул этап сиздин келечегиңизди аныктайт. Сиз кайсы кесипти аркалоону чечкен чыгарсыз. Эми сиз жогорку сапаттагы билим алып, ийгиликтүү карьерага биринчи кадам таштай ала турган туура окуу жайын тандоо сыяктуу татаал милдеттин алдында турасыз. Ал эми И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин тандасаңыз жаңылбайсыз.
И.Раззаков атындагы КМТУ 70 жылдан ашык бай тарыхы бар, кубаттуу билим берүү, илимий жана өндүрүштүк потенциалы, өзүн өзү ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар Кыргызстандагы эң ири университеттердин бири.
Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу https://2020.edu.gov.kg/ сайтында «Абитуриент Онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу үстүбүздөгү жылдын ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Окутуу контракттык негизде, күндүзгү (4 жыл) жана сырттан окуу (дистанттык окутуу технологияларын (ДОТ) колдонуу менен ) (5 жыл) формасында жүргүзүлөт.

