Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Н. Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институту


Н.Исанов атындагы Кыргыз курулуш институту – бир же бир нече чектеш багыттар жана адистиктер боюнча жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки жана кесиптик, кошумча билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу, илимдин тиешелүү тармактары боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүчү түзүмдүк, окуу, илимий, административдик бирдик.

Институт 10 кафедраны бириктирип, кафедралардын окуу, усулдук, илимий-изилдөө, илимий-методикалык иштерине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. Н.Исанов атындагы КИКИ өз ишин «Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө» мыйзамына, И.Раззаков атындагы КМТУнун Уставына ылайык жүргүзөт.

- «Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү жана экспертизалоо» кафедрасы;

- «Геодезия жана геоинформатика»  кафедрасы;

- «Курулуш конструкциялары, имараттар жана курулмалар» кафедрасы;

- «Автомобиль жана темир жолдор, көпүрөлөр жана тоннелдер» кафедрасы;

- «Имараттарды долбоорлоо, куруу жана сейсмикалык курулуш» кафедрасы;

- «Суу менен камсыздоо жана канализация» кафедрасы» ;

- «Жылуулук жана газ менен камсыздоо жана желдетүү» кафедрасы;

- «Курулуш механикасы жана гидротехникалык курулуш» кафедрасы;

- «Транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо» кафедрасы;