Институттун заманбап илимий-окуу-лабораториялык базасы бар. Илимий изилдөө жана башка илимий-техникалык иш-чаралар аркылуу илимди, техниканы жана алдыңкы технологияларды өнүктүрүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо институттун негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
КИКИде илимий-изилдөө иштери КМТУнун илимин өнүктүрүүнүн башкы планына жана кафедралардын илимий-изилдөө иштеринин пландарына ылайык жүргүзүлөт. Окумуштуулардын илимий-изилдөө иштери окуу процесси, теория жана практика, студенттин алган кесиби менен тыгыз байланышта.
Изилдөө бир нече багыттар боюнча этап менен жүргүзүлөт:
1) Активдүү сейсмикалык коргоо менен имараттарды жана курулмаларды сейсмикалык туруктуу куруу; 2) Жергиликтуу сырьёнун негизинде композиттик курулуш материалдарын жана буюмдарын пайдалануу; 3) Тоолуу аймактарда жолдорду, көпүрөлөрдү жана тоннелдерди куруу;
Илимий иштеп чыгуулардын натыйжалары Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө монографиялар, илимий эмгектердин жана макалалардын жылдык жыйнактары түрүндө басылып чыгат.