Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Институттун билим берүү программалары


Институттун бөлүмдөрү окуу процессин лицензияларга, Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде түзүлгөн окуу пландарына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин техникалык жана технологиялык билим берүү боюнча УМО тарабынан бекитилген үлгүлүү окуу пландарына ылайык ишке ашырат. 

Бардык керектүү лицензиялар жана сертификаттар бар.

Биздин миссия: Биргелешкен билим берүү программаларын жана илимий кызматташтыкты ишке ашыруу аркылуу коомдун технологиялык жана социалдык-маданий талаптарына ылайык курулуш индустриясы үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды комплекстүү даярдоо.

КИКИ жогорку квалификациялуу бакалаврларды, магистрлерди жана аспиранттарды даярдайт.