Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Докторантурага талапкерлер


Талап кылынуучу документтер:

1. PhD докторантурага кабыл алуу үчүн КМТУнун ректорунун атына арыз;

2. Паспорттун жана аскердик билеттин көчүрмөсү;

3. Изилдөө темасынын кыскача негиздемеси;

4. Кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин (иш стажыңыз болсо) көчүрмөсү (чет өлкөлүк жарандардан сырткары);

5. Өздүк баракча; 6. «Магистр» же «Адис» квалификациясын ыйгаруу жөнүндө дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

7. Түстүү сүрөттөр 3,5×4,5 см (2 даана);

8. Жарыяланган илимий иштердин тизмеси (эгер тизме жок болсо, экиден кем эмес тармактык эксперттин рецензиялары менен коштолгон адистик боюнча реферат);

9. Тесттен өткөндүгү тууралуу сертификат (TOEFL 600/250/100, IELS 7.0);

10. Орус тилин билгендиги жөнүндө сертификат (чет өлкөлүк жарандар үчүн);

11. Ден соолугу тууралуу маалымкат.

Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген алардын билими тууралуу дипломунун,  жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдун эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

PhD докторантурага тапшырылуучу  бардык документтер жеке өзү тарабынан тапшырылат.

И.Раззаков атындагы КМТУнун PhD докторантурасында  окуу акысы:

  • Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 80 000 сом;
  • ЕАЭБдин өкмөттөр аралык келишимдерине кирген өлкөлөрдүн (Россия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь) жарандары үчүн 110 000 сом;
  • ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдүн (Түркмөнстан, Өзбекстан ж.б.) жарандары үчүн 140 000 сом;
  • Алыскы чет мамлекеттин жарандарына 175 000 сом.

Маалымат баракчасы тиркелген.

PhD докторантурага документтер 2024-жылдын 10-июлунан 10-октябрына чейин кабыл алынат. Кирүү сынактары 11-октябрдан 16-октябрга чейин, окутууга кабыл алуу (зачисление) 2024-жылдын 18-октябрына чейин жүргүзүлөт.

Кенен маалымат алуу үчүн :

Доктордук мектептин жетекчиси, Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Джусупова Махават Абдысадыковна, тел.: +996 (312) 541920, makhavat.djusupova@kstu.kg, ch.jailoobai.kyzy@kstu.kg,  a.talantbek.kyzy@kstu.kg. Офис: КМТУнун башкы корпусу, 2/323.каб. Аспирантура жана докторантура бөлүмү (Доктордук мектеп). Программа тууралуу толук маалыматты университеттин Доктордук  мектебинин расмий сайтынан алса болот. https://kstu.kg/glavnoe-menju/studentu/zagolovok-po-umolchaniju-2/doktorskaja-shkola/missija-doktorskoi-shkoly.