Информатика жана эсептоо техникасы
Информатика жана эсептөөчү техника
ЖКББ НББПнын окутуу жаатындагы 710100 – "Информатика жана эсептөөчү техника" даярдоонун багыты боюнча максаты болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- Гуманитардык, социалдык, экономикалык, математикалык жана табигый илимий билимдердин негиздери жаатында даярдоо, бүтүрүүчүгө тандап алган иш чөйрөсүндө ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берүүчү жогорку кесиптик жактан адистешкен, тереңдетилген кесиптик, атайын кесиптик билим алуу, анын социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек базарындагы туруктуулугуна өбөлгө түзүүчү универсалдуу жана кесиптик компетенцияларга ээ болуу.
- 710100 – "Информатика жана эсептөө техникасы" багытында бакалаврды даярдоочу ЖКББ НББПнын инсанды тарбиялоо чөйрөсүндөгү максаты студенттердин максатка умтулуусун, уюшкандыктуулугун, эмгекке болгон сүйүүсүн, жоопкерчилигин, жарандык сапаттарын, коммуникативдүүлүгүн, толеранттыгын, жалпы маданиятынын жогорулатышын ж. б. ичине камтыган социалдык-жарандык сапаттарын түзүү болуп эсептелет.
1979-жылы, "Aвтоматтык системаларын башкаруу" жана " Эсептөө техникасы инженердик жана экономикалык эсептөөлөрдө" жалпы техникалык окутуу курстарын өткөрүүчү "Aвтоматтык башкаруу системалары жана эсептөөчу техникасы " кафедрасы "Эсептөө техникасы, комплекстер, системалар жана тармактар" адистиги боюнча инженерлерди даярдоого мүмкүнчүлүк алган.
1980-жылы, ЭЭМ кафедрасы кайра уюштуруунун натыйжасында бөлүнүп чыккан. ЭЭМ кафедрасы Борбордук Азия аймагында биринчилерден болуп "Эсептөө техникасы, комплекстер, системалар жана тармактар" адистиги боюнча инженер-системотехниктерди даярдай баштаган.
Негиздөөчүсү жана кафедранын биринчи башчысы(1977 1985) Кыргыз Республикасынын биринчи президенти Акаев А.А. - академик, профессор, техника илимдеринин доктору.
Кафедраны түзүүгө зор салым кошкон: Ленинградтык так механика жана оптика институтунун профессору, ЭТ кафедра башчысы Майоров С.А.., техника илимдеринин доктору, "Так механика жана оптика" факультетинин деканы Новиков Г.И.; техника илимдеринин доктору,профессор, Москва физико-инженердик институттун ЭЭМ кафедрасынын башчысы Соловьев Г.Н..; техника илимдеринин доктору, профессор, мүчө-корреспондент АН СССР, Иоффе атындагы дене-техникалык институтунун лабораториясынын башчысы Денисюк Ю.Н.
Кафедра түзүлгөндөн бери жыйынтыгы 3000 ашуун адис даярдалып чыккан. Кафедрада Индия, Алжир, Колумбия, Сомали, Марокко, Шри-Ланкадан, Ангола, Куба, жана башка чет өлкөлөрдөн келген студенттер билим алып кеткен
ИжЭТ кафедрасы маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө Кыргызстандын инженердик жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча өз ишин активдүү жүргүзгөн.
Бөлүмдүн башчылары:
т.и.к., Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, проф.Акаев А.А. (1977-1985)
т.и.к., доцент Аширкулов М.А., (1985-1986)
т.и.д., мучо-корреспондент КР УИА, проф.Бримкулов У.Н. (1987)
т.и.к., доцент Шабданов М.А. (1988 -2003)
т.и.к., доцент Токмергенова А.З. (2003-2005)
т.и.к., доцент Тентиева С.М (2005-2007)
т.и.д., проф. Алымкулов С.А. (2007-2012)
т.и.д., Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Жумалиев К.М. (2012-2015)
т.и.к., доцент Исраилова Н.А.(2015-жылдан азыркыга чейин)
ИжЭТ бөлүмүнүн турмушундагы маанилүү окуялар:
1977-жылы – Автоматташтырылган башкаруу жана эсептөө техникасы кафедрасын уюштуруу;
1978 - “Оптоэлектроника” илимий лабораториясын уюштуруу;
1979 — Буткул союздук кенешме — информацияны сактоонун жана иштеп чыгуунун оптикалык методдору боюнча семинар;
1979 -ЭЭМ адистигине студенттерди биринчи кабыл алуу;
1978 - 1979 - Социалдык жыйынтык боюнча 1-орунга ээ болду. ФПИнин техникалык бөлүмдөрүнүн арасында сынактар;
1980 - ЭЭМ бөлүмү уюштурулган;
1980 - «Голография» проблемасы боюнча СССР Илимдер академиясынын илимий кеңешинин Буткул союздук отуруму;
1981 — Чет элдик адистердин катышуусу менен радиооптика боюнча биринчи Буткул союздук конференция;
1993-1984 — Техникалык кибернетика жана эсептее техникасы боюнча студенттик эмгектердин Буткул союздук конкурсу;
1987 - ЭЭМ заводунун филиалын уюштуруу;
1987-1990- ЭЭМ адистиги боюнча жыл сайын Бүткүл союздук олимпиадаларды өткөрүү;
1988 - ЭЭМ завод менен бирдикте студенттерди максаттуу интенсивдүү окутууну уюштуруу;
1992 - Адистерди даярдоонун көп баскычтуу системасына биринчи кабыл алуу;
1993 - ЭЭМ кафедра ИжЭТ кафедрасы болуп өзгөртүлдү;
1996 - Техникалык илимдердин бакалаврларын биринчи бүтүрүү;
1997 - Көп баскычтуу окутуу системасын колдонуу менен инженерлерди биринчи бүтүрүү;
1997-1998 Программалоо боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуу;
2016-жыл – 590001 – “Маалымат коопсуздугу” адистигине студенттерди биринчи кабыл алуу;
2018-жыл – 710100 – “Информатика жана эсептоо техникасы” багыты боюнча инженердик-технологиялык магистрлердин биринчи бүтүрүүсү.
2024-жыл - Samsung IT академиясынын ачылуусу

