Ташууларды уюштуруу жана транспорттогу башкаруу

     “Ташууларды уюштуруу жана транспорттогу башкаруу” кафедрасы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу-усулдук жана илимий бөлүмү болгондуктан 670300-Унаа процесстеринин технологиясы багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоону, студенттер арасындагы окуу, окуу-усулдук, илимий изилдөө иштерин жана 05.22.10 “Автомобиль унааларын иштетүү” адистиги боюнча (аспирантура) жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык адистерди даярдоону ишке ашырат.

     Тарыхы. Кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу жана окуу процессин өркүндөтүү, ошондой эле республиканын транспорт тармагын жалпы адистер менен камсыз кылуу максатында ректордун 2003-жылдын 8-сентябрындагы № 58 буйругу менен “Транспортту башкаруу” кафедрасы “Автомобиль транспорту” кафедрасынан бөлүнүү жолу менен уюштурулган. Кафедранын башчысынын милдетин аткаруучу болуп техника илимдеринин доктору Давлятов Улукбек Рыскулбекович дайындалган.

     2003-жылдын 1-декабрында техника илимдеринин доктору, проф. Төрөбеков Бекжан Төрөбекович 2010-жылдын август айына чейин кафедраны жетектеп, ошол эле учурда окуу жайдын окуу иштери боюнча биринчи проректору болуп иштөөнү уланткан. 2010-жылдан 2024-жылдын июнь айына чейин кафедраны техника илимдеринин доктору, профессор Атабеков Калмамат Каримович жетектеген.

     Азыркы учурда кафедраны техника илимдеринин кандидаты, доцент Алтыбаев Аманбек Шаршенбекович жетектеп келет. 

     2015-жылы кафедра “Ташууларды уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугу” жаңы аталышына ээ болгон. 2022-жылдын сентябрь айынан баштап И.Раззаков атындагы КМТУнун «Ташууларды уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо» жана Н Исанов атындагы КМКТАУнун «Ташууларды уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугу», «Транспорттогу бажы иши» кафедраларынын бириктирилгендигине байланыштуу кафедра «Ташууларды уюштуруу жана транспортту башкаруу» кафедрасы болуп өзгөртүлдү.

     1999-жылы КМКТАУда «Жол кыймылын уюштуруу» кафедрасы түзүлүп, кафедра башчысы болуп Бишкек автожол техникумунун директору Орунтаев Н.О., 2001-жылы кафедра башчысы болуп т.и.к., доцент Маткеримов Т.Ы., 2002-жылдын октябрынан баштап биригүүгө чейин кафедраны т.и.к., проф. К.Исаков жетектеген.

     Кафедра калыптануу жана андан ары өнүктүрүү мезгилинде «Ташууларды жана транспортту башкарууну уюштуруу», «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздукту камсыздоо» адистиктери боюнча үчүнчү муундагы жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарын, атайын дисциплиналар боюнча биринчи окуу-методикалык комплекстерди, Болон процессинин принциптери боюнча окуу процессин уюштуруу системасы киргизилди, окуу кабинеттери оңдолуп, жабдылды, адистерди даярдоо концепциясы кайра каралып чыкты. Кафедрада дисциплиналарды адистештирүү жүргүзүлүп, жол кыймылын уюштурууга жана коопсуздугуна, ташуу процессине жана транспортту башкарууга байланыштуу сабактар ​​компетенттүүлүк мамиленин негизинде окута баштады.

        Азыркы учурда кафедранын профессордук-окутуучулук курамында 4 техника илиминин докторлору - Атабеков К.К., Торобеков Б.Т., Маткеримов Т.Ы., Трофимова Л.С., 6 илимдин кандидаттары - Исаков К., Нурманбетов Н.Р., Муктарбек уулу К., Алтыбаев А.Ш., Салманова А.Н., Арыкбаев К.Б., 2 доцент Стасенко Л.Н., Асаналиев Т.М., 5 улук окутуучулар - Назаров Б.П., Мырзалиева А.О., Рысбеков А.Ш., Чопоев А.Б., Эсеналиев Т.Б. жана окуу-көмөкчү курамы - Кудайбергенова Д., Татанова А.Т., Максатбек кызы А. иш алып барышып, кафедрага бекитилип берилген сабактарды жеткиликтүү түрдө илимий-теоретикалык, усулдук жана уюштуруучу денгээлде окутушуп, илимий-изилдөө, окуу усулдук иштерин жүргүзүшөт.

    Кафедрага лекция окулуучу аудиториялар, окуу-практикалары, илимий-изилдөө лобораториялары жана дагы автомобиль унааларындагы бажы иштери, унаа каражаттарынын конструктивдүү коопсуздук чөйрөсү, ташуу процесстери жана логистика боюнча атайын стенддер, шаймандар бекитип берилген.

     Кафедранын негизги максаты болуп татаал социалдык-экономикалык чөйрөдө иш алып барууга даяр, атандашууга жөндөмдүү жана жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо болуп саналат.

          Кафедранын негизги тапшырмаларына төмөндөгүлөр кирет:

  • Профессордук-окутуучулук курамдын окуу-усулдук иш аракеттерин өркүндөтүү;

  • Студенттердин чыгармачылык деңгээлин жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында окутуунун технологияларын жакшыртуу;

  • Профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин бирдиктүү иш аракеттеринин натыйжасында фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү, алынган жыйынтыктарды окуу процесстеринде колдонуу;

  • Жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрлардын жана жогорку билимдүү адистердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо;

  • Коомдогу адеп ахлак, маданий жана илимий баалуулуктарды көбөйтүү жана сактоо;

  • Билим берүүнү элдердин арасында таратуу жана мамлекетибиздин интеллектуалдуулук деңгээлин жогорулатуу;

  • Студенттер арасында тарбиялык иштерди жүргүзүү.

        Кафедра мамлекеттик муниципалдык жана жеке ишканалар менен дайыма байланышта болуп, ал жерлерде студенттер окуу-таанышуу, өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикаларын өтүшөт. Төмөндөгү ишканалар менен келишимдер түзүлгөн:

  • Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги, анын түзүмдүк бөлүмдөрү;

  • КР ИИМ жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгы;

  • Бишкек ш. Мэриясынын алдындагы шаардык унаа башкармалыгы;

  • “Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаа ишканасы” муниципалдык ишканасы;

  • КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү.

        Тажрыйба алмашуу, жаңы инновациялык технологияларды үйрөнүү, чогулуп конструктордук ойлоп табууларды ишке ашыруу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү, конференцияларды ж.б. иш чараларды биргелешип өткөрүү максатында республикабыздагы жана чет мамлекеттеги төмөндөгү ЖОЖдор менен тыгыз байланыштар түзүлгөн:

  • Москвадагы автомобиль-жол мамлекеттик техникалык университети (МАДИ, Россия, Москва);

  • Сибирь мамлекеттик автомобиль-жол университети (СибАДИ, Россия, Омск);

  • Омск байланыш жолдору мамлекеттик университети (ОмГУПС);

  • Б.Н.Ельцин атн. Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ);

  • Логистика жана транспорт академиясы (ALT, Казахстан, Алматы);

  • К.Скрябин атн. Кыргыз улуттук айыл-чарба университети (КНАУ);

  • М.Адышов ат. Ош технологиялык университети (ОшТУ).

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар