Тарбиялык иштер

Биздин студенттердин жетишкендиктери

2023-жылы ТТП(б)-1-20 тайпасынын студенти Айдаана Ойозбекова президенттик стипендияга ээ болгон.
2022-жылы ОПУТ(б)-1-19 тайпасынын студенти Алтыбаева Жибек президенттик стипендияга ээ болгон.

Ишембилик

     

Коомдук инфраструктураларды жакшыртуу, санитардык абалды сактоо, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү, калктуу аймактардын жана  шаардын территориясынын абалын таза кармоо максатында 21.09.2019ж. жалпы республикалык ишембилик өткөрүлгөн. Ага “ТУжКК” кафедрасынын жамааты жана студенттери катышышты.

2022-жылы ОПУТ(б)-1-19 тайпасынын студенти Жибек Алтыбаева президенттик стипендияга ээ болду

2023-жылы ТТП(б)-1-20 тайпасынын студенти Ойозбекова Айдана президенттик стипендияга ээ болду

Жогорку Кеңештин грамоталары

Биздин бүтүрүүчүлөр

Биздин жеңүүчүлөр!

22-декабрь 2023-жылы Мамлекеттик бажы кызматынын адистештирилген окуу борборунда бажы иши боюнча ЖОЖдор аралык викторина болуп өттү. Бажы иши жаатындагы ЖОЖдор аралык викторинанын максаты-теориялык жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле студенттер арасында тажрыйба алмашууга көмөктөшүү. Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунун студенттери катышты: куу, Ош мамлекеттик университети, куу (юридикалык академия)жана КМТУ.И.Раззаков. Доценттер А. К. Токталиева жана т. м. Асаналиева жетектеген ТДТ-1-20 тайпасынын студенттери 1-орунду ээлешти!

Ишембилик

Исхак Раззаковдун белгилүү сөзүнүн түз маанисинде: "Мен таза болсом, сен таза болсомун, коом да таза болот!", студенттер абийирдин тазалыгына гана эмес, университеттин аймагын тазалоого дайыма чыгып турушат, ошондо тазалык ичи гана эмес, сырты да таза болот.

Башка иш-чаралар

      2024-жылдын 19-мартында КРнын Баатыры, мамлекеттик ишмер И.Раззаковдун каза болгондугуна 45жыл толгондугуна арналган эскерүү митингги жана Ала-Арча көрүстөнүндө куран окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.
      Эскерүү митингге Исхак Раззаков атындагы  Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, ф-м.и.к. М.К.Чыныбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары-стратегиялык пландоо жана реформаларга талдоо бөлүмүнүн башчысы, т.и.д.  О.Э.Капалбаев, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Л.А.Самыкбаева жана И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттери катышты.
      Эскерүү митингде И. Раззаковдун өзүнүн ишине тактыгын, жүрүм-турумун, Ата-Мекенге кызмат кылуусу менен көпчүлүккө таанылгандыгын, улуттун сыймыгына арзыгандыгы жөнүндө эскеришти. И.Раззаковдун өмүр таржымалы, ишмердүүлүгү, сыйлыктары тууралуу «ИЛГИР» чыгармачыл жаштар уюму кыскача баяндама жасашты. 
      Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары А.Кадырбердиев куран окуп И.Раззаковду эскерүү мүнөтү жарыяланып гүл чамбар коюлду.
      Андан соң, Исхак Раззаков атындагы  Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, университеттин жетекчиги жана студенттер чогулуп университеттеги эстеликке эскерүү мүнөтү жарыяланып гүл чамбар коюу менен уланды.
      И.Раззаковдун Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошкондугу, ошол учурда завод-фабрикалардын ишке киргендиги тууралуу студенттерге кенен маалымат берилди.
      Эскерүү митингди утурлай окуу жайдын чоң жыйындар залында  Республикалык Раззаков фонду жана Алим Токторовдун «И.Раззаков» телефилими көрсөтүлдү. 
      И.Раззаков айткандай «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот», - деген ураан менен чакырык таштап, студенттерибиздин мекенчилдик сезимин ойготуп, өлкөбүзгө ак кызмат кылып, талыкпай эмгектенип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошот деген терең ишенич менен иш-чарабызды жыйынтыктадык.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар