Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Миссия жана стратегиялык максаттар


И.Раззаков атындагы КМТУнун Н. Исанов кампусундагы КОББ (Колледжи) - окутуунун жогорку сапатына жана инсанды ар тараптуу тарбиялоого багытталган университеттин түзүмдүк бөлүмү. Колледж 2016-жылдан баштап кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндө 9 багыт, 19 адистик, 21 билим берүүчү программа боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн иштеп келет. КОБдун билим берүү программалары боюнча 2350гө жакын студент окуйт.

Миссиясы – архитектура, курулуш, транспорт, маалыматтык технологиялар, экономика, менеджмент жаатындагы, эмгек рыногунда талап кылынган жана республиканы инновациялык өнүктүрүүнүн тренддерин эске алуу менен кесиптик иштин тандалган тармагында лидер болууга жөндөмдүү адистерди даярдоо.

Башкы максат – заманбап компетенцияларга ээ, эмгек рыногунда талап кылынган, ошондой эле жогорку деңгээлде жогорку кесиптик билим алууну улантууга жөндөмдүү адисти даярдоо.

Стратегиялык максаттар

1. Практикалык багытталган окутуунун заманбап технологияларын колдонуу жана студенттерди окуу-тарбия процессине активдүү тартуу аркылуу билим берүү программаларын сапаттуу ишке ашыруу.

2. КР КОББ мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана эмгек рыногуна, стейкхолдерлердин суроо-талаптарына, билим берүүнүн сапатын баалоо системасына ылайык билим берүү кызматтарын көрсөтүү.

3. Өзгөрүп жаткан дүйнөдө чыгармачылыкка жана өзүн-өзү ишке ашырууга жөндөмдүү адистин жогорку кесипкөй, адеп-ахлактык жактан жетилген, социалдык жактан активдүү инсанын калыптандыруу.

 

Негизги милдеттер

1. Окуу-тарбия процессин башкаруунун натыйжалуу системасын куруу.

2. Заманбап эмгек рыногунда талап кылынган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында КОББ (Колледж) студенттеринин универсалдуу жана кесиптик компетенцияларын калыптандыруу жана өнүктүрүү.

3. Эмгек рыногунун талаптарын аныктоо жана адистерди даярдоо деңгээлин жогорулатуу максатында иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыштарды жана өнөктөштүктү түзүү.

4. Эмгек рыногунун суроо-талаптарынын өзгөрүшүнө ылайык билим берүү кызматтарынын номенклатурасын кеңейтүү.

5. КОББ (Колледж) окуу, материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана кызматкерлер жана студенттер үчүн жашоо-тиричиликтин коопсуз жана ыңгайлуу шарттарын камсыз кылуу.

6. КОББ (Колледж) студенттеринде патриотизм, жогорку жарандык аң-сезим жана жоопкерчилик рухун тарбиялоо.

7. КОББ (Колледж) окутуучуларынын кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, алардын демилгелерин жана чыгармачылык активдүүлүгүн колдоо жана дем берүү.