Колледждин коомдук жашоосу

ТАРБИЯЛЫК ИШТИН УЮШТУРУЛУШУ

Колледждеги тарбиялык иш социалдык активдүү, адептүү, билимдүү инсандын өнүгүшүнө, жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү адис болууда кесиптик билимдерди, жөндөмдүүлүктөрдү, көндүмдөрдү калыптандырууга, жалпы адамзаттык руханий жана маданий баалуулуктарга кошулууга, эстетикалык даамын, чыгармачыл потенциалды жана студенттин инсандыгын тарбиялоого өбөлгө түзүүгө багытталган.

Кесиптик орто билим берүү (Колледж) уюмундагы тарбиялык иш төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: рухий-адеп-ахлактык, ата мекендик, эстетикалык, укуктук, ден-соолукту сактоо, эмгек жана кесиптик тарбия.

Кесиптик орто билим берүү (Колледж) уюмунун жамааты тарабынан уюштурулган тарбиялык процесс төмөнкүлөргө багытталган:

- студенттердин ар тараптуу жана көп кырдуу ишмердүүлүгүн уюштуруу;

- ден соолугу жана адеп-ахлагы туруктуу жекече адамдын калыптанышы үчүн курдаштары жана чоңдор менен болгон маанилүү социалдык мамилелерди изилдөө;

- коомго керектүү жана жекече маанилүү сапаттарды калыптандыруу;

- коомдук баалуулуктарга негизделген, чөйрөгө, табиятка, адамдарга, илимге жана маданиятка туура мамилени калыптандыруу.

Студенттер менен тарбия иштери

КОББ (Колледждин) студенттик кеңешинин түзүмү

Айбек уулу Альберт

Студенттик кеӊештин төрагасы, АРХ-1-24 тобунун студенти

Максатова Арууке Максатовна

Окуу-уюштуруу сектору, ДАС-9-1-24 тобунун студенти

Байышова Айгул Куттубековна

Административдик-чарба сектору, МЕН-9-1-24 тобунун студенти

Армеева Баяна Эдилбековна

Социалдык-патриоттук сектору, ДАС-9-1-24 тобунун студенти

Исакова Мирзат Жабдасыновна

Массалык-маданий сектору, ДК-9-2-24 тобунун студенти

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар