Эл аралык ишмердүүлүк
И. Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (Колледжинин) эл аралык ишмердүүлүгү чет элдик билим берүү жана кесиптик уюмдар, билим берүү тармагындагы эл аралык уюмдар менен байланыштарды жана кызматташтыкты түзүүгө багытталган.
Эл аралык ишмердүүлүк билим берүү ишмердүүлүгүнүн сапатын заманбап дүйнөлүк талаптардын деңгээлинде камсыз кылуу, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо, билим берүү процессин өркүндөтүү жана эл аралык тажрыйбаны чыгармачылык менен пайдалануунун негизинде адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу аркылуу КОББ (Колледждин) билим берүү кызматтарынын рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт. Жакын жана алыскы чет өлкөлөрдүн окуу жайлары менен кызматташуу окуу материалдарына жана ресурстарына жеткиликтүүлүктү, тажрыйба алмашууну жана квалификацияны жогорулатууну, окутуучулардын жана башка адистердин илимий изилдөөлөрүн жүргүзүүнү шарттайт.
КОББ (Колледж) эл аралык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн:
- Билим берүү тармагында чет өлкөлүк уюмдар жана жарандар менен кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзөт.
- Эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүнө жана эл аралык билим берүү, илимий-изилдөө жана илимий-техникалык долбоорлорду, конференцияларды, семинарларды, чыгармачылык конкурстарды жана фестивалдарды өткөрүүгө катышат.
- Билим берүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында чет элдик студенттерди окууга, педагогикалык кызматкерлерди квалификациясын жогорулатууга кабыл алат.
2025-жылдын 19-21-ноябрында Түркстан шаарында (Казакстан Республикасы) Түркстан Жогорку Көп тармактуу Кол өнөрчүлүк Колледжинин 90 жылдыгына арналган «Мерей-Фест» эл аралык конкурсу болуп өттү.
Иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдөн 24 билим берүү мекемесинин өкүлдөрү катышты. Эл аралык эксперт катары Езиева Марьям Мухтаровна – комиссиянын төрайымы, Акдениз университетинин (Анталия ш., Түркия) доценти, PhD, жогорку мода жаатындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты, кесипкөй мода дизайнери катышты.
И. Раззаков атындагы Кырыз мамлекеттик техникалык университетинин Кесиптик орто билим берүү (Колледжи) эл аралык деңгээлде өзүн мыкты көрсөтүп, жогорку кесиптик жетишкендиктерди көрсөттү.
ДK-9-1-2-22 тобунун катышуучулары:
* Айтурган Эмилбекова
* Сара Машарипова
* Мадина Сулайманова
Активисттер:
* Зарина Пирматова
* Нурайым Байтикова (ДK-9-2-23 тобу)
Жетекчилери:
* Элиза Тенти кызы
* Зарина Давлетовна Эгембердиева
* Асел Ишенбековна Жакыпбекова
Колледждин чыгармачыл топтору мугалимдер жана адистик сабактар боюнча чеберлер арасында биринчи орунду ээледи. " Саймалуу-Таш жана кыл кыяктын жаңырыгы" биргелешип иштеген тобу биринчи орунду ээледи.
"Мурас" коллекциясы "Мерей-Фест" эл аралык сынагында эң мыкты коллекция деп табылды.

