Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Буюмдарды көркөм долбоорлоо


«Буюмдарды көркөм долбоорлоо»

Технологиялык факультетинин курамындагы «Буюмдарды көркөм долбоорлоо» кафедрасы женил ѳнѳр жай жана мода ѳндүрүшү үчүн адистерди тѳмѳнкү багыттарда даярдайт:

Бакалавриат багыты:

-570700 «Костюм жана текстиль искусствосу», профилдери: «Костюмду көркөм долбоорлоо» жана «Текстиль буюмдарды көркөм долбоорлоо»

КР билим жана илим министрлигинин № LD170001104 лицензиясы , регистр. № 17/0325  Бишкек ш, 2017-жыл,  № 6-тиркеме.

-570400 «Дизайн» профили: «Кийим дизайны»

КР билим жана илим министрлигинин  № LD170001104 лицензиясы, регистр. № 17/0325  Бишкек ш, 2017-ж, № -4 тиркеме.

Магистратура багыты:

-570700 «Костюм жана текстиль искусствосу», профилдери: «Костюмду көркөм долбоорлоо» жана «Текстиль буюмдарды көркөм долбоорлоо»

КР билим жана илим министрлигинин № LD180000543  лицензиясы,  № 1-12-6  протокол 02.08.2018-ж. , регистр. №  18/0352., Бишкек ш, 2017-ж, № 2- тиркеме

Бүтурүүчүнүн профессионалдык ишмердиги болуп костюмдун концепциясын иштеп чыгуу, аны материалда кѳркѳм аткаруу текстиль жана женил ѳнѳр жайдын кѳйгѳйлүү суроолорун жана маселелерин чече билүү, композиция, мода ѳндүрүшүнүн маркетингин, мода жана стиль чѳйрѳсүн мыкты билүү. Кѳркѳм долбоорлоонун инновациялык жана салттуу ыкмаларын колдонуу жана массалык ѳндүрүштѳ ишке ашыруу болуп эсептелинет.

Биздин бутурүүчүлѳр дизайнер жана модельер болуп мода үйлѳрүндѳ, ателье, дизайн-студияларда, женил ѳнѳр жайдын текстиль жана тигүү ишканаларында иштей алышат

Болочок костюм жана текстиль боюнча дизайнерлер кездемени, кийим, баш кийимди, аксессуарларды рыноктун заманбап суроо-талабына ылайык кѳркѳм долобоорлоп даярдашат.

БКД кафедрасынын  мугалимдери жогорку профилдик билими бар, ѳз чѳйрѳсүндѳгү тажрыйбалуу адистер.

Биздин студенттер кѳптѳгѳн республикалык жана эл аралык кѳргѳзмѳ ,сынактарга катышып келишет, алардын ичинде: «Неделя моды», «Адмиралтейская игла», «Жас Оркен», «Бабалар мурасы», «Нетрадиционный новый год» , «Экобаштык», «Оймо» «Fashion industry», «Про-фэшн», «Мода чебери», «Био-KG», фестиваль «Жаштар кэмп» ж. б.

БКД кафедрасы женил ѳнѳр жай тармагынын алдынкы ишканалары менен, дизайнерлер, кыргызстандагы жана чет ѳлкѳлкѳдѳгү жогорку жана орто билим берүү жайлар менен тыгыз кызматташууда.