Тоо-кен машиналары жана электромеханика

«Тоо-кен машиналары жана электромеханика» кафедрасы 1964-жылы түзүлүп, бүтүрүүчү кафедра болуп саналат. «Тоо-кен электромеханикасы» кафедрасы (мындан ары – ГМиЭ) академик У. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинин алдыңкы окуу бөлүмдөрүнүн бири болуп эсептелет.

1964-жылдан 2011-жылга чейин кафедраны төмөнкү жетекчилер башкарган:
т.и.к. Шабанов Л.Ф.,
т.и.к. Хорошев О.В.,
т.и.к. Борзых А.Ф.,
т.и.д., профессор Иванов К.И.,
т.и.д., профессор Шамсутдинов М.М.,
Висуркаев У.В.,
т.и.д., профессор, МИАнын академиги Абдраимов С.А.,
т.и.д., профессор, КР УИАнын академиги Джуматаев М.С.

Азыркы учурда кафедраны т.и.к., профессор Орозов К.К. жетектейт.

Ишмердүүлүгү

«Тоо-кен машиналары жана электромеханика» кафедрасы илимий-билим берүү, окуу-методикалык, уюштуруучулук жана тарбиялык иштерди жүргүзөт. Кафедра «Тоо инженери» квалификациясын ыйгаруу менен төмөнкү адистиктер боюнча адистерди даярдайт:

  • «Тоо-кен машиналары жана жабдуулары»
  • «Тоо-кен өнөр жайынын электромеханикасы»

Ошондой эле төмөнкү багыттар боюнча бакалаврларды даярдайт:

  • «Технологиялык машиналар жана жабдуулар»
  • «Электроэнергетика жана электротехника»

Окуунун мөөнөтү:

  • адистер үчүн – 5 жыл,
  • магистрлер үчүн – 2 жыл,
  • бакалаврлар үчүн – 4 жыл.
Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар