Автоунаа транспорту

«Автомобилдик транспорт» кафедрасынын билим берүү максаттары

Кафедранын билим берүү максаттары – 670200 «Транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстерди эксплуатациялоо» багыты боюнча конкурентке жөндөмдүү бакалаврларды жана магистерлерди, кесиптик багыттагы бүтүрүүчүлөрдү, ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо. 05.22.10 «Дөңгөлөктүү жана чынжырлуу тамандуу машиналар жана алардын эксплуатациясы» адистигинде билим алып, долбоорлоо, автомобил куруу, эксплуатациялоо, техникалык тейлөө, сервис, кайра иштетүү, ресурсту үнөмдөө, диагностика жана автомобилдик жана атайын техниканын техникалык абалын баалоо сыяктуу кесиптик ишмердүүлүктө керектелүүчү негизги теориялык билимдерге, практикалык көндүмдөргө жана компетенцияларга ээ болушат. Бул программалар заманбап жана келечектүү транспорт каражаттарын, анын ичинде гибриддик унаалар, электромобилдер жана аба транспорту үчүн жергиликтүү тейлөөчү машиналарды камтыйт.

Билим берүү программаларынын тизмеси:

670200 «Транспортук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багыты боюнча бакалаврларды даярдоо

Профилдер:

1. Автомобилдер жана автомобилдердин өндөрүшү 

2. Автомобилдерди тейлөө 

3. Аба транспортун жерде камсыздоочу транспортук-технологиялык машиналарды колдонуу 

4. Автомобилдерди куруу 

5. Электромобилдер жана автомобилдердин электржабдыктары 

 

670200 «Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багыты боюнча магистрлерди даярдоо

Программалар:

  1. Транспортук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди техникалык эксплуатациялоо 

  2. Транспортту, транспортук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди тейлоо

  3.  Транспорттун, транспортук-технологиялык машиналардын жана жабдуулардын тхникалын абалын экспертизалоо жана баалоо

 

Биргелешкен билим берүү программалары боюнча магистрлерди даярдоо

670200 «Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багыты боюнча космостук (эки дипломдуу) магистрлерди даярдоо программасы «И.Раззаков атындагы КГТУ» менен Россия Федерациясынын Новосибирск мамлекеттик агрардык университети (23.04.03 «Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багыты) менен биргеликте бирдиктүү окуу планы боюнча жүзөгө ашырылат.

 

Жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо:

  1. Аспирантура, PhD жана докторантура, адистик 05.22.10 «Дөңгөлөктүү жана чынжырлуу машиналар жана алардын эксплуатациясы»

 

Кесиптик багыттагы бүтүрүүчүлөрдү даярдоо (курстар):

  1. «Автослесарь (тежөөчү система, мотор, трансмиссия)»

  2. «Автослесарь-диагност»

  3. «Автослесарь-электрик/электронщик»

  4. «Автоунааларды боёочу маляр»

  5. «Автотранспорт уюмдары үчүн контролдук механик»

 

Түзүлгөн күндөн тартып азыркы учурга чейинки кыскача тарыхы

Кыргыз ССРдин улуттук экономикасынын өнүгүшү жана республиканык географиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, ал жерде 98%га чейин жүк жана жүргүнчү ташуулар автоунаа транспорту аркылуу жүргүзүлгөн, бул транспорттун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу, техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн инженер-техникалык кадрлар зарыл болгон.

Ошондуктан, 1955-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтуна (ачылган 1954-жылы) биринчи жолу «Автомобилдик транспорт» адистиги боюнча студенттер кабыл алынган. Аларды 1957-жылы бүтүрүү үчүн атайын «Автомобилдик транспорт» кафедрасы түзүлгөн. Кафедранын биринчи башчысы болуп техникалык илимдер кандидаты, доцент Г. Ф. Скалов дайындалган. Ал кафедраны 1957–1970-жылдар аралыгында жетектеген.

Кафедранын кийинки жетекчилери: А. С. Яхно (1970–1973); П. С. Мальковский (1973–1974); О. Б. Бекетаев (1974–1981, 1984–2004); А. Р. Ильясов (1982–1984); В. И. Глазунов (2004–2005); С. А. Абакиров (2006–2011) У. Р. Давлятов (2011–2026).

Узак жылдар бою кафедра өзүнүн окуу, илимий жана изилдөө потенциалын кеңейтүү менен бекемдеди. 2007-жылы кафедра жарым кылымдык мааракесин белгиледи. Чоң масштабдуу майрамга кафедранын ветерандары, ар кайсы жылдардын бүтүрүүчүлөрү, университеттин жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн башка жогорку окуу жайларындагы кесиптештери жана студенттери чакырылган.

Азыркы учурда «Автомобилдик транспорт» кафедрасы 670200 «Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багыты боюнча студенттер жана магистранттар менен окуу, окуу-методикалык, уюштуруу-методикалык, илимий-изилдөө жана тарбиялык ишмердүүлүктү жүргүзөт, ошондой эле 05.22.10 «Дөңгөлөктүү жана чынжырлуу машиналар жана алардын эксплуатациясы» адистигинде жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды (аспирантура) даярдайт.

«Автомобилдик транспорт» кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамына төмөнкүлөр кирет: кафедра башчысы, техникалык илимдердин кандидаты, доцент С. Ю. Дресвянников, техникалык илимдердин доктору, профессор У. Р. Давлятов, техникалык илимдердин кандидаты, доцент Б. У. Акунов, техникалык илимдердин кандидаты, профессор А. А. Солнцев (МАДИ профессору, кошумча иштөө), техникалык илимдердин доктору, профессор А. А. Долгушин (НГАУ профессору, кошумча иштөө), техникалык илимдердин кандидаты, доцент Э. Т. Кадыров (кошумча иштөө). Башкы мугалимдер: Т. О. Иманалиев, У. А. Калназаров, Р. Т. Бопушев, А. Н. Мамцев, К. М. Жолдошбаев (кошумча иштөө). Окуу-колдоо персоналы: лаборатория жетекчиси К. М. Жолдошбаев, методист Н. Тогузаков, лаборант Э. Мамытканов.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар