Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


«АВТОУНАА»  МИНБАРЫНЫН ТАРЫХЫ 1957 - 2020 ЖЫЛЫ

1957-жылы т.и.к., доцент Г.Ф. Скаловдун жетекчилиги менен «Автоунаа» минбары түзүлгөн. Кийинки жылдары окуу тартибине карата «Автомобилдин электр жабдуулары», «Автомобилдин түзүлүшү», «Автомобилдерди техникалык пайдалануу», «Автомобилдерди оңдоо», «Кыймылдаткычтарды сыноо» жана «Пайдаланылуучу материалдар» лабораториялары негизделген.

1960-жылы Автоунаа минбарынын инженерлер-механиктердин биринчи чыгарылышында эки т.и.к., доценти Скалов Г.Ф., Потоцкий Е.Ф., эки улук окутуучу Дардык Д.Ч., Касьянов А.Г., эки лаборант Даутов А., Галактионов М. жана бир окуу мастер иштеген.

Кафедра уюшулган күндөн баштап кафедрада шайланган башчылар

«Автоунаа» кесибинин өнүгүшү менен, окуу топторунун көбөйүшү менен, кечки жана сырттан окуулары ачылган, факультетте тажрыйбаканалар кеңейген жана жаңы окуу-тажрыйбалык жабдуулар, приборлор жана окуу-көрсөтмө куралдар менен камсыздалган. «Пайдаланылуучу материалдар» жана «Автомобилдерди техникалык пайдалануу» тажрыйбаканалары эбегейсиз кеңейтилген.

Кийинки жылдарда минбарга ФПИнун бүтүрүүчүлөр-отличниктер кабыл алынган, илим-педогогикалык иштерине шыктуулугун көрсөткөндөр Камалов Х.К., Мальковский П.С., Халмурзаев Б.Б., Глазунов В.И., Ильясов А.Р., Бекетаев О.Б., ошондой эле ишканадан  тажырыйбалуу инженер-механиктер Нусупов Э.С., Бойко А.А., Доломанов Е.А., Яхно А.С. жана башкалар.

Кафедра башчысы Г.Ф. Скалов 1974 ж.

1970-жылдары «Автоунаа» минбарында 20 профессорлук-окутуучулук курам кызматкерлер жана 7 окутуучу-көмөкчү кызматкерлер иштеген. Алардын ичинен төртөө техника илимдеринин кандитаттары:  Скалов Г.Ф., Медеркулов Д.М., Нусупов Э.С., Глазунов В.И.

Г.Ф. Скаловдун өздүк баракчасы

1970-жылы бул кесиптин өнүгүүсү менен Кыргыз ССРнин билим берүү Министиринин буйругу менен минбар экиге бөлүнгөн: «Автомобиль жана автомобиль кыймылдаткычтары» - минбар башчысы   Нусупов Э.С. жана «Автомобилдерди техникалык пайдалануу жана оңдоо» - минбар башчысы Яхно А.С. окуу сабактарын бекемдеп, жаңы уюшулган минбарларга окуу-тажырыйбаканалары, профессорлук-окутуучу курамы жана окутуучу-көмөкчү кызматкерлер бөлүнгөн.

Студенттерди тайпага кабыл алуу 1963 ж.

«Автомобилдер жана автомобиль кыймылдаткычатар» минбарына «Автомобилдер жана автомобиль кыймылдаткычатары» жана «Автомобилдин электр жабдуулары» окуу сабактары жана тажрыйбаканалары бекитилген.

«Автомобилдерди техникалык пайдалануу жана оңдоо» минбарына окуу сабактары жана тиешелүү тажрыйбаканалары бекитилген: «Пайдаланылуучу материалдар», «Автомобилдерди техникалык пайдалануу», «Автомобилдерди оңдоо жана өндүрүү», «Автомобилдик ташуулар».

1957-2020 жылына чейинки кафедра башчылары схема

1982-жылы адистердин классификаторунун өзгөрүшү менен жана автоунаанын адистеринин бөлүнүшү менен «Автомобиль жана автомобиль чарбасы» жана «Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу» минбарлары кайрадан тузулгон.

«Автомобилдерди ондоо жана техникалык пайдалануу» минбары «Автомобиль жана автомобиль чарбасы» минбарына которулган жана «Автомобилдерди техникалык пайдалануу», «Автомобилдерди оңдоо өндүрүшү» адистиктери менен – минбардын башчысы болуп т.и.к., доцент  Ильясов А.Р. дайындалган.