Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

[Translate to Кыргызча:] История центра


И.Раззаков атындагы КМТУ

СК ИИИ жана   КжА ИТБ

Кыскача маалымат. "Сейсмотуруктуу курулуш" Илим-изилдөө институту (СК ИИИ) Н.Исанов атындагы мурдагы  КМКТАУда иштеп баштаган, ал КМКТАУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими жана ректордун буйругу (№1/7, 29-январь 2013-жыл) менен түзүлгөн. КМКТАУда СК ИИИ жалгыз илимий түзүм болуп, университеттин кафедраларынын бардык илим-изилдөө, инновациялык жана долбоорлоо иштерин координациялап турган. СК ИИИ ал кезде юридикалык макамга  ээ болгон эмес. СК ИИИнун курамына КМКТАУнун "Технопарк" Илим-технология борбору кирген (ал 1996-жылы түзүлгөн, 2016-жылы курамга киргенине байланыштуу кайрадан катталган). Эки түзүмдүн директору болуп т.и.д., профессор Мендекеев Р.А. дайындалган, ал азыркы убакта дагы И.Раззаков атындагы КМТУда бул түзүмдөрдүн жетекчиси катары ишин улантууда.

    2022-ж. КРнын Президентинин Жарлыгына ылайык 3 ЖОЖ, а.и. КМКТАУ дагы КМТУга бирикти-рилип, анын курамына СК ИИИ жана «Технопарк» ИТБ да кирди. СК ИИИ КМТУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими (№4 протокол, 2022-жылдын 28-декабры) менен юридикалык жак макамына ээ болуп кайра түзүлүп, 2023-жылдын 25-январында мамлекеттик каттоодон өткөн (күбөлүк №213707-3301-М-е).

“Сейсмотуруктуу курулуш” Илим-изилдөө институту» (СК ИИИ КМТУ) деп аталып, курулуш жана архитектура тармагындагы КМТУнун мамлекеттик бюджеттен каржыланган жана башка илим-изилдөө иштерин уюштуруу, координациялоо жана багытында иш жүргүзөт.

Ошондой эле, КМТУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен (№5 протокол, 2023-жылдын 3-марты) юридикалык жак макамына ээ болгон «Курулуш жана Архитектура» Илимий-техникалык борбору» (КжА ИТБ КМТУ) түзүлүп, 2023-жылдын 25-январында мамлекеттик каттоодон өткөн (күбөлүк №11666-3301-М-е). Бул борбор СК ИИИ КМТУ жана университеттин башка кафедралары менен окумуштууларынын илим-изилдөө жана конструктордук иштеринин натыйжаларын коммерциялаштыруу жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Бул максаттарга жетүү үчүн министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар жана башка өнөктөш-кардарлар менен келишимдер түзүлөт.