Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Мектептеги тамактануу боюнча Республикалык компетенциялар борбору


И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын окуу жайларынын ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча Республикалык компетенция борбору жайгашкан.

Республикалык компетенция борбору Билим берүү жана илим министрлиги, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан ишке киргизилди.

РСК Россия өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана Россиянын өнөр жай тамактануу институтунун (SIFI) техникалык колдоосу менен түзүлгөн.

РСК өлкөдө мектеп тамак-ашынын улуттук программасын туруктуу жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ашпозчуларды, ашкана кызматкерлерин жана мектеп тамак-ашын уюштурууга катышкан кызматкерлерди окутуу жана кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу максатын көздөйт. Борбор эл аралык мыкты тажрыйбаларды, акыркы технологияларды жана окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен туура тамактанууну жайылтат жана мектеп тамактарынын сапатын жогорулатат.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы Өкүлү Кодзиро Накай айткандай: “ВПП ООН менен Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасындагы балдардын сергек жана жигердүү жашоосу үчүн биргелешип иш алып барууда. Республикалык компетенция борбору алдынкы тажрыйбаны республика боюнча жайылтууга, жаны методдорду иштеп чыгууга жана мектепти тамак-аш менен камсыз кылуунун улуттук программасын ишке ашырууга жана сапатына контолдоого мүмкүндүк берет. Бул борбор башка окуу жайларында тамактануу программасын кеңейтүү үчүн баштапкы чекит болуп кызмат кылат деп ишенебиз».

«КМТУнун базасында РЦКнын ачылышы кокусунан эмес, анткени университет тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча адистерди даярдоо боюнча лидер болуп саналат.
Республикалык компетенция борбору КМТУнун базасында түзүлгөн, анткени техникалык университет окуу жайларында тамактануу маселелери менен алектенген адистерди даярдоо программаларын ишке ашыруу жана методдорду иштеп чыгуу үчүн керектүү окуу-методикалык базага ээ. Республикалык компетенция борборундагы окуу теориялык сабактарды да, практикалык иштерди да камтыйт. Бул үчүн борбордо окуу залы жана өндүрүштүк базалар бар, анда окуунун катышуучулары билимдерин бекемдей алышат. Мектептин тамактануусун оптималдаштыруу программасы ишке ашырыла турган мектептердин жана башка окуу жайлардын ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери БУУ жана SIFIнин техникалык колдоосу менен Республикалык компетенция борбору тарабынан иштелип чыккан программалар жана усулдар боюнча окутулат.