Электр менен камсыздоо
««Электр менен камсыздоо» кафедрасы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) Энергетика институтунун (ПЭИ) алдыңкы окуу жана илимий кафедраларынын бири болуп саналат жана бүтүрүүчү кафедра статусуна ээ. КМТУнун башка кафедралары менен бирдикте бакалавр, магистратура жана аспиранттарды даярдоону ишке ашырат, ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерин кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга катышат жана «Электрэнергетика жана электротехника» багыты боюнча «Электр менен камсыздоо» программасы боюнча Кыргыз Республикасынын базалык кафедрасы болуп саналат. Магистратура даярдоо “Электр менен камсыздоо системаларында энергияны үнөмдөөнүн актуалдуу маселелери” программасынын алкагында окутулат. Жетекчилери: техника илимдеринин кандидаты, профессор Манас Асанбекович Суеркулов, доценттер: Куржумбаева Роза Бейшембековна, Рырсалиев Абдыкерим Сатиканович, Асиев Абай Турусбекович.
Кафедра башчысы - Асанов Азамат Курманкулович.
Электр менен камсыздоо – бул керектөөчүлөрдү электр энергиясы тутумунан берилүүчү электр энергиясы менен камсыз кылуу.
Электр менен жабдуу уюмдары электр энергиясын өндүрүүдө, өткөрүүдө, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө талап кылынган ишенимдүүлүк деңгээлин, чыңалуу деңгээли боюнча электр энергиясынын керектүү сапатын, электр тармактарынын жана көмөкчордондорунун электр жабдууларын тейлөөнүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун электр тармактарынын бардык элементтерин эксплуатациялоодо жогорку технико-экономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылууга тийиш.
Кафедранын бүтүрүүчү – кеңири профилдеги адис. Ал электр энергиясын берүү, бөлүштүрүү жана керектөө менен байланышкан бардык тармактарда иштей алат; ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин техникалык каражаттарын жана чарбалык тармактарын электр менен жабдуу системалары; ошондой эле аспирантурада билимин улантып, илимий-педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенет. «Электрэнергетика» программасынын бүтүрүүчүлөрү фундаменталдык жана адистик даярдыгына ылайык төмөнкүдөй иштерди аткара алышат:
— долбоорлоо-конструктордук жана өндүрүштүк-технологиялык;
— илимий-изилдөөчүлүк;
— эксплуатациялык;
— монтаждоо-жөнгө салуу;
— уюштуруучулук-башкаруучулук.
Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишинин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
• электр чордондору жана көмөк чордондору, электр чубалгылары,
• электр энергия системалары;
• техникалык каражаттарды жана экономика тармактарын, атап айтканда тоо-кен өнөр жайын электр менен жабдуу системалары;
• жогорку чыңалуудагы электр энергиясы, техникалык, физикалык жана технологиялык түзүлүштөр;
• электр энергетикасында автоматтык башкаруу жана релелик коргоо приборлору;
• альтернативдик жана кайра жаралуучу энергия булактарына негизделген электр чордондору, электр чордондору жана комплекстери;
• ГЭСтер жана гидроэлектростанциялар
КЫСКАЧА ТАРЫХЫ
1971-жылы «Ѳнѳр жай ишканаларын электр менен жабдуу» кафедрасы түзүлгѳн, биринчи кафедра башчысы доцент В.А. Юриков болгон (1971 – 1977 жж.). Ошондой эле кафедра башчылары болуп тѳмѳнкүлѳр иштеген: профессор К.Р. Рахимов (1977 – 1981 жж.), Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, доцент Н.С. Колодяжный (1981 – 1986 жж.), профессор М.А. Суеркулов (1986-1996 жж.), доцент С.С. Тохтамов (1996-1998 жж.), профессор И.С. Сариев (2001-2011 жж.), т.и.к., доцент А.С. Рырсалиев (2011-2017 жж.), т.и.к., доцент Р.Б. Куржумбаева (2018 ж.), т.и.к., доцент Б.Б. Айткеев (2018-2020 жж.), доцент Б.И. Сариев (2020-2024 жж.), т.и.к., доцент А.Т. Асиев (2024-2025 жж.). Азыркы учурда кафедра башчысынын милдетин аткаруучу А.К. Асанов.
Кафедра профессорлор жана доценттер М.А. Суеркулов, В.М. Касымова., И.С. Сариев, К.А. Сатаркулов, С.С. Кадыркулов, Т.А. Джунуев, А.Д. Кораблев, Н.С. Колодяжный, В.А. Юриков, В.Г. Ткаченко, М.В. Кудрук, А.У. Уметалиева, С.С. Тохтамовдордун жардамы менен түзүлгөн.
“Электр менен жабдуу” адистиги боюнча инженер-электриктердин биринчи бүтүрүүчүлѳрү 1973-жылы болуп, алар т.и.к. Ш.Б. Дикамбаев, т.и.к., доценттер С.С. Тохтамов, Б.К. Жусубалиева, ошондой эле С. Айтмамбетова, Ж. Орозбаева, Т. Бегалиев и Б. Абдразаев болгон.
Кафедранын алдыңкы окутуучуларынын ичинен Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер т.и.к., профессор М.А. Суеркулов, т.и.к., доценттер Р.Б. Куржумбаева, А.С. Рырсалиев, А.Т. Асиев, улук окутуучулар Ж.А. Бокоева, А.К. Асанов, Н.К. Джусупбекова, А.И. Джумаева, А.К. Кожоналиева, Г.Дж. Абдрахмановаларды белгилгеп кетсе болот.

