Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Тарбиялык иштер


Тарбия иштери.

             Кафедрада студенттерди тарбиялоо боюнча активдүү иш жүргүзүлөт. Тарбия иштери менен топтордун кураторлору алектенишет. Кафедрадан тарбиялык иштерине жооптуу – улук окутуучу Джумаева А.И.,ал эми көзөмөлдү кафедранын жетекчи Сариев Б.И жүргүзөт. Ата-энелер жана студенттер менен иш алып барууда, баарлашууда топтун кураторлору, академиялык кеңешчилери, тарбиялык иштерге жооптуулар жана кафедра башчысы да тыгыз байланышта.

              Жыл башында факультет тарабынан берилген пландын негизинде кафедранын окуу-тарбия иштеринин планы түзүлөт. Пландар кафедранын жыйынында талкууланат.

             Топтордун студенттери менен тарбиялык иштерди пландаштыруу жана жүргүзүү кураторлордун ишинин журналдарына түшүрүлөт. Кураторлордун ишин кафедранын тарбия иштери боюнча жооптуу кызматкерлери жана кафедра башчысы көзөмөлдөйт. Кафедранын отурумунда кураторлордун отчёттору угулат.

              Кафедрада 6 окутуучу куратордук иш менен алектенет:

ЭЭ(б) – 4 – 21 (ЭмЖ)          Сулайманова Н.О.

ЭЭ(б) – 5  – 21 (ЭмЖк)      Кожоналиева А.К

ЭЭ(б) – 5 – 20 (ЭмЖк)        Абдиева З.Э.

ЭЭ(б) – 6 – 20 (ЭмЖ)          Джусупбекова Н.К.

ЭЭ(б)т – 2 – 20 (ЭмЖ 21)   Джусупбекова Н.К.

ЭЭ(б) – 4 – 19 (ЭмЖ)          Джумаева А.И.

ЭЭ(б) – 5 – 19 (ЭмЖ к)        Кожоналиева А.К.

ЭЭ(б)т – 2 – 19 (ЭмЖ 20)   Джумаева А.И.

ЭЭ(б) – 4 – 18 (ЭмЖ)          Сулайманова Н.О.

ЭЭ(б) – 5 – 18 (ЭмЖ к)        Абдрахманова Г.Дж.

ЭЭ(б)т – 2 – 18 (ЭмЖ 19)   Абдрахманова Г.Дж.

              2021-2022-окуу жылында тайпалардын кураторлору түзүлгөн план боюнча белгилүү бир тема боюнча куратордук сааттарды өткөрүшөт. Ошондой эле сабакка катышуу жана окуу жетишкендиктери, студенттер менен мугалимдердин ортосундагы мамиле, санитардык нормаларды жана университет ичиндеги жүрүм-турум эрежелерин сактоо маселелери каралды.

              Кафедранын кураторлору төмөнкү иш-чараларды жүргүзүшөт:

1. Ден соолук. Студенттердин флюорографиядан өз убагында медициналык кароодон өтүүсүн көзөмөлдөшөт.

2. Уюштуруучулук - тарбиялык. Өз убагында тапшырылбаган сабактарын аныкташып (алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт), аз камсыз болгон студенттерди аныкташып, көйгөйлүү студенттердин ата-энелери менен жолугуп сүйлөшүп, студенттердин биометрикалык маалыматтарын чогултуп, университеттин кампус картасын алуу үчүн студенттердин маалыматтарын тапшырышат.

3. Маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү

«Электр менен камсыздоо» кафедрасынын студенттери факультеттик жана университеттик иш-чараларга активдүү катышышат.