Кафедранын илимий изилдөө иштери
И.Раззаков атн. КМТУ
Институттар
Энергетикалык институт
Электр менен жабдуу
Кафедранын илимий изилдөө иштери
Илимий-изилдөө ишинин (ИИИ) – негизги максаттарынын бири, белгилүү бир чөйрөдө жаңы илимий билимдерди жана жетишкендиктерди алуу же тереңдетүү болуп саналат жана квалификациялуу адистерди даярдоодогу маанилүү шарт болуп саналат. Мисалы, кандидат же доктор даражасын алуу үчүн, өз алдынча изилдөө ишин аткаруу керек. Илимий коомчулук, маалыматтык коомдун жана билимдин тынымсыз жаңыланып турган шартында маалыматтын агымында тез багыт алуу, талдоо, зарыл болгон нерсени бөлүп көрсөтүү, өз алдынча изилдөө жүргүзүү жана алардын натыйжалуулугун практикада далилдей билүү абдан маанилүү.
Электр менен жабдуу кафедрасында илимий иш тажрыйбалуу илимий жетекчилердин жетекчилиги астында аспиранттар, магистрлер жана жаш окумуштуулар менен бирдикте жүргүзүлөт.
Анын конкреттүү милдеттери бар:
- заманбап илимий изилдөө ыкмаларын киргизүү жана аларды практикада колдонууну үйрөтүү;
- аларды өз алдынча пландаштырууга жана илимий-изилдөө иштерин уюштурууга үйрөтүү;
- актуалдуу илимий проблемаларды бөлүп көрсөтүү жана аларды чечүүнүн жолдорун табуу;
- конкреттүү максаттарды коюу, гипотезаларды түзүү жана аларды иш жүзүндө далилдөө;
- эксперименталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- талаптарга ылайык изилдөөнүн жыйынтыгын тариздөөгө;
- алынган натыйжалардын тууралыгын жана алардын илим үчүн пайдалуулугун далилдөө, илимий талкууларда коомдук коргоо, конференцияларга, семинарларга катышуу жана башкалар аркылуу өз көз карашын коргоо.
Кафедранын илимий изилдөө иштеринин негизги багыттары:
- Электр менен жабдуу системаларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу
- Электр энергиясынын сапатын талдоо жана ЭЭС көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгуу.
- Электр менен жабдуу системаларынын электр жабдууларын эксплуатациялоонун эффективдуулугун жогорулатуу жана керектөөчүлөрду автоматташтыруу.
- Электр менен жабдуу системаларында энергияны үнөмдөөчү технологиялар
Кафедранын илимий иштери төмөнкү тематика боюнча иш алып барат:
Керектөөчүлөрдүн натыйжалуулугун пайдалануу ЭО СЭК жана автоматташтыруу – аткаруучу т.и.к., доцент Куржумбаева Р.Б.
2018-жылы жаңы лабораториялык төмөнкү такталар иштелип чыккан:
- Иштелип чыккан жаңы лабораториялык такта “Электроэнергетикада электромагниттик шайкештик” сабагы боюнча 6 лабораториялык иштер автору –улук окутуучу Асанов А.К.
- Иштелип чыккан жаңы лабораториялык такта “Электр менен тейлөө автоматикасы” сабагы боюнча 6 лабораториялык иштер автору – т.и.к, доцент Асиев А.Т.
- Иштелип чыккан жаңы лабораториялык такта “Асинхронддук кыймылдаткычтагы жыштыктардын өзгөрүүсүн изилдөө” сабагы боюнча 2 лабораториялык иштер авторлору – т.и.к, доцент Асиев А.Т., лаборатория башчысы Аманбаев И.
- “Электр энергиясынын сапатын башкаруу” сабагы боюнча иштелип чыккан жаңы лабораториялык такта “Бир фазалуу керектөөчүлөрдүн күчү менен которуунун түзүлүшү” автору – т.и.к, доцент Сариев Б.И.
- Иштелип чыккан эксперименттик лабораториялык орнотуу “Электр энергиясынын сапатынын көрсөткүчтөрүнүн элементтерин электр түйүнүндө изилдөө” автору – улук окутуучу Абдиева З.Э.
Кафедранын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган «Энергетика жана байланыш» Илимий-изилдөө институтунун илимий иштерине активдүү катышууда:
- Техникалык түзүлүштөрдү локациялоо жана издөө, жабыркоо күч электрдик кабелдерди иштеп чыгуу - каржылоо көлөмү 1,2 млн.сом– аткаруучу т.и.к., доцент Тохтамов С.С.
2020-жылга чейин КР күтүлбөгөн кубаттуулуктарды ишке киргизүү менен энергия системасынын ишин эске алуу боюнча ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана туруктуу режимдердин методикасын иштеп чыгуу жана эсептөө боюнча сунуштар - каржылоо көлөмү 1 млн.сом– аткаруучу улук окутуучу Асанов А.К.
2018-жылы кандидаттык диссертацияларды коргогондор: Касмамбетов Х.Т. жана Сариев Б.И.
Учурда кафедрада т.и.к., проф. Сүйөркулов М.А. жана т.и.к , доцент Рысалиева А.С. жетекчилигинин астында 7 аспирант окушууда.
Патенттер жана күбөлүктөр
И.Раззаков атн. КМТУ Институттар Энергетикалык институт Электр менен жабдуу Кафедранын илимий изилдөө иштери