«Электр менен жабдуу» кафедрасы «Энергетика жана электротехника» профили боюнча бакалавр жана магистратура программаларында адистерди даярдайт. Биз республикабызга жана коңшу мамлекеттерге жогорку квалификациялуу адистерди даярдайбыз.
Биз Орусиянын жана Казакстандын алдыңкы университеттери менен абдан тыгыз кызматташып келебиз. Мисалга алсак Москва энергетика институту, Казан мамлекеттик энергетика университети, Түндүк-Чыгыш федералдык университети, Томск политехникалык университети, Алматы энергетика жана байланыш университети ж.б.
Мыкты билимин көрсөткөн студенттерибиз Россиянын жана Казакстандын ЖОЖдорунда окуусун улантууга мүмкүнчүлүк алышат.