Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Күндүзгү бөлүм


И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалы


Күндүзгү бөлүмдүн тарыхы

 

Күндүзгү окуу бөлуму 2005-жылдан бери билим берүү кызматтары рыногунда иштеп келет. Ал Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн тоо-кен өндүрүшүнүн бардык тармактарында иштеген көптөгөн адистерди даярдады. Күндүзгү окуу факультетинин калыптануу тарыхы 1996-жылдан башталат. Ал ошол убакта Кызыл-Кыя филиалынын негизги бөлүмдөрү болгон Экономика жана Тоо-кен техникалык факультеттеринин негизинде түзүлгөн.

Факультеттин ар кандай мезгилдерде декандары болуп төмөнкүлөр иштеген:

  • Жаалалов А. Д. – Экономика-экология факультетинин деканы (2000–2002-жылдары).
  • Аширов Т. А. – Тоо-кен техникалык факультетинин деканы (2000–2005-жылдары).
  • Пшенова И. Н. – Күндүзгү факультеттин деканы (2005–2016-жылдары), ал 1992-жылы Томск Мамлекеттик Техникалык Университетин бүтүргөн.

Күндүзгү факультеттин методисти – Тоиров К. Х., ал 2002-жылы Академик Б. Гафуров атындагы Худжанд Мамлекеттик Университетин бүтүргөн.
Бүгүнкү күндө Күндүзгү окуу факультети университеттин бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Факультеттин күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттердин саны 197ден ашат.

Күндүзгү окуу факультети өзүнүн билим берүү ишмердүүлүгүн мамлекеттик стандарттардын негизинде жүргүзөт, бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү жогорку билим диплому берилет.

Факультеттин курамында төмөнкү кафедралар иштейт:

  • «Ишкананы башкаруу экономикасы» кафедрасы
  • «Тоо-кен техникалык кафедрасы»
  • «Каустобиолиттер геологиясы жана экология» кафедрасы
  • «Табигый-гуманитардык илимдер» кафедрасы