Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Аспирантура жана докторантура бөлүмү


Аспирантура - бул илимий жана–илимий педагогикалык кадрлдарды даярдоонун негизги формасы болуп саналат.
Аспирант - бул жогорку билими бар жана илимий кандидаттык даражага умтулган изденүүчү. Ийгиликтүү аспирант – бул аспирантурада
окуп, диссертациясын жазып жана алдын-ала коргоодон өткөн эсептелет.
Аспирантура
Аспирантура аркылуу жогорку кесиптик билим берүү жаатында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо
эффективдүү жана келечектүү болуп эсептелет.
Аспирантура илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоодо ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү системасында жана жарандарга
ЖОЖдун базасында билим алуу деңгээлин, илимий, педагогикалык квалификациясын жогорлатууда негизги форма деп эсептелет
Аспирантурага тапшырууда талап кылынуучу документтер:
1. ректордун ысымына илимий жетекчисинин кол тамгасы коюлган арызы;
2. өмүр баяны
3. кадрлар эсеби боюнча жеке баракчасы (3х4 -3даана сүрөт);
4. ЖОЖду аяктагандыгы дипломунун көчүрмөсү тиркемеси менен;
5. Эмгек китепчесинен көчүрмө;
6. Кафедранын отурумунан илимий жетекчиликке макулдугу менен
протоколунан көчүрмө;
7. жарыяланган илимий эмгектердин жана ойлоп табууларынын тизмеси
8. Тандап алган адистиги боюнча реферат
Окутуу күндүзгү жана сырттагы формада бюджеттик жана келишимдик негизде жүргүзүлөт.
Тапшыруу сынактары:
- мамлекеттик тил;
- тарых жана идимдер философиясы;
- чет тилдер (англ.,нем.,франц.,кытай ж.б.тилдер)
- педагогикалык чеберчиликтин мектеби;
- илимий изилдөөнүн методологиясы жана методдору.
- тандаган адистиги
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү –1- октябрадан
Аспиранттарды даярдоодо атайын билим берүү жана илимий-изилдөө программалардын жайылтылышы, толук жогорку билими бар кадрлардын
психилогиялык-педагогикалык билим берүү жана илимий ишти аткарууда кесиптик даярдалышын тереңдетип, илимий ишинин аткарылышы
кандидаттык даражага изденүү деңгээлине жеткирүү каралган.
И.Раззаков атындагы КМТУда илимдин жана илимий адистиктердин 56 тармагы боюнча жана илимий кызматкерлердин адистик
номенклатурасына ылайык аспирантарды жана изденүүчүлөрдү даярдоо жүргүзүлөт:
Аспирантурага жогорку билими бар жана илимий иштерде чыгармачыл ийгиликтерге жетишкендер сынактын негизинде кабыл алынат (кафедранын
сунуштамасы боюнча).
Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдикте башка чет өлкөлөрдүн жарандары да аспирантурада билим алууга укуктары бар.
Аспирантурада окутуу бюджеттик жана келишимдик негизде жүргүзүлөт
 күндүзгү окуу 3 жыл;
 сырттан окуу 4 жыл.
Аспиранттар кирүү эсебине алынгандан кийин 3 айлык мөөнөттө жеке планын, диссертациясынын темасын, илимий жетекчисин кафедрадан,
факультеттин Окумуштуулар кеңешинен, университеттин илимийтехникалык кеңешинен бекитишет.
Аспирантурадагы окуу - кандидаттык диссертацияны жазуу жана коргоо менен аяктайт. Кандидаттык сынактар атайын сабак боюнча келечекте
диссертацияны коргой турган жерде тапшырылат. Кандидаттык сынактар тапшырылган күндөн тартып 10 жылга чейин күчүндө болот.
Эгерде кандидаттык диссертациялар эки адистиктин чегинде аткарылса, изденүүчү ар бир адистик боюнча өзүнчө кандидаттык
сынактарды тапшырат.