Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Абитуриентке


АБИТУРИЕНТ-2020!

И.РАЗЗАКОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН

КАРА-БАЛТАДА ШААРЫНДАГЫ ФИЛИАЛЫНА

КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

   И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы Филиалы коомдун адеп-ахлактык, маданий жана илимий баалуулуктарын сактоо жана жогорулатуу менен заманбап технологияларды колдонуу менен техникалык кадрларды, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо үчүн түзүлгөн Чүй облусунун батыш аймагында жайгашкан билим берүү мекемеси.

    И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалы - Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелинет, жана бакалаврларды, ошондой эле орто кесиптик адистерин даярдоону жүргүзөт.

И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта ш. Филиалы орто кесиптик билим берүү адистерин даярдоо программасын ишке ашырат (2019-жылдын 26-июлундагы № С2019-0076 / 02 лицензиясы):

Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө окуу акысы – 18000 сом.

 

Адистиктин аталышы

Окутуу мөөнөтү

9 кл

11кл

Жер-мүлктүк мамиле

2ж 10ай

1ж 10ай

Коммерция (тармактар боюнча)

2ж 10ай

1ж 10ай

Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертизалоо

2ж 10ай

1ж 10ай

Газмунай түтүктөрүнүн жана газмунай сактоочу жайларын куруу жана иштетүү

2ж 10ай

1ж 10ай

Электр станциялары, тармактар жана системалар

2ж 10ай

1ж 10ай

Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)

2ж 10ай

1ж 10ай

Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу

(аба транспортунан башка транспортторунун түрлөрү боюнча)

2ж 10ай

1ж 10ай

Экология жана айлана- чөйрөнү коргоо

2ж 10ай

1ж 10ай

Филиалдын маалымат буклети жана видео-ролик

Тапшыруу үчүн талап кылынган документтер

  • Арыз (кабыл алынганда толтурулат);
  • Тиешелүү билим жөнүндө күбөлүк;
  • Кыргыз Республикасынын жалпы республикалык тестирлөө сертификаты (ЖРТ).
  • 3x4 өлчөмүндөгү алты сүрөт;
  • Абитуриенттин паспорту же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтер (аскердик кызмат өтөгөндөр үчүн - каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк же аскердик билет);
  • Талапкерди толук мүнөздөгөн башка документтер (олимпиадалардын дипломдору, спорттук мелдештер, сертификаттар).

Чет элдик жарандар үчүн

1. Тиешелүү билим жөнүндө документ;

2. Арыз ээсинин паспорту же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтер;

3. Аскер күбөлүгүнүн көчүрмөсү (аскердик кызмат өтөгөндөр үчүн);

4. 3x4 - 6 даана сүрөттөр.

5. Справка №086.

Студенттер жатакана менен камсыз болушат!

Социалдык жардам

   И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта ш. Филиалы студенттерин социалдык колдоо жөнүндө жобого ылайык, айрым категориядагы адамдарга, жетим балдарга, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн студенттерине контрактты төлөөдө олуттуу жеңилдиктерди берет.

Байланыш жолдору

Биздин дарек:

Байланыш телефондору:

  • (03133) 3-41-88 (директордун кабылдамасы)
  • +996 554 973097
  • +996 508 130288
  • +996 553 435227
Сапаттуу билим – ийгиликтүү карьерага жол биз менен!

 

Көрүшкөнчө, 2020-2021-жылдардагы КБФнын студенти.