Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


65-Эл аралык тармактык илимий-техникалык конференция

   2023-жылдын 30-мартында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Заманбап илим: актуалдуу маселелер, жетишкендиктер жана инновациялар” деген темада жаш окумуштуулардын, аспиранттардын жана студенттердин 65-Эл аралык тармактык илимий-техникалык конференциясы болуп өттү. Конференцияга биздин колледждин окутуучусу Тентимишева Асель Кармышевнанын жетекчилиги алдында “Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө” адистигинин студенттери катышты.

   Биздин студенттер «Электроника жана телекоммуникациялык системалар» секциясына бөлүндү. Студенттик конференциянын жүрүшүндө эң мыктылары аныкталып, анда биздин студенттер колледжде алган мыкты билимдери менен олуттуу жыйынтыктарды көрсөтүштү. Конференциянын жыйынтыгында төмөнкүдөй иштер өзгөчө белгиленди:

• «Электроника жана телекоммуникация системалары» секциясында ТОСВТ9-2-20 тобунун студенттери Суютбеков Айтенир жана Турдуматов Альберт «Бөлмө метеостанциясы» темасында иштөө менен 1-орунду алышты.

• «Электроника жана телекоммуникациялык системалар» секциясында TOСВT9-1-21 тобунун студенттери Шакиров Жанболот жана Казыбеков Кайрат «Автоматттык кормушка» темасы менен 2-орунду багындырышты.

Урматтуу студенттер, сиздерди татыктуу жеңишиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.

Окууда мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!

Бош орундардын жарманкеси – 2023

     2023-жылдын 29-мартында И.Раззаков атындагы КМТУда бош орундардын жарманкеси өттү. Иш-чаранын уюштуруучулары “Кадрлар индустриясы” жеңил өнөр жай билим берүү борбору жана “Жеңил өнөр жай продукциясынын технологиясы” кафедрасы болушту. Жарманкенин катышуучулары: ЖОЖдордун, колледждердин жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү; тигүү ишканалары; текстиль жана булгаары ишканалары.

    Иш-чараны куттуктоо сөзү менен И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.К.Чыныбаев ачты, андан кийин Эл аралык соода борборунун (ITC) GTEX программасынын менеджери А.И.Туйбекова сөз сүйлөдү. Ошондой эле Бишкек шаарынын алдыңкы тигүү ишканаларынын жетекчилери сүйлөдү. Жарманкеде Н.С.Аманова жана Р.К.Калдарбаева жетекчилиги алдында Политехникалык колледждин студенттеринин эмгектеринин коллекциялары көрсөтүлдү.

      Коллекция «Zero Waste» (калдыксыз) деп аталат. «Zero Waste» - бул чийки заттардын коромжу болушун азайтуу, мында конкреттүү дизайн чечими менен бардык жагынан туура келе турган кездемени табуу керек. Моделдер неоклассикалык стилде ар кандай фурнитура жана конструктивдик элементтерден оверсайз силуэтте жасалган. Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр тигүү жана текстиль ишканаларынын өкүлдөрү менен таанышып, алардан баалуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Эл аралык соода борбору (ITC) ишке ашырган Глобалдык текстиль (GTEX) жана тигүү программасынын техникалык колдоосу менен уюштурулду.

Видеосабактардын жардамы менен ЭОМК түзүү боюнча семинар

   2023-жылдын 30-мартында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин чоң жыйындар залында видеосабактарды колдонуу менен электрондук окуу-методикалык комплексти түзүү боюнча семинар болуп өттү. Спикер – «Механика жана өнөр жай инженериясы» кафедрасынын окутуучусу Душенова Марина Анарбековна болду.

     Семинарга Политехникалык колледждин окутуучулары катышып, семинардын темасы боюнча кызыктырган суроолорун бере алышты.

Математика, физика, астрономия жана информатика жумалыгы!

  Декаданын бешинчи жумалыгы табигый так илимдерине арналды – булар математика, физика, астрономия жана информатика. Билим декадасынын алкагында дубал гезиттердин, плакаттардын, буклеттердин жана макеттердин көргөзмөлөрү, ошондой эле «Информатика илим катары», «Компьютердин зыяндуу таасири» деген темада презентация сынактары, «Кроссворддор» оюну, «Компьютер – зыянбы же пайдабы?» деген темада дебат болуп өттү. 

  Колледждин окутуучулары төрт предметти (математика, физика, астрономия жана информатика) айкалыштырган ачык сабак катары өткөрүшүп, анда студенттер колледжде окуп жүргөндө үйрөнгөн өнөрлөрүн жана чыгармачылык иштерин тартуулашты. Студенттер ачык сабакта предметтерди үйрөнүүдөгү өздөрүнүн креативдүүлүгүн жана маалымдуулугун көрсөтүштү.

“Ийгиликке жол-2023: Билим. Илим. Кесип» студенттик илимий-практикалык конференция!

    2023-жылдын 17-мартында «Костанай облусунун билим берүү башкармалыгы» ББ, «Костанай политехникалык жогорку колледжи» жана Костанай облусунун акимиатынын билим берүү башкармалыгынын колдоосу жана демилгеси менен Динмухамед Кунаевдин 110 жылдыгына арналган «Ийгиликке жол – 2023: Билим. Илим. Кесип» студенттик илимий - практикалык конференциясы болуп өттү. Бул конференцияда биздин колледждин студенттери төмөнкү багыттар боюнча илимий докладдарын көрсөтүштү: Электроэнергетика, IT-технология, тамак-аш өнөр жайы жана автотранспорт.

   Студенттик илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы менен мыктылар аныкталып, алардын ичинен биздин студенттер чыгармачылыгы, маалыматтуулугу менен айырмаланып, олуттуу натыйжаларды жана колледжде алган мыкты билимдерин көрсөтүштү. Конференциянын жыйынтыгында төмөнкүдөй иштер өзгөчө белгиленди: • 1-орун – «Жогорку технологиялар STEM: практикалык чечимдер» секциясында ТОСВТ9-2-21 тобунун студенттери Талайбек уулу Биназир, Акназаров Назар «Киберкоопсуздук» темасындагы иши үчүн, жетекчи: Тентимишева Асель Кармышевна. • 3-орун «Жогорку технологиялар STEM: практикалык чечимдер» секциясында – ТОСВТ9-1-21 тобунун студенти Оболбекова Алтынай «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жабдууларды аралыктан башкаруу» темасындагы иши үчүн, жетекчи: Тентимишева Асель Кармышевна.

Биздинколледждинстуденттеринтатыктуужеңиштеримененчынжүрөктөнкуттуктайбыз, аларгамынданаркыийгиликтердижанажаңыжетишкендиктердикаалайбыз!

Сиздердин жеңиш - биздин сыймык!

«БИЛИМ ДЕКАДАСЫ -2023» Тилдер жумалыгы

  “Тил – элдин жаны” деп акылмандарыбыз айткандай, “Билим Декадасынын” алгачкы эки жумалыгы “Эл аралык эне тил күнүнө” арналып, кыргыз, орус, англис тилдерин бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар уюштурулду. Декаданын алкагында орус тили жана адабияты боюнча дубал гезиттердин, плакаттардын, буклеттердин жана «Орус тили — улуттар аралык байланыштын тили» деген темада сүрөттөрдүн көргөзмөсү болуп өттү.

     Ошондой эле 15-февраль күнү «Мекен жана тил жөнүндө поэтикалык саптар» деген темада орус адабияты боюнча көркөм окуу сынагы өткөрүлүп, студенттер өз таланттарын көрсөтүшүп, классикалык адабиятка болгон сүйүүсүн көрсөтүштү. Сынакка 9-класстын базасында 1-курстун бардык группаларынын студенттери катышып, сынактын негизинде калыстар тобунун чечими менен төмөнкү орундар берилди:

- 1-орун – КМТШИ9-1-22 тобунун студенти Туралиева Уулжан, Михаил Дудиндин «Песня русскому языку» ыры менен;.

- 2-орун – ТОСВТ9-1-22 жана ТОРАТ9-1-22 топторунун студенттери Керимов Адилет жана Акылбеков Султан-Ахмед, Расул Гамзатовдун «О Родине» жана Сергей Есениндин «Гой ты, Русь моя родная» ырлары менен.

- 3-орун – Сыдыков Султан (гр. ОПУТ9-1-22), Эралиев Акбар (гр. ТОСВТ9-2-22) жана Полукаров Давид (гр. ЭС9-1-22) Сергей Есениндин «Спит ковыль…», Александр Сергеевич Пушкиндин «К Чаадаеву …» жана Татьяна Егорованын «Русский язык» ырлары менен.

     Мындан тышкары КМШТИнин адистигинин топторунун студенттери орус элдик ырлары, бийлери менен чакан концерт уюштурушту. Иш-чаранын соңунда студенттерге окууда пайдалуу чакан белектер ыйгарылды. Англис тили боюнча 2023-жылдын 13-февралында «Welcome to the World of English Language» («Англис тили дүйнөсүнө кош келиңиз») деген темада дубал гезиттин бет ачары болуп өттү, анда студенттер маданият, тил, атактуу инсандар жана өлкөнүн улуу өкүлдөрү жөнүндө иллюстрациялар түрүндө маалыматтар менен бөлүшүштү. Белгилей кетсек, олимпиадалык тестирлөө кыргыз тили, орус тили жана адабияты, англис тилдери боюнча предметтик олимпиадалар 2023-жылдын 14-февралында башталып, 18-мартка чейин уланат.

Тарых, Адам жана коом, Манас таануу жана КИУК жумалыгы!

  “Билим декадасы - 2023” төртүнчү жумалыгы, адамзаттын тарыхы жана анын коомдогу орду – бул тарых, адам жана коом, Манас таануу жана ПОПД сабактарына арналды. Декаданын алкагында колледждин студенттери жана окутуучулары тарабынан «Кыргызстандын тарыхы», «Дүйнөлүк тарых», «Кесиптик ишмердүүлүктү укуктук камсыздоо», «Адам жана коом», «Манас таануу» дисциплиналары боюнча дубал гезиттер жасалды.

    Ошондой эле окутуучулар жана колледждин администрациясы үчүн «Мамлекеттин символдору жана атрибуттары тарыхтын булагы» аттуу кызыктуу жана чыгармачыл оюн-сынак өткөрүлдү, Студенттерге Кыргызстандын Конституциясы жана валюталары тууралуу маалыматтык видеороликтер жана «Манасчы» тасмасы көрсөтүлдү. Эң негизгиси студенттер окутуучулардын жетекчилиги астында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болушуп, «Манастын уулу Семетей» спектаклинде алар кыргыз элинин улуу эпикалык үчилтигинин жаралуу тарыхынын атмосферасына сүңгүп киришти.

География, химия жана биология жумалыгы!

    “БИЛИМ ДЕКАДАСЫ – 2023” үчүнчү жумалыгы бизди курчап турган дүйнө жана анда болуп жаткан процесстердин өз ара байланышы – география, химия жана биология тууралуу сабактарга арналды. Декаданын алкагында дубал гезиттердин көргөзмөсү, студенттердин чыгармачылык иштери, «Таштандыдан киреше», «Керексиз нерселер жаңы ыкмада» деген ураандын алдында кол өнөрчүлүк көргөзмөсү, «Колледжди гүл менен кооздоо» экологиялык акциясы жана башкалар өткөрүлдү. «Дүйнөнүн өлкөлөрү» деген викторина жана «Химиялык заттарды жана кайра түзүүнү изилдөөнүн илимий ыкмалары» деген темада презентация сынагы өткөрүлдү. Ошондой эле, студенттер бир эле убакта олимпиадага катышышып, тандоо турдун жыйынтыгы боюнча мыктылар аныкталды.

Куттуктоо

    8-март  - Аялдардын эл аралык күнү, ал адамзаттын ажайып бир теңин даңктоо менен бирге, аялдардын саясий, экономикалык, социалдык жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктерин даңазалайт.
   8-март майрамына карата И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучусу Бердибаева Таалай Ыктыбаевна жаштарды окутууга, өнүктүрүүгө жана тарбиялоого кошкон зор салымы, колледжде жана университетте жигердүү иштегендиги үчүн КМТУнун Ардак грамотасы менен сыйланды.

Урматтуу, Таалай Ыктыбаевна, сизди татыктуу сыйлыкка ээ болушуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз, бул сиздин жогорку инсандык жана кесиптик сапаттарыңызды түздөн-түз ырастоосу. Сизге мындан аркы ийгиликтерди, алдыга койгон чоң максаттарды тез арада ишке ашырууну каалайбыз!

БСД (ЕНД)  ишке ашыруу боюнча салык инспектору менен жолугушуу

 2023-жылдын 25-февралында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №687 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун негизинде Колледждин кызматкерлери менен Биринчи Май районунун салык кызматынын ага инспектору Топчуев Рустам Закировичтин ортосунда «Жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (ЕНД)”  темасында жолугушуу болду. 
    Колледждин кызматкерлери бирдиктүү салык декларациясын толтуруу, жол-жобосу жана эрежелери боюнча кызыктырган суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.

«Инженерия – XXI кылымдын илими»

   2023-жылдын 21-февралында И.Раззаков атындагы КМТУнун жыйындар залында “Инженерия – XXI кылымдын илими” деген темада конференция болуп өттү.  Конференцияга И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучулары Тентишишева Асель Кармышовна жана Нуржанова Жаркын Нуржановнанын жетекчилиги алдында ТОСВТ9-1-21 группасынын студенттери катышты. 
Куттуктоо сөздөрүнөн кийин студенттер докладдарын коргоо үчүн төмөнкү секцияларга бөлүнүштү: 
     1-секция: Саламаттык сактоодогу биомедициналык инженерия жана IT:
     - Оболбекова Алтынай, баяндаманын темасы: “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн аралыктан башкаруу техникасын иштеп чыгуу”. 
     2-секция: Инновациялык технологиялар жана билим берүү тармагында:
   - Нурмухаммед Сабыркулов, Даниел Сабатаров, Улукбек Уланов баяндаманын темасы: “«Китеп дүкөнү» веб-сайтынын сервердик бөлүгүн иштеп чыгуу”.
   - Жеңишбеков Атабек Замирбекович баяндаманын темасы: “«Дарыгер» веб-сайтын иштеп чыгуу”.
     Конференциянын жыйынтыгында окутуучуларга жана студенттерге сертификаттар тапшырылды.   

Сертификат алган окутуучуларды жана студенттерди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди, жаңы ачылыштарды каалайбыз!

Билимдин Декадасынын экинчи тил жумалыгы!

    Билим Декадасынын экинчи жумалыгы да кызыктуу болду. Декаданын алкагында 2023-жылдын 21-февралында “Эл аралык эне тил күнүнө” карата кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу Мунара Конушбаева “Ызгаардагы ыр саптар” аттуу көркөм окуу сынагын уюштурду, студенттер белгилүү жазуучулардын чыгармаларынан ырларды даярдашып, алардын маанисин, мазмунун көркөмдөп айтып беришти. Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун мүчөлөрү төмөнкү студенттерге чакан белектерди тапшырышты:

   - 1-орун “Эне жүрѳгү” аттуу ыры менен ЭС9-2-22 группасынын студенти Бактыбеков Самат;

    - 2-орун “Сүйүү” ырларынан үзүндү жана “Эне тилин унуткандар” ыры менен ТОСВТ9-1-22 жана КМТШИ9-3-22 топторунун студенттери Абдималиков Бьидал жана Нажиева Аймээрим;

  - 3-орун “Эне тилин унуткандар”, “Кыргыз тоолору” ырлары менен ТОСВТ9-1-22, ТОСВТ9-2-22 топторунун студенттери Темирканов Ниеткабыл, Аликов Нурбол.

      Ошондой эле Декаданын алкагында кыргыз тилиндеги “Эне тилди барктайлы”, “Эне тилде сүйлөйлү” темасында дубал гезиттеринин көргөзмөлөрү болуп өттү. 18-февраль күнү англис тили окутуучулары тарабынан «Song in English» аттуу чакан концерт уюштурулуп, студенттер англис тилинде белгилүү ырларды аткарышып, «Золушка» жана «Красная шапочка» жомокторунан үзүндү коюшту. Белгилей кетчү нерсе, колледждин кызматкерлери үчүн да англис тилинин деңгээлин билүү боюнча креативдүү оюн тапшырмалар өткөрүлдү жана ага кызматкерлер кубаныч менен активдүү катышышты. Бардык иш-чаралардын жыйынтыгында катышуучуларга жана студенттерге таттуу белектер берилди.

     Жогорудагы иш-чаралардан тышкары орус тилинин окутуучулары тарабынан 20-февралда орус тили жана анын таза түрүндө сакталышы тууралуу үйрөтүүчү видеотасмалар сынагынын бет ачары болду. Анда студенттер өз алдынча чакан видеотасмаларды тартышты. Жыйынтыгында мыкты видеороликтер аныкталып:

- 1-орун ТОСВТ9-1-22 жана ТОСВТ9-2-22 топторунун орус тили жөнүндө жамааттык түрдө тартылган видеороликке берилди;

- 2-орун ТОР9-1-22 жана ТОР9-2-22 торторуна ыйгарылса;

- 3-орунду ЭС9-1-22, ЭС9-2-22, КМТШИ9-1-21 топтору алышты.

Студенттердин бардык иштерин биздин Instagram @college.kstu баракчабыздан көрүүгө болот.

БИЛИМ ДЕКАДАСЫ!

   Урматтуу достор, бул жумада биздин колледжде эң курч жана кызыктуу мезгил башталды, өзгөчө декада - Билим декадасы!

  БИЛИМ ДЕКАДАСЫ – окутуучулардын билим сапатын, кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана билим алуучулардын окуу, чыгармачылык жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган максаттуу, жамааттык, жеке, практикалык ишмердүүлүгүн чагылдырган иш-аракеттеринин формаларынын бири.

     Студенттер окууга эң активдүү катышып, билимин, шык-жөндөмүн өркүндөтүп турган учур. Билим декадасы 13.02.2023 – 19.05.2023. Билим декадасынын алкагында Предметтик олимпиадалар, Кесиптер чемпионаттары, дебаттар, презентациялар, сынактар, викториналар, мастер-класстар, коноктордун лекциялары, чыгармачылык, кол өнөрчүлүк боюнча иш-чаралар, дубал гезиттер, плакаттар, буклеттер, сүрөттөр көргөзмөлөрү, ж.б. өткөрүлөт.

     Регламентке ылайык “Билим декадасы – 2023” төмөнкүдөй тартипте өтөт:

1. Кыргыз, орус жана англис тилдеринин жумалыгы 13.02.2023-24.02.2023;

2. Биология, химия, география жана экология жумалыгы 27.02.2023-03.03.2023;

3. Тарых, адам жана коом, Манас таануу жана КИУЖК(ПОПД) жумалыгы 06.03.2023-10.03.2023;

4. Математика, физика, астрономия жана информатика жумалыгы 13.03.2023-17.03.2023;

5. Атайын адиститердин жумалыгы 20.03.2023-28.04.202; 6. АЧД (НВП) жана дене тарбия жумалыгы 02.05.2023-12.05.2023; 7. 2023-жылдын 19-майында салтанаттуу жабылышы.

Баарыңыздарга ийгилик жана эң сонун натыйжаларды каалайбыз!!!

Энергетиктер күнү!

    Энергетиктер күнү! Энергетиктер күнү – бүт өмүрүн өлкөнүн энергетикалык комплексин түзүүгө жана сактоого арнаган адамдардын майрамы, алар үчүн «жылуулук» жана «жарык» деген сөздөр бүтүндөй бир доор. Энергетиктердин күнүнө карата “Кыргызстандын Улуттук электр тармактары” тарабынан И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин төмөнкү окутуучулары: Табалдиева Бактыгуль Жылдызбековна, Бигазиева Калмира Жорупбековна, Дюшеева Чолпон Кубанычбековна үзүрлүү жана ак ниет эмгеги, ошондой эле жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Ардак грамота менен сыйланышты.

 Кымбаттуу биздин энергетиктер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерге чың ден соолук, бактылуу узак жашоо каалайбыз! Жан дүйнөңүздүн, жүрөгүңүздүн энергиясы түгөнбөсүн, эмгегиңиздер ар дайым жогору баалансын! Үй-бүлөңүздөрдө сүйүү, урмат гүлдөп турсун! Ар дайым бакубатчылык жана башыңызда ачык асман болсун!

Ар дайым ЖАРЫК болсун!!!

Китеп окуу сынагы өткөрүлдү

    И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи Мамлекеттик тилди билим берүү тармагында өнүктүрүүгө, тил маданиятынын деңгээлин жогорулатууга, студенттерди эне тилинде ар тараптуу өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат. Ошондуктан 3 айды камтыган кыргыз тили фестивалы жыл сайын өткөрүлөт. Ушул фестивалдын алкагында колледжде 1-курстун студенттери арасында китеп окуу сынагы уюштурулду. Китеп окуу окурмандардын ички дүйнөсүн, руханий маданиятын байытып, сөз байлыгын өстүрүп,  акылмандуулукка жетелейт эмеспи.

     Коомчулуктун катмарларына багытталган, таалим тарбиялык мааниси бар, ар кандай тематикадагы аңгемелердин ичинен белгилүү жазуучу, публицист, илимпоз, калемгер эжекебиз Топчугул Шайдуллаеванын “Намазшам гүлү” аңгемеси бир ай мурун студенттерге берилген. Сынактын жыйынтыгы 2022-жылдын 15-декабрында колледждин жыйындар залында өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Иш-чарага “Намазшам гүлү” аңгемесинин автору, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү Топчугул Шайдуллаева да катышты.

    Сынактын жүрүшүндө тандалган чыгарма боюнча студенттер аңгемеден көркөм окушуп, сүрөт аркылуу көз-караштарын айтып беришип, чыгармадан үзүндү көрсөтүшүп калыстар тобуна, өзгөчө авторго жаркыраган таасир калтырышты. Жеңүүчүлөрдү аныктоодо калыстар тобуна кыйынга турду. Көпкө созулган талкуудан кийин төмөндөгүдөй жыйынтыктар чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды:

1-орун КМТШИ9-1-22 тобунун студенти Маданбеков Ислам;

2-орун ТОСВТ9-2-22  тобунун студенти Аликов Нурбол;

2-орун ТОР9-1-22 тобунун студенти Сагынова Уулкелсин;

3-орун ТОСВТ9-2-22 тобунун студенти  Мирланов Арлен;

3-орун ТОСВТ9-1-22 тобунун студенти Алмазбекова Нурайым.

 “Студенттердин көркөм чыгармага болгон мамилеси, түшүнгүсү келген аракети, таасирленүүлөрү мени абдан толкундатты, кубантты. Окутуучулар көркөм чыгармаларды ушинтип ар тараптан талдатып окутуу менен студенттерге мамлекеттик тилди тереңдетип үйрөтүп жатасыңар. Аларга адептик, ыйман-ынсаптык бийик тарбияны да берип атасыңар!”- деген ой-пикирлери менен  автор facebook баракчасынан бөлүштү.

Китеп окуу сынагына активдүү катышкан бардык студенттерди жана жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!

Студенттик күн – 2022

   Студенттик кез – адамдын инсандык өнүгүүсүнө, илим-билимге умтулуусуна, коомдук жана турмуштук көз караштарынын калыптануусуна жол ачкан эң жоопкерчиликтүү, аң-сезимдүүлүктү талап кылган, ошондой эле жаштык менен сулуулук коштолгон ажайып курак эмеспи.

    2022-жылдын 22-декабрында И. Раззаков атындагы КМТУнун чоң жыйындар залында И. Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин 1-курсунун студенттерине арналган “Студенттик күн - 2022” кечеси өткөрүлдү. Салтанаттуу кечеде И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Чыныбаев Мирлан Койчубекович жана колледждин директору Турусбекова Нурайым Курманбековна студенттерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалап, студенттердин кесиптик окуу жайды тандоосу -  алардын өз келечегине кенен жол салуусу экендигин сыймыктануу менен белгилеп өтүштү.

    Бул иш-чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа жана кызыктуу оюн-тамашалар менен коштолду. Колледждин бүтүрүүчүлөрү да 1-курстун студенттерин кызуу куттуктап кетишти. Алардын арасында А.Изибаева атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин артисти  К.Токтосунов кесиптеши менен кеченин көркүнө көрк кошуп, өнөрлөрүн тартуулады.

Көптү үмүттөндүргөн келечек ээлерине алдыдагы илим-билим жолунда, жашоо жолунда албан ийгиликтерди, жаркын жаратмандыктарды каалайбыз!

Студенттердин Кыргыз Республикасынын ЖКнин депутаты менен жолугушуусу

    Студенттердин Кыргыз Республикасынын ЖКнин депутаты менен жолугушуусу 2022-жылдын 23-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин студенттеринин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбекович менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу ЭС9-1-21 группасынын куратору Ч.Т.Керимовдун демилгеси менен жана мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Ж.К.Кыдырмаеванын жетекчилиги астында уюштурулду.                Жолугушууда студенттер электр энергиясы, билим берүү тармагы, саясий мамилелер, спортту өнүктүрүү, таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү көйгөйлөрү, жол кире акысын кымбаттатуу боюнча талаш пикирлер, чек ара коопсуздугу ж.б. кызыктуу суроолорду беришти. Ошондой эле, алар дагы депутаттардын сессиясына катышып, болуп жаткан процессти өз көздөрү менен көрүштү. Маектешүү биздин студенттер үчүн абдан кызыктуу, мазмундуу жана маанилүү болду. Алар депутаттан чоӊ түрткү жана пайдалуу кеңештерди алышты.

Өз кезегинде Жаныбек Болотбековичке бизге бөлгөн убактысы жана кызыктуу маеги үчүн ыраазычылык билдиребиз!

“Терроризм, экстремизм, аны менен күрөшүүнүн жолдору жана улуттар аралык чыр-чатактын алдын алуу” темасындагы лекция

      Учурда социалдык терс көрүнүш – терроризм жана экстремизм жөнүндө көбүрөөк угуп жатабыз. Жалпысынан кылмыштуулуктун статистикалык аз үлүшүнө карабастан, террордук актылар көп сандаган бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып, бир эле учурда бүтүндөй бир өлкөнүн же алтургай дүйнөнүн тургундарына коркуу сезим жаратып, мамлекеттик бийликке шек келтирип, укук коргоо системасынын беделин түшүрүп, миңдеген адамдарды жабыркатып жатат.

      Ошол себептен И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин №1 жатаканасынын 60 дай студенттерине бүтүндөй өлкөбүздү курчап турган орчундуу тема болгон  “Терроризм, экстремизм, аны менен күрөшүүнүн жолдору жана улуттар аралык чыр-чатактын алдын алуу” темасындагы лекция өткөрүлдү! Лекцияны Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын ОИИБнин милициянын капитандары Ю.А.Абдуманнапов жана Б. Олжобай кызы окушуп,  андан соң ИИББ ОИИБнин кызматкерлери тарабынан тартылган фото жана видео тасмаларды көрсөтүштү.

        Лекцияда биздин студенттер террористтер тарабынан жасалган террордук акттар, терроризм менен экстремизмдин түрлөрү, алардын себептерин талдоо, алдын алуу, популярдуу Whatsapp мессенджеринде керексиз SMS жөнөтүү жана ал эмне менен коштолоору жөнүндө пайдалуу маалыматтарды алышты.

   Лекциядан кийин Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин КККнын БИИнин милициянын майору Э.Д.Арсыматов, капитан М.Адилов жана ага лейтенант М.Акылбеков студенттерге уурулук жана анын жазасы,  аракечтик, энергетикалык ссусундуктардын зыяндуулугу, наркомания, чылым чегүү ж.б. жөнүндө маалыматтарды беришип, студенттерди бири-бирин сыйлоого, ынтымактуулукка, жаман адаттардан алыс болууга чакырышышты.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын ОИИБнин милициянын капитандары Ю.А.Абдуманнаповго, Б. Олжобай кызына жана Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин КККнын БИИнин милициянын майору Э.Д.Арсыматовго, капитан М.Адиловго жана ага лейтенант М.Акылбековго убактыларын бөлүп, биздин студенттерибиз менен баарлашкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Куттуктоо

  “Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунун жана жол чарбасынын кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамына карата ак ниет эмгеги, өндүрүштөгү жетишкендиктери жана транспорт жана жол тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин “Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо” адистигинин окутуучусу Чакаев Эрмек Абакирович Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды.

       Чакаев Эрмек Абакировичти алган сыйлыгы менен жалпы колледждин кызматкерлери куттуктайбыз! Бул сиздин жогорку жеке сапаттарыңыздын түздөн-түз ырастоосу, мындан аркы ийгиликтүү жашоо жолун, алдыга койгон пландарыңыздын, масштабдуу максаттарыңыздын тез арада ишке ашуусун каалайбыз!

“Социалдык тармактар – коммуникациянын же маалыматтык согуштун куралы”

   2022-жылдын 12-ноябрында КМТУнун чоң жыйындар залында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин студенттери: М.Амиров, М.Абдыралиева, С.Тынчтыкова, Э.Исаков, Х.Мауленкулова, Н.Саткымбаева, Н.Сабыркулов И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттик дебаттык клубунун жана «Евразия мууну» коомдук фондунун колдоосу менен Кыргызстандын колледждеринин студенттери арасында өткөрүлгөн «Социалдык тармактар – коммуникациянын же маалыматтык согуштун куралы» деген темада дебаттык турнирге катышышты.        Турнирде төмөнкү студенттер байгелерге ээ болушту: Амиров Марат – 1-орун + “3В MEDIA” мектебинин курсунан өтүү үчүн белек сертификаты, Абдыралиева Медина - 3-орун, ошондой эле КМТУнун Политехникалык колледжинин командасы грамота менен сыйланышты.

Сиздерди жеңишиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан ары да улантышыӊарды каалайбыз!

Биздин сыймык - силерсиӊер!

Ата-бабаларды эскерүү

    “Ата-бабаларды эскерүү күнүнө” карата И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин 1-курсунун (9-кл. жана 11-кл. базаларында) студенттери айрым окутуучулар, кураторлор жана координаторлор менен биргеликте “Кыргыз тили фестивалы-2022” алкагында 1,2,3-ноябрь күндөрү “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине экскурсияга барып, ыйык жайдагы тарыхый окуяларды чагылдырган эстеликтер, музейлер, репрессиянын курмандыктары, тарыхтын ар түрдүү этаптарында мамлекеттүүлүк идеясын көтөргөн жана аны турмушка ашырган элдин эрдиктери менен таанышып келишти.

      Колледждеги билим алуучуларга мындай сабак-экскурсияларды уюштуруунун башкы максаты, “Ата-Бейитти” түбөлүк жай кылган ата-бабаларыбызды арбактарын эскерүү жана алардын тарыхта калтырган эбегейиз эмгегине таазим кылуу, Кыргызстандын эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн жанын берген улуттун уул-кыздары тууралуу эс тутумду түбөлүккө калтыруу менен бирге зыярат жасап туруу ар бирибиздин ыйык парзыбыз экенин туюндуруу.

Куттуктоо

     Ар бир жылдын октябрь айынын башталышы окутуучулар үчүн жагымдуу жаңылыктар, жакшы маанай менен өтөт. Бул жылы да И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин чоң жыйындар залында Мамлекеттик тил күнү, Университет күнү жана агартуучулардын майрамы чогу белгиленип, колледждин жамааты үчүн кесиптик майрам бир катар мыкты саамалыктар менен коштолду.

       Иш-чаранын жүрүшүндө КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучулары Калдарбаева Рахат Карыбековна жана Мукашева Раушан Нурбаевна окуу, илимий, окуу-усулдук, тарбия, чарба, өндүрүштөгү жетишкендиктери үчүн университеттин "Ардак грамотасы" менен сыйланса, колледждин директору Нурайым Курманбековнанын, окутуучу Нурзада Суйуналиевнанын жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жашылгул Дуйшоналиевнанын эмгек китепчелерине алкыш жарыяланды.

        Ошондой эле  колледжде жана университетте өзгөчө эмгеги, алардын өнүгүшүнө кошкон чоң салымы жана окуу процессин уюштуруудагы жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Аманова Нурзада Суйуналиевна колледждин эң жогорку сыйлыгы менен сыйланды.               

Урматтуу кесиптештер! Сиздер аркалаган ыйык кесип ар дайым коомдо өз жемишин берип келүүдө. Сиздерге талыкпаган жигер, жаркын маанай, бекем ден-соолук каалайбыз!

Эл дөөлөтү – эне тилинде

   Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган колледждин окуу планына ылайык жалпы билим берүү цикли боюнча  жыл сайын  15-сентябрдан баштап, 23-декабрга чейин КМТУнун Политехникалык колледжинде “Кыргыз тили фестивалы” ийгиликтүү өткөрүлөт.

   Фестивалдын алкагында 2022-жылдын 26-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнөкарата колледжде «Эл дөөлөтү – эне тилинде» аттуу интеллектуалдык оюн сынагы, кино жумалыгы өткөрүлдү. Бул иш-чарага колледждин 1-курсунун студенттери катышты.

   Бул сынакта: алгач эле студенттерге “Колледждеги кыргыз тилинин бүгүнкүсү, эртеңкиси кандай?, Эмне кылуу керек?” деген темада студенттерге долбоор түзүү берилди. Ар бир катышуучу өздөрүнүн долбоорлорун презентация түрүндө тааныштырышып, жактап беришти жана  төмөнкү сунуштарды сунушташты: кыргыз тилинде, кыргызча кооздолгон, көркөмдөлгөн атайын “КЫРГЫЗ ЗОНАСЫН” ачуу; кыргыз тили сабагынын сааттарын көбөйтүү; колледждин бардык кабаттарында кыргыздын учкул сөздөрүн илүү; колледждин биринчи кабатында чоң экран коюп, кыргыз элинин нукура сөздөрүнүн маанилеринин чечмеленишин көрсөтүү; англис тилин кыргызча өтүү, түшүндүрүү; сөз байлыкты көбөйтүү үчүн, студенттер күнүнө 5-10дон сөз жаттоо; ар бир сабак сайын кызыктуу тесттерди берүү; кыргыз тили сабагын гимн менен баштоо; күнүнө 5-10 барак кыргызча китептерди окуу; колледжде кыргыз тилинде курстарды ачуу; кыргыз тили сабагын бир гана колледжде эмес, табият койнунда да өткөрүү ж.б.

   Сынактын кийинки тапшырмаларында кыргыздардын улуттук баалууктары камтылган  тесттик тапшырмалар, ар кандай сүрөттөр аркылуу жашырылган макал-лакаптар, эс тутумду жакшыртуу, тилди жатыктыруу максатында түрдүү жанылмачтар берилип, студенттер кызыгуу менен жооп беришти.

   Жыйынтыгында 1-орунду КМТШИ9-3-22 тобунун студенти Жумабекова Диана; 2-орунду КМТШИ9-2-22 тобунун студенти Мурзалиева Раяна, 3-орунду ОПУТ9-1-22 тобунун студенти Сыдыков Султан жана ЭССС9-1-22 тобунун студенти Шарапов Артык алышты.

  Ал эми кино жумалыгында “Манас” кинотеатрында” жалпы 1,2-курстардын студенттерине  “Манастын уулу Семетей” тасмасы көрсөтүлүп, студенттердин кызыгуусун арттырды.

  Бул иш чаралардын негизги максаты – кыргыз тилин кеңири жайылтуу, өркүндөтүү жана кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, дөөлөт-мурастарын, санжыра-тарыхын, адеп-ахлагын, салт-санаасын, нарк-насилин, дүйнө таанымын таанытуу менен өсүп келе жаткан жаш өспүрүмдөрдүн атуулдук сезимдерин курчутуу, мекенин сүйүүгө негиз берүү болуп саналат.

Ынтымактан биримдик, биримдиктен бүтүндүк жаралат!

   Бир чөлкөмдө – Борбордук Азияда коӊшу жашагандыгыбызга, динибиздин бир экендигине, тарыхый тамырлаш, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму баш болгон күч альянстарына мүчө өлкөлөрдөн экендигибизге карабастан, Тажикстан Республикасы үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында мекенибизге – Баткенге, Чоӊ-Алайга куралдуу кол салды. Беш күндүк айыгышкан куралдуу агрессиянын кесепетинен эр азаматтарыбызды, мекендештерибизди жоготуп, бүлгүнгө, эбегейсиз зыянга учурадык. Ошол эле учурда мүмкүн болушунча катылган жоону тороп, ага да тийиштүү зыян келтирип, чек араны бузуп келип, басып алуусуна жол берилген жок. 140 миӊге жакын мекендешибиз жер которууга туура келип, 62 жараныбыздан айрылып калдык.

   Кагылышуунун биринчи күнүндө эле Кыргызстандын, дүйнөнүн булуӊ-бурчунан гуманитардык жардам берилип, мамлекеттик мекемелер, уюмдардын кызматкерлери кол суна баштады. Алардын сап башында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин профессордук-окутуучулар жамааты туруп, 50 миӊ сом өлчөмүндө бир күндүк эмгек акысын которушту. Муну менен катар студенттер четте калбастан, 10 миӊ сом өлчөмүндө чогултуп беришти.

   Ошондой эле окутуучулар жамаатынын демилгеси менен эвакуацияланган мекендештерибизге кийим-кече, идиш-аяк, жуучу каражаттары ж.б. керектүү буюмдар алынып, даректүү жардам берилди.

    Кыргызстан элдеринин бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарган биримдиги аркасында, тамчыдан көл куралып, тышкы жоого тийиштүү сокку берилди.

Басып алуудан алыспыз, бир укум дагы жерибизди бербейбиз!

ЕВРАЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ-2022

 2022-жылдын 8-сентябрынан 12-сентябрына чейин Мордовиянын борбору Саранск шаарында Worldskills Евразия чемпионаты болуп өттү. Иш-чара 14 өлкөнүн кесиптик окуу жайларынын 16 жаштан 25 жашка чейинки студенттери арасында Worldskills Russia 10-юбилейлик “Жаш профессионалдар” Улуттук чемпионатынын алкагында өткөрүлдү. Ачылыш аземинин өзгөчөлүгү катышуучу өлкөлөрдүн желектеринин парады болуп, анда Кыргызстандын желеги да желбиреди. «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитациялык агенттигинин сунушу менен, Орозбекова Акылай окутуучу Аманова Нурзаданын жетекчилиги алдында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжин ийгиликтүү тааныштырды. Worldskills сынагында «Мода технологиясы» компетенциясы боюнча Орозбекова Акылай 2-орунду ээледи. Сынактын тапшырмасы ирети менен аткарылган бир нече модулдардан турду. Ар бир аяктаган модуль Worldskills стандарттарынын спецификациясына ылайык өзүнчө бааланды. Евразия Чемпионатынын бардык катышуучулары мелдештин жыйынтыгы боюнча практикалык көндүмдөрдүн деңгээлин тастыктаган адистештирилген документ – скиллс-паспорт алышты.               

     Евразия чемпионатынын сынактык аянтына 14 өлкөдөн атаандаштар катышып, 27 негизги жана 1 презентациялык компетенциялары боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. Кыргызстан Евразия мейкиндигинде финалга чыккан алдыңкы 9 өлкөнүн катарына кирди. Конкурстук бөлүктөн тышкары, бул масштабдуу эл аралык иш-чаранын алкагында Worldskills сынагынын эксперттеринин практикага багытталган окуу программалары өткөрүлдү. Онлайн режиминде КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучулары жана окуу чеберлери кесиптик жана методикалык билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты. Дистанттык форматта окутуунун жана баа берүүнүн жаңы формалары, билим жана технологиялар менен алмашуу боюнча билимге ээ болушту, ал эми кээ бирлери эл аралык жана өндүрүштүк стандарттарды эске алуу менен көз карандысыз баалоо жана сынактарды уюштуруу жагынан билимдерин жаңыртышты; бул жаңы багыттын негизги факторлору болуп калаары талашсыз, ошондой эле студенттердин да, окутуучулардын да инсандык жана кесиптик жактан өсүшүнө жана ошого жараша колледждеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кошумча профессионалдык компетенцияларга ээ болушту. Төрт күнгө созулган сынактын жүрүшүндө И.Раззаков атындагы КМТУнун жана КМТУнун Политехникалык колледжинин атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоодо бардык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө мүмкүн болду. Аталган иш-чараларга катышуудан алган тажрыйба жаңы билим берүү жана кесиптик чөйрөнү, жаңы өндүрүш маданиятын ийгиликтүү калыптандырууга, билим берүү программаларын реалдуу өндүрүш менен интеграциялоого мүмкүндүк берди. Мунун баары жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталды.

Worldskills сынагына бизден катышкан катышуучуларына жашоодо ар дайым жеңүүчү болушун, эч качан өзүнөн күмөн санабай, ар дайым алдыга умтулуусун гана каалайбыз!