Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

И.Раззаков атындагы КМТУнун лицейинин тарыхы


И.Раззаков атындагы КМТУнун лицейи жалпы орто жана негизги орто  билим берүүнүн билим берүүчүлүк программаларын ишке ашырган юридикалык жак. И.Раззаков атындагы КМТУнун лицейи И.Раззаков атындагы КМТУда жана башка КРнын жана КМШ өлкөлөрүндө мындан ары билим алуу  үчүн кесипке чейинки даярдоо, дифференцациялык билим берүү шартында мамлекеттик билим берүү стандартынын милдеттүү талаптарынан жогору үзгүлтүксүз билим берүүнүн “Мектеп-ЖОЖ-аспирантура” системасында окуучуларды сапаттуу даярдоо максатында 1994-жылы түзүлгөн.И.Раззаков атындагы КМТУнун жалпы билим берүүчүлүк “Мектеп-ЖОЖ-аспирантура” системасынын бөлүгү болуп,  активдүү чыгармачыл инсанды калыптандырууга багытталган КМТУнун билим берүү процессине эң эле оптималдуу басым жасай алат.

Катышы бар тараптардын талабына ылайык келген бекитилген стратегиялык жана күнүмдүк пландарынын негизинде лицейдин так формулировкаланган вазийпасы бар.

Лицейдин вазийпасы: Жөндөмдөрүнө жана кызыгууларына ылайыктуу окуучулардын өзүн-өзү ишке ашыруу, баамдуу инсандык өзүн-өзү аныктоолору үчүн шарт түзүү жана жогорку билим берүү системасында профессионалдуу билим алууга, ачык өзгөрүлүп турган дүйнөдө жашоого даяр бүтүрүүчүлөрдү даярдоо.

Аны ишке ашыруу үчүн төмөнкү маселелер формулировкаланган.

Ишмердүүлүктүн илимий-методикалык, окуу-тарбиялык программаларын ишке ашырууда, билим берүүнүн сапатын, мазмунун жана формасын жакшыртууда лицейдин өнүгүүсүнө, функционалдаштырууга мүмкүндүк берүү.

Индивидуалдуу шыктуулугуна жана талаптарына, алардын жөндөмдөрүнө ылайык ар кандай категорияда билим алган мектеп окуучуларына бирдей толук билим алууга мүмкүндүк берүү; жогорку класстагы окуучуларды окутуунун мазмунун  олутту дифференцациалоо үчүн шарттарды түзүү аркылуу негизги жалпы берүүнүн программасын атайын предметтерге даярдоодо кесипке чейинки даярдыкты камсыздоо.

Сабакта жанансабактан тышкаркы ишмердүүлүктөрүндө билим берүү мекемелеринин өз ара тармактык аракеттешүү шарттарында билим берүүнү уюштуруудагы заманбап ыкмалардын негизинде мектеп мугалимдерин- адистерди даярдоо.

Бүгүнкү лицей- бул 250дөн ашык 9,10,11-класстын окуучулары, жогорку квалификациядагы, жогорку категориядагы 20 жылдан ашык педагогикалык стажы бар, КРнын билим берүүсүнүн мыктысы төш белгилери жана медалдары, КР ББжИМ жана университеттин Ардак грамоталары менен сыйланган мугалимдер.

Биздин лицей ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы Ассоциацияланган мектептеринин мүчөсү.

Лицейдин түздөн-түз милдети – университетке абитуриенттерди даярдоо.

Лицейдин окуу пландарында математика, физика, химия, черчение, информатика, англис жана кыргыз тилин тереңдтип окутуу каралган. Бул предметтердин окуу программаларын иштеп чыгууда лицей мугалимдери менен бирге ЖОЖдордун профилдик кафедраларынын окутуучулары активдүү катышып, республиканын мектептерине сунушталган.

Сабактардан тышкары окуучулар маданий-массалык иш чараларга катышышат. Нооруз майрамын өткөрүү, аскердик-патриоттук ырларды аткаруу конкурстары, КВН алкагында класстар аралык таймаштар, өзгөчө спорттун аскердик колдонмо түрлөрү боюнча таймаштар окуучулар арасында өтө популярдуу.