Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Адам ресурстарын башкаруу (Кадрлар бөлүмү)


И.Раззаков атындагы КМТУнун АРБ жөнүндө

Адам ресурстарын башкармалыгынын  негизги милдети - кадрларды тандоо жана кызматкерлер менен иштөө. Кадрлар иши-бул ар бир бөлүмдүн кызматкерлеринин, профессордук-окутуучулук курамдын  кесиптик жөндөмүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган уюштуруу жана мазмундуу иш-чаралардын комплекси менен биргеликте кадамдардын ырааттуулугун түзүү.

Адам ресурстар башкармалыгы - номенклатурага кирген профессордук-окутуучулук курамды, аппараттык башкаруу, тейлөө,окутуу-көмөкчү, кенже тейлөө кызматкерлерин жумушка кабыл алууда алардын квалификациясын баалоонун негизинде түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери менен биргеликте кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштерди жүзөгө ашырат. Кадрлар менен иш алып барууда мыйзамдуулукту сактоо, документтерди туура жол-жоболоштуруу жүргүзүлөт.

Адам ресурстары менен иштөөдө окуу жайда өнүгүү планына жана коомдун өнүгүү тенденцияларына негизделген бирдиктүү  кадр саясаты жана персоналды өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, ишке ашырылууда.