Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жылылуукэнергетика


 

А.С.Джаманбаев атындагы «Жылуулук энергетика» кафедрасы

«Жылуулук энергетика» кафедрасынын башчысы

 техника илимдеринин кандидаты, доцент

 Насирдинова Сайрагул Мухамбетовна

Дареги: 720044, Кыргызстан, Бишкек ш.,

 Ч. Айтматов пр. 66, 2 корпус, каб. 2/201

Телефон: +996 312 54-51-83

Факс: +996 (312) 54-51-83

E-mail: sai-ra@mail.ru

website: www.kstu.kg

 

           

 

 

 

        «Жылуулук энергетика» кафедрасы КМТУдагы алдыңкы кафедралардын бири. Кафедра түзүлгөндөн бери бүтүрүүчү кафедра болуп эсептелет. «Жылуулук электр станциялары» адистиги боюнча инженерлерди даярдап келет, ошондой эле университеттин бардык багыттары боюнча «Жылуулук техникасы», «Жылуулук физикасы» дисциплиналары боюнча лекцияларды окуйт.

         Кафедра бул багыттагы адистерди даярдоо боюнча Республикада жалгыз кафедра болуп эсептелет.

     Кафедра түзүлгөндөн бери Кыргыз Республикасындагы жалгыз «Жылуулук электр станциялары» адистиктери боюнча “жылуулук-техника” адистик кадрларды даярдап келет.

        2012-жылы төмөнкү багыттар боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоого лицензия алуу үчүн бардык керектүү документтер даярдалган:

• 640100 «Жылуулук энергетика жанажылуулук техника»:

профилдер:

- «Жылуулук электр станциялары»;

- «Энергообеспечение предприятий».

 

• 640200 «Ишканаларды энергия менен жабдуу»:

 

профили:

- «Энергетикада энергияны үнөмдөө».

          «Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы» багыты боюнча адистерди даярдоо жалпы мамлекеттик милдет болуп саналат, анткени энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү Кыргызстанда болгон отун-энергетикалык бай ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу менен гана мүмкүн.

         Кафедрада төмөнкүдөй сабактар ​​өткөрүлөт: «Жылуулук техникасы» - технология факультетинин жана транспорт жана машина куруу факультетинин студенттери үчүн, «Жылуулук энергетикалык орномолору» - энергетика факультетинин студенттери үчүн. Бул сабактарга лекциялар, практикалык жана лабораториялык иштер, дипломдук долбоорлоо кирет.

         Жогорку окуу жайын «Жылуулук энергетикасы» адистиги боюнча бүтүргөн адис каалаган өнөр жай ишканасында, ЖЭБда, жылуулук тармактарда, илимий долбоорлоо жана долбоорлоо уюмдарында иштей алат.