Колледждин тарыхы
И.РАЗЗАКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПОЛИТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
Негизделген күнү. 15-июнь, 2000-жыл И.Раззаков атындагы КМТУ тарабынан негизделген.
И. Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи (мындан ары КМТУ жана колледж) алгач кесиптик орто билим берүү бөлүмү (КОББ) катары КР БбИМ 15.06.2000-ж. № 403/1 буйругу менен түзүлгөн. 2013-ж. КМТУнун Окумуштуулар кеңешинин 24.04.2013-ж. № 1/61 токтому менен атын өзгөртүп, И. Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи деп аталган. КМТУнун 01.07.2024-ж. № 1/134 буйругу менен колледждин юридикалык макамы жоюлуп, КМТУнун түзүмдүк бөлүмү катары бекитилген.
КМТУнун политехникалык колледжи КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын, КР ИЖБИМнин укук-ченемдик жоболорунун, КМТУнун Уставынын жана колледждин Жобосунун, КМТУнун жана колледжинин укук-ченемдик жоболорунун негизинде өз ишмердигин жүргүзөт.
ОСПО/КМТУнун политехникалык колледжинин биринчи директору-т.и.д., профессор А.С. Иманкулова, андан кийин А.С. Сатарова дайындалган, азыркы учурда колледж директору т.и.к, доцент Н.К. Турусбекова.
Иш-аракет чөйрөсү. Кесиптик орто билим берүү (КОББ) тармагында 7 адистик боюнча билим берүү ишмердигин жүргүзүү укугун берүүчү лицензиялар жана алардын тиркемелерине ээ. КРнын КОББ адистиктеринин классификаторуна ылайык, колледждеги окуусун аяктаган бүтүрүүчүлөргө төмөнкүдөй квалификациялар ыйгарылат: “техник”, “модельер-конструктор”, “техник – электрик”.
Колледждин тарыхы Кыргыз Республикасындагы орто кесиптик билим берүүнүн өнүгүшү менен тыгыз байланышта. ОСПОнун түзүлүшү жана өнүгүшү үчүн колледждин биринчи директору - техника илимдеринин доктору, профессор Айым Сатаровна Иманкулованын өзгөчө салымы бар. 2000-ж. республикада эң көп талап кылынган адистиктер ачылып, алгачкы студенттер кабыл алынган. Башында 3 адистик ачылган, алар: «Радиоэлектрондук техникаларды техникалык тейлөө жана оңдоо» (РТТО), «Тикме буюмдардын конструкторлоо жана технологиясы» (ТБКТ), «Чач тарач чеберчилиги жана жасалма косметика» (ЧЧ). Кадрдык курамында 2 штаттык окутуучу болгон жана бардыгы болуп 45 студент 11-класстын базасында окушкан:
2002-жылы алгачкы бүтүрүүчүлөр аякташып, 32 студент адистикке ээ болушкан: «РТТО» адистиги боюнча - 10 киши, «ТБКТ» адистиги боюнча - 12 киши, «ЧЧ» адистиги боюнча - 10 киши аяктаган.
2003-жылы «Аң терилер кийимдерин жана баш кийимдерди конструкторлоо жана технологиясы» аттуу жаңы адистик ачылган. Ошол учурда кадрдык курам 11 штаттык окутуучуга жеткен.
2005-жылы билим берүүнүн жаңы стандарттарына ылайык алардын аталыштары «Тикме буюмдарды моделдештирүү жана конструкторлоо», «Чач тарач чеберчилиги», «Аң тери буюмдарын моделдештирүү жана конструкторлоо» деп өзгөргөн. Өз кезегинде жаңы окуу пландары киргизилген.
2010-жылы биринчи жолу орто мектептердин 9-класс базасында кабыл алуу уюштурулган, ошондой эле «Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)» жаңы адистиги ачылган.
2013-жылы баштапкы кыскартылган сөз ОКББ азыркы аталышта - И.Раззаков атындагы КМТУнун политехникалык колледжи деп өзгөртүлгөн.
2013-жылы төмөндөгү адистиктер ачылган: 190604 «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо» (АУТТО); 190701 «Жүк ташууну уюштуруу жана унааны башкаруу (аба унааларынан башка унааларды түрлөрү боюнча)» (ЖУУБ); 261213 «Басмакана өндүрүшү» (БӨ); 210402 «Кыймылдуу обьектилери бар байланыш каражаттары» (КОБК); 210406 «Байланыш тармактары жана коммутация системалары» (БТКС);
2015-жылы дагы 8 адистик ачылды: 140210 «Гидроэлектроэнегетикалык орнотмолор» (ГЭЭО); 140206 «Электрдик станциялар, тармактар жана системалар» (ЭСТС); 140603 «Электр машиналары жана аппараттары» (ЭМА); 230110 «Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьтердик тармактарды техникалык тейлөө” (ТЭККТТТ); 260901 «Тигилген буюмдардын технологиясы» (ТБТ); 280105 «Өзгөчө кырдаалда коргонуу” (ӨКК);150413 “Соодада жана коомдук тамактануудагы жабдууларды техникаллык экспуатациалоо” (СКТЖТЭ); 151001 “Машина куруунун технологиясы” (МКТ).
Колледждин бүтүрүүчүлөрү тездетилген программа боюнча КМТУда окуусун улантуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен колледж үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү “колледж - ЖОЖ” моделин ишке ашырат. Буга байланыштуу окуу процесси КМТУнун бүтүрүүчү кафедралар менен бирге иштелип чыккан жана иш берүүчүлөр менен макулдашылган программалар боюнча жүргүзүлөт.
Колледжде окутуу КРнын кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (КОББ МБС) боюнча жүргүзүлөт. Ар бир адистик боюнча негизги кесиптик билим берүү программасы - окуу планды, окуу дисциплиналардын бардык жумушчу программаларды, ОМК жана силлабустарды камтыйт. Окуу процесси окуу планынын бардык адистиктери боюнча кредиттик технологиянын негизинде ишке ашырылат. Бардык окуу пландар жыл сайын талданып, толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилет.
Орто звенодогу адистерди даярдоо программалары КМТУнун профилдик кафедралары жана иш берүүчүлөр менен макулдашылат, бул бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыктарын жана иш берүүчүлөрдүн кесиптик-квалификациялык талаптарын шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Республикабыздын заманбап өнүгүү шарттарында КМТУнун политехникалык колледжи, республиканын техникалык багыттагы алдыңкы окуу жайларынын бири катары, алдыңкы позицияларын күчөтүүгө багытталган.
Азыркы учурда колледжде республиканын бардык аймактарынанКМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн 1200гө жакын студент билим алууда.
Колледж иштеген жылдардын ичинде аны 5000ге жакын дипломдуу адистер бүтүрүп чыгышты. Алардын ичинен 200гө жакыны артыкчылык диплому менен аяктаган.
Колледжде абитуренттерди кабыл алуунун динамикасы туруктуу экенин далилдеп турат: 2010-ж.-180 студент; 2011-ж.-210 студент; 2012-ж.-212 студент; 2013-ж.-232 студент; 2014-ж.-481 студент; 2015-ж.-671 студент, 2016-ж.-648 студент; 2017-ж. -672 студент; 2018-ж.-616 студент; 2019-ж.-549 студент; 2020-ж.-551 студент; 2021-ж.-463 студент; 2022-ж.-508 студент; 2023-ж.-464 студент; 2024-ж.-474 студент; 2025-ж.-537 студент.
Бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруунун динамикасы көрсөткөндөй, бүтүрүүчүлөрдүн 45 % дан ашыгы окуусун улантуу үчүн жогорку жайларга, же Республиканын, КМШнын жана алыскы чет өлкөлөрдүн алдыңкы ЖОЖдоруна тапшырышат. жана 65 % тандаган адистиги боюнча ишке орношуп жатышат: 2010-ж.-70 %; 201-ж.- 80 %; 2012-ж.- 65 %; 2013-ж.- 83%, 2014-ж.-87 %, 2015-ж.-88 %, 2016-ж.-82 %, 2017-ж.-83 %; 2018-ж.-82 %; 2019-ж.-8019 62 %; 2020-ж.-74 %; 2021-ж.-77 %; 2022-ж.-75 %; 2023-ж.-80 %, 2024-ж.-85 %.
Колледждин студенттеринин практикасы колледждин билим берүү программаларынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана бекитилген жумушчу окуу пландарына, окуу процессинин графигине жана академкалендарга ылайык жүргүзүлөт. Практика келишимдердин негизинде жүргүзүлөт, ага ылайык аталган ишканалар студенттерге практикадан өтүү үчүн орун беришет.
Социалдык өнөктөштөр менен байланышты өркүндөтүү, кесипке үгүттөө иштеринин сапатын жогорулатуу жана колледжди таанытуу максатында иштеген профориентациялык борборду белгилеп кетүү зарыл. Бүтүрүүчүлөрдүн дараметин күчөтүү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында колледж эмгек рыногунда жумуш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта иш алып барат. Колледждин КР өнөр жайларынын ар түрдүү тармактагы ишканалары менен чыгармачыл жана өндүрүштүк өз ара байланыштары бар. Жалпысынан өлкөнүн ишканалары менен практиканын бардык түрлөрү боюнча 136 келишим бар. Ошондой эле колледж үч тараптуу келишимдердин негизинде эки тараптуу окутуу системасынын элементтерин жүзөгө ашырат. Анын ичинде 81 – практиканын бардык түрүн өткөрүүгө түзүлгөн. Андан сырткары 27 ОКБЖ (СПУЗ), 3 ЖОЖ, 1 ДМЧ мүмкүнчүлүгү чектелген адам (ЛОВЗ), 9 өнөрдүрүштүк жай. Анын ичинен: 9 чет элдик өнөктөш (Москва, Красноярск, Алмата, Казань, Уральск, Каратау и ж.б.).
Колледждин ишенимдүү социалдык өнөктөштөрү төмөнкүлөр болушат: Управление МЧС КР, ОАО НЭСК, ОАО «Кыргызтелеком», АО «Республиканское объединение радио-релейных магистралей ТВ и РВ», УГНС по Первомайскому району, ЗАО UBSTRANZIT, МАМ «Манас» аэропорт ССТ, МП «Центр Цифровых Технологий» мэрии г. Бишкек, ОАО «Электрические станции – Камбаратинская ГЭС», ЧП Ашимбаева Д.А., ШФ Паларис, ОсОО Улут Текстиль, ЧП Азиар, ОсОО «Алия», ИП Токтобекова Ж.Б «Констуктор. Бюро», «JMD», ОсОО «Ак-Сарай Текстиль», ЧП «Бархат», ОсОО Оскар мода, ОсОО «Ларрус Мода», ОсОО Тепловые системы, ОсОО Автоцентр “Эстакада”, ОсОО “Бедачи”, ОсОО Автоцентр “Перекресток”, ОсОО «Хаммер Групп», ОсОО «Кыргызмедтехника», ЗАО Кыргызэнергремонт, ., ОсОО «Даткай KG», МП Бишкексвет, ОАО ТНК Дастан, ОсОО Димед, ОсОО Энерготехсервис, ОсОО «NT Comp», ОсОО «Партнер Софт», ОсОО Техстандарт, МП Центр цифровых технологий, МАМ «Манас» аэропорт ССТ, ОсОО «Авто сэйлс трейд логистик», МП «БПАП» мэрии г. Бишкек, ОсОО «Вестер Групп», ОсОО «ЭсВэй Логистикс», ОсОО «ЮуБиЭс Транзит», ОсОО «КАПС логистикс», ОсОО «Союз Трейд», ОсОО «ВиТранс Логистик», МП «Тазалык» УОП, ОсОО «Автоэлемент», СТО «Хонда Центр», Управление ГТ мэрии г. Бишкек, ОсОО «Codify Academy» , ОсОО Кыргыз Органик, ОсОО Wizard computers, ОсОО «Кибер Плюс», ОсОО «Энерго Сервис», ОАО Чакан ГЭС, Филиал ОАО «Электрические станции» Каскад Таш- Кумырских ГЭС, ОсОО «Тетик Кей Джи» ж.б.
Колледжде адистерди сапаттуу даярдоону биринчи кезекте окутуучулар курамы камсыз кылат жана ал алардын квалификациясына, окуу-усулдук тарбиялык иштерди аткара билүүсүнө жараша болот. Штаттык расписаниеге жараша колледж орто кесиптик билим берүүнүн талаптарына жооп бере турган окутуучулар курамынан топтолгон.
Колледждин окуу процессине университеттин профессорлору жана окутуучулары тартылган, ал эми дипломдук иштердин рецензенттери жана Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын мүчөлөрү башка жактан саат-акылары менен чакырылат.
Бүгүнкү күнү КМТУнун Политехникалык колледжинде 80ден ашык кызматкерлер иштешет, алардын ичинен 75 окутуучу контракт менен, анын ичинен 35 штаттык окутуучу иштеп жатышат, ошондой эле КМТУдан, ААК «Кыргызтелекомдон», ОАО НЭСКтен жана башка жерлерден окутуучулар биргелештирүү менен эмгектенишет. Алардын ичинен 5 илимдин кандидаты, 2 билим берүүнүн мыктысы, 1 эмгек сиңирген энергетик, 1 КР өнөр жай жана энергетикасынын мыктысы, 1 аспирант, 3 магистрант, 18 окутуучу өндүрүштөн эмгектенет жана жакынкы чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү (Москова автомобиль жана жол курулуш мамлекеттик техникалык университети, Московсканын байланыш жана информатика техникалык университети, Ленинград жеңил өнөр жай институту, Иваново текстиль институту, Томск улуттук илимий политехникалык университети, Алма-Ата Энергетикалык институту, Ташкент текстиль институту, Абадан коргонуунун Ленинград жогорку аскердик саясий окуу жайы, Россиянын Мамлекеттик курулуш комитетинин алдындагы Москванын бетон жана темир-бетон илим-изилдөө институту, Киевдеги М. Калинин атындагы жогорку аскердик инженердик эки жолу Кызыл Туу ордендуу байланыш окуу жайы, Анкара шаарындагы Гази Университети, Самарканд жогорку аскердик автомобиль командалык окуу жайы жана Кыргызстандын алдынкы ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү).
Колледждин материалдык-техникалык базасы КМТУнун аймагында жайгашкан.
Колледжде окуу планында каралган лекциялардын, практикалык жана лабораториялык сабактардын бардык түрлөрүн өткөрүү үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык ресурстар бар. Колледж өзүнчө окуу корпусунда жайгашып, ыңгайлуу жатаканасы, окуу-өндүрүштүк тигүү цехи, «Энергетик» окуу-лабораториялык борбору, мультимедиялык лингафондук лабораториясы бар.
Бардык класстар заводдо чыгарылган жана өзүбүздө өндүрүлгөн заманбап интерактивдүү жана лабораториялык жабдуулар менен жабдылган.
Окуу процессинде университеттин профильдик кафедраларынын лабораториялык базалары, “Политехник” спорт комплекси, окуу залдары бар илимий-техникалык китепкана, ашкана, буфет, КМТУнун медициналык пункту жана башкалар, ошондой эле өндүрүштүк базалардын окуу борборлору колдонулат.
Биздин студенттердин жана кызматкерлердин коопсуздугу 24 сааттык коопсуздук, туруктуу видеокөзөмөл жана иштеген өрт сигнализациясы менен камсыз кылынат.
Колледжге кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт. Сынак жарандардын билим берүүдөгү укуктарын коргоону кепилдейт жана орто кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүү үчүн эң таланттуу жана даяр окуучуларды кабыл алууну камсыз кылат.
Колледжге кабыл алуунун негизги критерийи болуп абитуриенттин билиминин жана жөндөмүнүн деңгээли саналат, ал негизги жалпы билим жөнүндө аттестаттын же жалпы орто билими жөнүндө аттестаттын орточо баасы менен аныкталат.
Адистиктерге сынак конкреттүү адистик боюнча даярдоо үчүн зарыл болгон адистик предметтери боюнча бааларды эсепке алуу менен жалпы орто билим жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө аттестаттын орточо баасынын негизинде өткөрүлөт
Колледждин Кесиптик багыт берүү борбору кесипке багыт берүү иштеринин сапатын жогорулатуу максатында колледждин студенттерине алардын тандап алган билим алуу жолу жана карьералык мүмкүнчүлүктөрү боюнча өз убагында маалымат жана консультацияларды уюштурууга жооптуу. Анын милдеттери мектеп окуучуларына кесиптик багыт берүү кызматтарын көрсөтүүнү камтыйт, Колледжди жана анын адистиктерин алдыга жылдыруу, 1-курстун студенттерин ишке тартуунун сапатын жогорулатуу максатында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жеке багыттарынын жана эмгек рыногунун суроо-талабынын негизинде кесипке багыт берүүнүн жаңы моделин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, социалдык өнөктөштөр менен байланышты жакшыртуу. Колледждин кесипке багыт берүү борбору бекитилген пландын негизинде иш алып барат, ал калктын бардык топторуна, анын ичинде мектеп жашындагы жана бойго жеткен студенттерге түшүндүрүү иштеринин ар кандай формаларын камтыйт жана алардын келечектеги адистигин туура тандоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган
2021-ж. 23-апрелде КМТУнун политехникалык колледжинин 2021-2030 - жылдар аралыгына Өнүгүү стратегиясы бекитилген, анда колледждин миссиясы, стратегиялык максаттары жана милдеттери аныкталган. Колледждин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча деталдуу иш-чара пландары иштелип чыккан, ага ылайык ишмердиктин багыттары боюнча жылдык план иштелип чыккан жана бекитилген. Пландык жана отчеттук документацияларды даярдоо белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт. Анда колледждин миссиясын, стратегиялык максаттарын, милдеттерин аныктап, бардык багыттар боюнча иш пландоонун негизи катары пайдаланылат, бардык деңгээлдердеги максаттарды жана милдеттерди белгилөө жана колледждин стратегиясын, максаттарын жана уюштуруу структурасын жаңылоону эске алуу менен деталдуу иш планын түзүү.
Колледждин миссиясы, максаттары жана милдеттери колдо болгон ресурстарга: адам ресурстарына, билим берүү чөйрөсүнө (окуу-методикалык процесс, билим берүү технологиялары, окуу процесси) ылайык келет, финансылык жана маалыматтык ресурстар, университеттин инфраструктурасы (колледж анын бөлүмү болуп саналат), алар чогуу колледждин потенциалын камсыз кылат жана эмгек рыногунун талаптарын канааттандырат.
Колледждин өнүгүү стратегиясы башкаруунун бардык баскычтарын, негизги процесстерди жана келечектүү багыттарды камтыйт жана өзүнүн миссиясын ишке ашырууга багытталган.

