Тоо-кен технологиялык колледжи
Биздин колледжге кош келиңиздер!
Тоо-кен технологиялык колледжи - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин түзүмдүк бөлүгү. Тоо-кен технологиялык колледжи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясынын негизинде ачылган.
И.Раззаков атындагы КМТУнун Тоо-кен технологиялык колледжинде жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенишет. Колледжде интернет менен камсыздалган компьютердик класстар, лекциялык жана конференциялык залдар бар. Ар бир студенттин ийгиликтүү окуусу үчүн эң бир сонун китепкана фонду дагы каралган. Колледждин студенттери окуудан сырткары ар кандай спорттук мелдештерге катышышат, каалаган спорттун турү боюнча машыга алышат, бул үчүн ачык жана жабык спорт аянтчалары жардамга келет. Аймактардан келген студенттер үчүн жатакана дагы бар.

