Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу

   Ар бир билим берүү мекемесинин билим сапатынын эң маанилүү көрсөткүчү бул биринчи кезекте бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу жана алган адистиги боюнча кесиптик ишинин башталышы. Жумушка орноштуруу көйгөйү актуалдуу жана дайыма өркүндөтүүнү талап кылат. Натыйжалуу жумушка орноштуруу үчүн Филиал «Филиал - Бүтүрүүчү - Жумуш берүүчү» үч бурчтугунун алкагында иштей баштады. Билим берүүнүн сапатынын көрсөткүчүн аныктоо үчүн Филиал бүтүрүүчүлөргө болгон суроо-талапка жана жумуш берүүчүлөрдүн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгынын сапатына канааттануусун көзөмөлдөп турат.

   Филиал Чүй облусунун батыш аймагында, Кара-Балта шаарында жайгашкан. Шаар өнөр жайлуу. Региондун негизги милдети болуп эл аралык стандарттарга жана алдыңкы технологияларга ылайык, эң керектүү жана келечектүү адистиктер жана жумушчу кесиптер боюнча кадрларды даярдоо болуп саналат.

Жумушка орношуу объектилери

код

Адистин аталышы

Жумушка орношуу объектилери

080302

Коммерция (тармактар боюнча)

Дүң жана чекене соода ишканалары; жеткирүү, сатуу жана логистикалык бөлүмдөрүндө; ишканалардын жана уюмдардын экономикалык кызмат көрсөтүүлөрүндө; административдик кызматтарда.

130502

Газмунай түтүктөрүнүн жана газмунай сактоочу жайларын куруу жана иштетүү

ЖЧК «Газпром Кыргызстан» Чуйгаз Кара-Балта ЭГС филиалы, «Джунда» мунайды кайра иштетүүчү заводу, "Кара-Балта Таш" ЖЧКсы

140206

Электр станциялары, тармактар жана системалар

Кара-Балта ЖЭБ; Чүй облусунун ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин техникалык каражаттары жана тармактары үчүн электр менен жабдуу тутумдары; Электр подстанциялары, электр чубалгылары.

140212

Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)

«Түндүкэлектр» ААК бөлүштүрүүчү компаниясы: Москва БЭТ, Панфилов БЭТ, Жайыл БЭТ. Кара-Балта ЖЭБ; Чүй облусунун ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин техникалык каражаттары жана тармактары үчүн электр менен жабдуу тутумдары; Электр подстанциялары, электр чубалгылары.

190701

Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу

(аба транспортунан башка транспортторунун түрлөрү боюнча)

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын менчигинин ар кандай формасындагы автотранспорт комплексинин ишканалары жана уюмдары: автоунаа оңдоочу ишканалар; унаа кызматы; эксплуатацияга керектүү транспорттук жабдууларды, запастык бөлүктөрдү, тетиктерди дүң жана чекене соода ишканалары.

код

Даярдоо багытынын аталышы

Жумушка орношуу объектилери

580300

Коммерция

Дүң жана чекене соода ишканалары; жеткирүү, сатуу жана логистикалык бөлүмдөрүндө; ишканалардын жана уюмдардын экономикалык кызмат көрсөтүүлөрүндө; административдик кызматтарда.

640200

Электроэнергетика жана электротехника

«Түндүкэлектр» ААК бөлүштүрүүчү компаниясы: Москва БЭТ, Панфилов БЭТ, Жайыл БЭТ. Кара-Балта ЖЭБ; Чүй облусунун ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин техникалык каражаттары жана тармактары үчүн электр менен жабдуу тутумдары; Электр подстанциялары, электр чубалгылары.

700200

Техникалык системдерди башкаруу

ЖЧК «КомпСервис Плюс» (Кара-Балта шаары), ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин IT кызматтарында

630400

Нефти, газ иштери

ЖЧК «Газпром Кыргызстан» Чуйгаз Кара-Балта ЭГС филиалы, «Джунда» мунайды кайра иштетүүчү заводу, "Кара-Балта Таш" ЖЧКсы

670200

Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди иштетүү