Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Инженердик педагогика


 «Инженердик педагогика» кафедрасы

КМТУнин  "Инженердик педагогика" кафедрасы 1998-жылдан тартып 550 800 "Кесиптик окутуу" багыты боюнча «Кесиптик окутуунун педагогу» (инженер-педагог) квалификациясы менен даярдап жатат.  Кафедрада бул багыттын ичинде төмөнкү адистиктер боюнча окутуу жүргүзүлөт: Компьютердик технологиялар;  Транспорт каражаттарынын технологиясы;  Электр энергиясы;  ; Тамак-аш технологиясы; Кийим тигүү технологиясы; 

КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ар бир окуу жылы үчүн "Кесиптик окутуу" багыты боюнча 10 грант орун бөлүнөт жана контракттык келишим боюнча абитуриенттерди кабыл алат. Билим алуунун күндүзгү түрүндө окуу мөөнөтү - 4 жыл, аралыктан окутуу  түрү - 5 жыл.

 4 жылдык билим алуу учурунда студенттер эки багытта (педагогикалык жана техникалык) билим алып, заманбап өндүрүшкө ыңгайлуу, талапка жооп берген адистерди болуп чыгат.  Бул үчүн, кафедрада өз тармагындагы мыкты адистер эмгектенет, алар келечекте керектүү кесиптик ык-шыктарды жана интеллектуалдык маданиятты жогорку деңгээлде  калыптандырат.