Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


"ИНЖЕНЕРДИК ПЕДАГОГИКА" КАФЕДРАСЫНЫН

ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ

 1988-жылы, жалпы билим берүүчү мектептерге жана кесиптик орто окуу жайлары үчүн эмгекке жана кесипке окутуу мугалимдердин даярдоо максатында Фрунзе политехникалык институтунун Машине куруу факультетиндеги  "Meталл кесүү жана шаймандар" кафедрасынын базасында 03.02.  "Эмгек" адистиги ачылган.

Ал эми 1991-жылы өз алдынча "Инженердик педагогика" кафедрсы түзүлдү  жана кафедра башчылыгына  техникалык илимдеринин кандитаты доцент Кененсариев Кыдык Саякбаевич кызматка дайындалат.

1995-жылы университеттеги оптималдаштыруу иш-аракеттердин негизинде "Инженердик педагогика" кафедрсы "Машине куруудагы шаймандар жана жабдуулар" кафедрасы менен бирикти жана 1996-жылы кайра "Машина куруу өндүрүшүн автоматташтыруу" кафедрасы менен бирикен.

Кыргызстандагы кесиптик билим берүүнүн көп баскычтуу билим берүү системасына өткөндүгүнө байланыштуу, КТУ менен орто мектептер жана  техникалык окуу жайлар ортосунда келишим түзүлгөн.  Бул кесиптик жогорку жана орто техникалык окуу жайлар үчүн  инженердик-педагогикалык кадрларды даярдоо зарылдыгын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди.  Инженердик-педагогикалык багытында адистерди даярдоону улантуу  республикабыздагы бул адистик боюнча  муктаждыты чечкенге кошкон салымы болду.

1999-жылы КТУ нин Окмуштуулар кенешинин чечими менен  "Кесиптик окутуу" багытындагы адистерди даярдоо үчүн "Инженердик педагогика" кафедрасы кайрадан түзүлгөн. Кафедра башчысы болуп кайра Кененсариев К.С. шайланган.

1997-жылга чейин чыккан "Эмгек" адистиги менен  "эмгекке окутуу жана техникалык сабактардын мугалими" квалификациясы менен адистерди даярдаган болсо, 1998-жылдан баштап  504.501 "Кесиптик окутуу" (тармактар ​​боюнча) адистигин боюнча, "инженер - педагог" квалификациясы менен орто кесиптик окуу жайлар, колледждерде жана ЖОЖдордо техникалык  сабактарды окутуучу адистерди даярдап келет,  Кафедра жылдан-жылга инженер-педагогдорду даярдоодо адистиктин тармактары көбөйтүп келет.

Кафедра ачылгандан баштап анын калыптанып, өсүп-өнүгүүсүнө төмөнкү белгилүү окмуштуулар өз салымдарын кошуп келди: м. и. д., проф. Турусбеков Б. Т.,  п. и. д., проф. Уметов Т. Э., т. и. к., проф. Кененсариев К.С., п. и. д., проф. Акматкулов А. А.,  п. и. к., доц. Тажикова Б.Ш.,  п. и.к., доц. Алымкулов Ж. А., доц. Орокбаева Д.С.,  п. и. д., доц. Алимбеков А. А., п. и. д., проф. Аттокуров А. Т,  п. и. к., доц. Арзыкулова А.Т., т.и.к., доц. Дыканалиев К.М.,  п. и. д., проф. Асаналиев М.К.

Биздин студенттер  жогорку окуу жайдын, факультеттин жана кафедранын жашоосунда жана коомдук иштерде жигердүү катышып жатат.

Кафедра өз тарыхында өз адистиги боюнча эмгектенип жаткан 1000 ден ашуун бүтүрүүчүлөрүн чыгарды. Кафедранын бүтүрүүчүлөрү кесиптик билим берүү системасында педагогикалык иш-чараларды аткарып, ошондой эле Кыргызстанда, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө өндүрүштүн ар түрдүү тармактарында инженердик жана админстративдик кесипти аркалап келишет. Кафедранын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын ЖОЖда жана атайын кесиптик окуу жайларында алдынкы окутуучулардан эле болбостон, илимий иштер менен алектенип, илимий диссертацияларды жактап жатышат. 

Кафедраны 2019 ж. п. и. к., доцент Мамырова Мээрим Ишенбековна жетектеп келет. Азыркы мезгилде кафедранын профессордук-окутуучулар курамында: п.и.д., проф. Акматкулов А.А., т.и.к., доцент Дыканалиев К.М., доцент Жолдошов М.К.; ага окутуучулар   Бакиров Б.Ж., Абдусаматова Ж.К., окутуучулар Кененсариева Т.К.,  Калыйбаева М.К.  эмгектенип жатышат.

Кафедранын базасында 2020-жылдан тартып 550500 "технологиялык билим берүү" багыты боюнча "технология педагогу"квалификациясы менен Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептери үчүн технология педагогдорун даярдоо кайрадан башталды.

Маалымат алуу үчүн:

т. 56-15-86, e-mail: IP_214@mail.ru

кафедра башчы, п. и. к., доцент Мамырова Мээрим Ишенбековна