Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Эл аралык долбоор GIZ "Кесиптик окутуу магистри" (M.Ed.)»


2021-жылдан тартып "Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү" программасынын алкагындагы GIZ долбоору менен биргеликте И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, "Инженердик педагогика" кафедрасында европалык эксперттер проф. Михаэль Цебиш жана Франц Хорлахердин жетекчилиги алдында  550800 "Кесиптик окутуу" багыты боюнча "Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы" профили боюнча магистрлерди даярдоо жүргүзүлүп жатат.