Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын илимий -изилдөө иштери


ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Илимий иштер. Кафедрада илимий иштер төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

1. Кесиптик билим берүүнүн заманбап көйгөйлөрү. Заманбап кесиптик билим берүүнүн көйгөйлөрү, негизги багыттары жана өнүгүү тенденциялары билим берүүгө компетенттүүлүк мамиленин көз карашында каралат. Илимий иштин жетекчиси: т.и.к., доцент К.М. Дыканалиев. Жумушчу топтун курамы: кафедра башчысы п.и.к., доцент М.И. Мамырова, доцент М.К. Жолдошов, улук окутуучу Ж.К. Абдусаматова, улук окутуучу А.Д. Рабидинова. Окуу процессине киргизилген, 5 макала жарык көргөн.

2. Техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоо үчүн дуалдык окутуу системасынын технологиясын өнүктүрүү. Кыргыз Республикасында Германия, Сингапур, Дания, Швейцариянын дуалдык окутуу системасына кызыгуу артууда. Дуалдык билим берүү – кесиптик билим берүүнүн түрү (КББ), мында даярдоонун теориялык бөлүгү билим берүү уюмунун базасында, ал эми практикалык бөлүгү-жумуш ордунда өткөрүлөт.

            Долбоордун максаты-  кесиптик билим берүүнүн дуалдык системасын өнүктүрүү концепциясын жана анын элементтерин Кыргызстандын шарттарында пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктоо жана негиздөө. Илимий иштин жетекчиси: проф. М.К. Асаналиев. Жумушчу топтун курамы: т.и.к., доцент К.М. Дыканалиев, улук окуучу Б.Ж. Бакиров, окутуучулар Ж.Б. Саякбаева, Т.К. Кененсариева. Окуу процессинин илимий-изилдөө иштерине киргизилген. 82 макала жарык көргөн. Эл аралык конференцияларда 21 доклад жасалды.

Биздин кафедранын окутуучулары М.К. Жолдошов, Б.Ж. Бакиров, Ж.К. Абдусаматова аспирантурасын бүтүрүп, коргоого даярданууда. Кафедранын кызматкерлери жана аспиранттары жыл сайын Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө эл аралык жана Республикалык илимий-техникалык конференцияларга катышып, мезгилдүү илимий адабияттарда макала, монография түрүндө изилдөө материалдарын жарыялап турушат. Өткөн жылы "Кесиптик билим берүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөр: жумуштуулук, инновациялар жана туруктуулук" аттуу эл аралык илимий конференцияга катышышты, Бишкек, 2017; "Илим менен билимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары" эл аралык илимий-практикалык конференциясынын, Ульяново, 2016,  XI изилдөө эл аралык илимий-практикалык конференциянын, Чебоксары, 2017.

Студенттердин илимий иштерине өзгөчө маани берилет. Окутуучулардын жогорку илимий драрамети студенттерди илимий иштерге активдүү тартууга өбөлгө түзөт. Бардык мугалимдер СИИИди жетектейт. Жыл сайын студенттердин илимий өнүгүүсү боюнча конференциялар өткөрүлүп турат. Студенттердин, аспиранттардын жана жаш окумуштуулардын 58 илимий техникалык конференциясынын 1-туруна 12 доклад берилген.

Биздин студенттер Ж.А. Керимбаева, К.Ю.Ярных, Ш. Сырымбекова, Н.С.Тарасенко, А. Станбековаюридикалык Академиядагы "Уй-бүлөдөгү тарбия көйгөйлөрү", КРАО "Кыргызстандагы өнүгүүнүн глобалдык көйгөйлөрү" темаларына арналган ЖОЖдор аралык студенттик конференцияларга активдүү катышып,I, II, II, орундарды ээлешип, жогорку билим деңгээлин көрсөтүштү.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө окуу процессин өркүндөтүү боюнча ар түрдүү тематикалар боюнча квалификациясын жогорулатуудан өтүштү.

2014-жылы кафедранын окутуучулары К.М. Дыканалиев, М.К. Жолдошов, Ж.Б. Саякбаева Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен катар Германияда, Алма-Ата шаарында, Ташкентте, Бухарада жана Душанбеде "Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү-1, окутуучулардын аймактык тармагы" программасы боюнча семинарларга активдүү катышышты. Доценттер Дыйканалиев к.м., Жолдошов м. к ушул долбоорго ылайык Дрезден Техникалык университетинде (Германия) 160 саат көлөмүндө квалификациясын жогорулатуудан ийгиликтүү өтүштү. Келечекте магистрдик программаны иштеп чыгуу боюнча бул долбоорго активдүү катышуу мерчемделүүдө.

Кафедра К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети,Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Караганда мамлекеттик техникалык университети, Тажикстандын технологиялык университети, Тажик улуттук университеттери менен илимий жана методикалык иштерди жүргүзүп келе жатат.

Кафедрада илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда КМТУнун аспирантурасында психология-педагогикалык адистиктер боюнча 6 аспирант билим алууда. Кафедранын аспиранттары жана окутуучулары Кыргызстандагы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү конференциялардын  илимий иштерине активдүү катышууда.

Кафедра КМТУ-КТУ - ФПИнин жашоосунда дайыма активдүү позицияны ээлеп келген. Кафедранын жамааты ЖОЖдун жана факултеттин коомдук-саясий иш-чараларына активдүү катышып келе жатат.

Кафедранын илимий байланыштары

1 ИИИ формасы

2 ИИИ формасы

3 ИИИ формасы

Илимий конференцияда студенттердин катышуусу