Административдик-чарбалык бөлүм
АЧБнын негизги милдеттери жана функциялары
- Университеттин окуу корпустарында, жатаканаларында жана аларга жанаша жайгашкан аймактарда санитардык нормалардын сакталышын камсыз кылуу;
- Өткөрмө режимине көзөмөл жүргүзүү;
- Коомдук тартипти көзөмөлдөө;
- И. Раззаков атындагы КМТУнун мүлкүнүн сакталышын камсыз кылуу;
- Университеттин чарбалык ишмердигинде анын кызыкчылыктарына тиешелүү болгон бардык чечимдерди кабыл алууда документтерде белгиленген жол-жоболордун жана ыйгарым укуктардын аныкталышын жана сакталышын камсыз кылуу;
- Университеттин имараттарын жана курулмаларын авариясыз жана техникалык жактан туура пайдаланууну камсыз кылуу;
- Имараттарды жана курулмаларды жаңы окуу жылына жана күз-кыш мезгилиндеги эксплуатацияга сапаттуу даярдоону камсыз кылуу;
- Өндүрүштүк тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткаруу, ошондой эле эмгекти рационалдуу уюштурууну камсыз кылуу;
- Пландык-профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча пландарды иштеп чыгуу;
- Белгиленген талаптарга ылайык тазалоо, тартипке келтирүү жана объекттерди күзөтүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тышкы уюмдар менен келишимдерди түзүү жана зарыл документтерди тариздөө;
- Жабдууларды, материалдарды, самын-жуугуч каражаттарды жана инвентарларды сатып алууга жылдык жана учурдагы өтүнмөлөрдү түзүү;
- Нормативдик документтердин талаптарына ылайык техникалык жана отчеттук документтерди түзүү жана тариздөө;
- Университеттин имараттарын, курулмаларын, лабораторияларын, цехтерин, участокторун жана башка объекттерин курууда, модернизациялоодо жана реконструкциялоодо техникалык тапшырмаларды иштеп чыгууга катышуу жана долбоордук документтерди макулдашуу;
- Кызматтын кызматкерлерине колдонуудагы мыйзамдарга ылайык өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- Ички эмгек тартибинин эрежелерин, эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария жана өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди жана нормаларды сактоо;
- Өз компетенциясынын чегинде АЧБнын милдеттерине ылайык башка функцияларды аткаруу.

